2025-07-01
Адиль Турдукулов: Конституциялык реформага сөзсүз барышыбыз керек

Адиль Турдукулов кызуу талкууга жем таштаган Конституциялык реформа тууралуу өз пикирин "Фейсбук" баракчасынан билдирди. Ал Конституциялык реформага сөзсүз баруу керектигин айткан. Анткени, буга чейинки бийлик башында тургандар "парламентаризм" деп, элди алдап жашап келгенин жазган.
Нурсултан Кубанов: Натыйжалуу иштей албаган мектеп жана бала бакча мүдүрлөрү алмашат

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Нурсултан Кубанов "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Анын билдиришинче, 10-15 жылдан бери иштеп, бирок эч кандай натыйжа көрсөтпөгөн мектеп жана бала бакча директорлору 10 күндүн ичинде алмашат.
Анаркулов: Конституциянын долбоору коомчулук жана эксперттердин пикирин эске алуу менен толукталат

Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан иштелип чыккан Конституциянын долбоору коомчулук менен эксперттердин пикирин эске алуу менен толукталып иштелип чыгат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов билдирди.
Жакында кыргызстандыктар жалпы жарандык биометрикалык паспорттор менен камсыз болушат – УКМК

Жакында кыргызстандыктар жалпы жарандык биометрикалык паспорттор менен камсыз болуп, визалык чектөөлөр алынат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Бишкектин медициналык тез жардам кызматына алты унаа тапшырылды

Бишкек шаардык мэриясынын социалдык саясат боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева шаардык тез жардам кызматына А класстагы алты жаңы тез жардам унаасын тапшырды. Орусияда чыгарылган «Соболь» унаалары жалпы тез жардам бригадасына арналган. Алар бардык керектүү дарылоо-диагностикалык жабдуулар менен: бейтапты кычкылтек менен камсыз кылуу, электрокардиографтар, небулайзерлер, дары-дармектерди сактоочу чемодандар менен жабдылган.
Жалал-Абадда "Бакыт" борборунун жугуштуу оорулар бөлүмү убактылуу жабылды

Жалал-Абад облустар аралык ден соолукту калыбына келтирүүчү "Бакыт" борборундагы 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар бөлүмү убактылуу жабылды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
“Москва премьерасы” кинофестивалында эки кыргызстандык тасма сыйлык алды

Орусияда өткөн “Москва премьерасы” кинофестивалында “Шамбала” жана “Селкинчек” тасмалары сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.