2024-12-23
Эксперттен энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштар
Электроэнергетика тармагы шаарлардын өнүгүүсүн камсыз кылган негизги тармак болуп эсептелет. Азыркы учурда үй тиричилигинде болобу, же жумушта болобу, электр энергиясыз жашоону элестетүү мүмкүн эмес. Тилекке каршы бул тармак, акыркы жылдары өлкөдө керектүү мыйзам актыларын кабыл алуудагы кетирилген кемчиликтерден улам кейиштүү абалда турат. Бул абалдан чыгуу үчүн, жакынкы аралыкта өнөр-жай ишканаларынын кубаттуулуктарында тоо-кен казып алуу тарифин (крипто-валюта) кабыл алып, тездик менен энергетика министрлигин түзүү керек.
Бул кантип ишке ашат? Мисалы, республиканын ар бир аймагында Советтер Союзу убагында курулган бирок, бир нече жылдан бери колдонуудан чыгып, иштебей турган ири кубаттуулуктагы ишканалар бар. Мына ошондой ишканаларга криптовалюта казып алууну каалаган инвесторлорду тартуу керек. Токтоп турган ишканалардын жумушу кайрадан жандана турган болсо, биринчиден жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине кошумча салык кирешелери түшүп баштайт. Бул инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жер-жерлерде кошумча жумуш орундарын жаратууга шарт түзөт. Тоо-кен тармагын электр энергиясы менен камсыздоо үчүн ар кандай түрдөгү кабелдер, трансформатор ж.б сыяктуу жабдыктарды сатып алуу керек. Мындай түрдөгү товарларды ташып келүү өз кезегинде Кыргызстандын чек арасынан бажы процедуралары менен өтөт. Экинчиден, ири кубаттуулуктагы өнөр-жай ишканаларынын өз линиялары жана трансформаторлору бар. Демек, калкты энергия менен камсыз кылуучу компаниялардын электр энергиясынын сапатына таасирин тийгизбейт. Үчүнчүдөн, жалпы элге белгилүү болгон ЖЭБ жана Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы линиясын курууда, улуттук энерго компаниялар тарабынан алынган насыяларды төлөөгө олуттуу жардам болот.
Дагы бир көйгөйгө токтолгум келип турат. Мисалы, көптөгөн энергетикалык компаниялардын жетекчилери, улуттук энергетикалык холдингдин жетекчилигинин чечимдеринен улам колу-буту байланып калганын айтышат. Улуттук компаниялар - уставдарында белгиленген, өз карамагындагы маселелерди да чече алышпайт. Натыйжада бардык чечимдер, Улуттук Энергохолдинг менен макулдашылып, андан кийин гана кабыл алынат. Ишканалардын уставдары боюнча - ар бир ишкана бул чечимдерди өз алдынча кабыл алышы керек. Анткени, бул чечимдер иштин сапатына жана коомдук пикирдин калыптанышына олуттуу таасир тийгизет. Борбордоштурулган башкаруу корупцияны азайтат деген сөздөрдүн эч кандай негизи жок. Жыйынтыктап айтканда, энергетикалык компаниялардын иш-аракети чектелүү болгондуктан, көптөгөн 500 кВттан ашык кубаттуулукка муктаж, өз эсебинен линияларды курууну каалаган керектөөчүлөр айлап уруксат алууну күтүп, аягында көпчүлүгү негизсиз баш тартууларга дуушар болушууда.
Электр энергиясын бөлүштүргөн ишканаларда толук инвентаризация жүргүзүү керек. Себеби, 2019-жылы жүргүзүлгөн инвентаризация көптөгөн мыйзам бузуулар менен өткөн. Компаниялар өзү аткара турган иштерди жумушчулардын колу менен жасаган. Тагыраак айтканда компания жасай турган иштерди жумушчулар жасап, анан жыйынтыкты иш жүзүндө аткарышы керек болгон адамдарга өткөрүп беришкен. Бул жерде токтоло турган маанилүү жагдай, электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын жетекчилерин да алмаштыруу керек.
Кыргыз энергетикалык эсептөө борборунун (КЭЭБ) максаттуулугу боюнча да суроо жаралат. Бул уюм пайдалуу отпуск жана баланс боюнча бардык иштерди КЭЭБдин талабы боюнча өздөрү аткарат.
Электр энергиясынын тартыштыгын азайтуу үчүн энергиянын альтернативдүү түрлөрүн жана чакан ГЭСтерди өнүктүрүүнү тездетүү керек. Ири ГЭСтерди куруу азыркы учурда көптөгөн чыгымдарды талап кылат жана инвесторлордун баары эле биздин өлкөнүн шарттарына макул болбойт. Ал эми чакан ГЭСтерди болсо, жергиликтүү ишкерлер да курса болот. Курулуш иштеринде алынган милдеттемелерди жабуу үчүн өндүрүлгөн электр энергиясынын баасын улуттук энергетикалык станциялардын отпусктук тарифине жакындатуу керек же максимум 20%га жогорулатуу керек.
Бул тармактын алдыга жылышы үчүн эң башкысы өлкөдө туруктуулук жана бийликтин үстөмдүгү керек. Ансыз энергетика тармагын өнүктүрүү мүмкүн эмес. Учурда ар кандай кеп-кеңештерди айтып жаткан псевдо-эксперттерди айткандарына көңүл бурбаш керек. Анткени ошол эле эксперттер жооптуу кызматтарда иштеп жатканда энергетика ишканалары же чыгымга учураган же иштебей токтоп калган.
Энергетика тармагында реформаларды жүргүзүүдөн коркпош керек. Анткени, энергетика тармагынын өнүгүп-өсүшүн камсыз кыла ала турган мыкты адистер, жаш кадрлар жана тажрыйбалуу орто муун бар. Эгерде керексиз жана пайдасыз чечимдерди кабыл алуудан алыс болсок, бүтүндөй энергетика тармагын дотациядан алып чыгып, кирешелүү тармакка айланта алабыз.