2025-07-02
Кыргыз-өзбек инвестициялык фонду түзүлөт

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Өзбекстандын премьер-министринин орун басары, Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолугушту.
Талант Мамытов ЕАЭБдин ичиндеги тоскоолдуктарды жоюу тууралуу маселе көтөрдү

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусиядагы иш сапарынын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту.
Бүгүн Улуу Британия коронавируска каршы массалык эмдөөнү баштайт

Бүгүнтөн тарта Улуу Британия батыш мамлекеттеринин арасында алгачкылардан болуп коронавируска каршы жапырт эмдөөнү баштайт.
Эл аралык олимпиада комитети Беларусиянын Улуттук олимпиада комитетине бардык төлөмдөрдү токтотот

Беларусия президенти Александр Лукашенко Олимпиада оюндарына жана Эл аралык олимпиада комитетинин оюндарына киргизилбейт. Бул маалыматты Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах таратканын расмий сайты жарыялады.
Жогорку Сот Тарых музейи жана ипподром боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарды

Жогорку Сот Тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ат майданы боюнча мурдагы инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарды. Маалыматты Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев тастыктады. Ал: "Сот жактоочулардын келтирген өтүнүчүн канаттандырып, мурдагы инстанциялардын чечимдерин жокко чыгарды. Эми бул соттук иш райондук сот тарабынан кайра каралат", - деди.
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Москвага барды

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 6-декабрда Москвага иш сапары менен барды.
Артём Новиков Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 2020-жылдын 7-9-декабрында Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат.