AUCA the best 2

2024-12-23

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

АЙЖАН ЧЫНЫБАЕВА: Элдин экологиялык аң-сезимин ойгото алдык

Бишкек шаарынын вице-мэри, көптөгөн социалдык-экономикалык, экологиялык, эл аралык долбоорлордун демилгечиси жана жетекчиси Айжан Чыныбаева менен экологиялык темада маек курдук.

- Экологиялык долбоорлор тууралуу айтып берсеңиз?

- Акыркы 4 жылдан бери уюм катары калыптандык, ал эми “Таза Ысык-Көл” кыймылы болуп 6 жыл мурда түптөлгөн. Алгач, биз жамаатыбыз менен жакын жайгашкан Ала-Арча жана башка аймактарга барып жүрдүк. Тазалык иштери менен туруктуу алектенип баштагандан кийин таштанды маселеси менен эч кимдин иши жок экендигин түшүндүк. Ысык-Көлдөгү таштанды убакыттын өтүшү менен суунун астында калаары бизди көп ойлондурду. Бул көйгөйдү чечүүнү кимдир-бирөө колго алышы керек эле. Мен Фейсбуктагы баракчама бул тууралуу жазып, таштанды коомдун талылуу маселесине айланганын түшүндүм. Абдан көп кишилер жазышты. Экокыймылдын башында турганыма жана бүгүнкү күнү жакшы натыйжаларга жетишкендигибиз үчүн абдан сыймыктанам.

Ал кезде жогорку кызматта тургандардын таштанды териши түшкө кирбеген көрүнүш болчу. Узарбек Жылкыбаев колкап кийип алып таштанды тазалап, баарына үлгү көрсөттү. Аз убакыттан кийин Узарбек мырза башка аймакка которулуп кетти, а биз болсо аким Данир Иманалиев менен иштешип баштадык. Данир Белекович таштанды маселесине кайдыгер карабаган жана тазалык үчүн күйүп-бышкан жетекчи экендигин көрсөтө алды. Тилекке каршы, бул иштер үчүн атайын бюджет каралган эмес. Таштандыны тазалоо мамлекеттик деңгээлде колго алынышы керек. Ал эми ыктыярчылар жөн гана коңгуроо кагып коюшу мүмкүн.

Тазалык акцияларын көп өткөрүп жүрүп, бул аракетибиз жакшы натыйжа берип let's do it уюму кызматташууга чакырды. Абдан кубандым. Аталган уюмга мүчө болуп киргени, чет өлкөгө барып тазалык акцияларын туура уюштуруу жолдору менен таанышып, тренингдерге катышып келдим.

Алгач, жамаатым менен таштанды маселесин социалдык тармактардан көтөрө баштадык. Андан соң ММКлар жазып, белгилүү кишилер катарыбызга кошулуп, таштанды маселесин ар бир жарандын жүрөгүнө жеткирүүгө аракет кылдык. Президенттен баштап, премьер-министрге чейин ишембиликке катышып, мыкты үлгү көрсөтө алышты. Өлкө жетекчилери таштанды маселесин көтөрүп чыкканына абдан кубандым. Бул талылуу маселеге коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн бардык ыкмаларды ийгиликтүү колдондук деп ойлойм.

Быйыл болсо 19-сентябрь тазалык күнүнө карата иш-чараларды карантин эрежелери жумшаргандан баштап эле өткөрдүк. Бул жолу эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу башка өңүттө уланды.

Тазалык маселесинде жергиликтүү активисттер менен да тыгыз иштешебиз. Баткен, Кара-Балта, Жалал-Абад, Ош жана башка ири шаарларда атайын топтор бар. Ысык-Көл облусунда да жаштар уюмдары менен иштешип келебиз.

- Ал эми таштандыны кайра иштетүү жагы кандай абалда?

- Абдан маанилүү маселе. Мына ушундай жоопкерчиликтүү иштерди мамлекет мойнуна алып, аягына чыкпай жүрө берет. “Бул эч кимдики эмес, бул мамлекеттики” деген принцип менен эч ким жоопкерчилик алгысы келбейт. Алтургай, жөнөкөй жарандар да таштанды үчүн төлөгүсү келбейт. Көпчүлүк айыл өкмөттөрү менен байланышып калганда, төлөм чогултуу абдан кыйын болуп жаткандыгын айтып калышат. “Мамлекет төлөйт, мамлекеттики” деген түшүнүктөн арылышыбыз керек. Бул жерде ар бир жаран өзүнүн таштандысы үчүн өзү гана жооптуу жана өзү гана төлөөгө милдеттүү деген өңүттө мамлекеттик чоң программа иштелип чыгышы зарыл.

Жаңы полегон куруу үчүн 22 миллион доллар келген. Анын жарымы гранттык түрдө берилсе, жарымы насыя. Кайсы мэрдин тушунда келгенин билбей турам. Каражат алынганына абдан көп убакыт болду, бирок иш жүрүп жатканын көргөн жокмун. 22 миллион долларга эмне деген жумушту бүтүрсө болот. Ким бул боюнча отчёт берип жатат? Эч кандай маалымат жок. Полегон куруу боюнча тендерди белгисиз компания утуп алыптыр, кандай критерий менен жеңип чыкканы тууралуу да маалымат жок. Учурда Кыргызстанда бир дагы талапка жооп бере турган таштанды полегону жок. Мисалы, Ысык-Көлдөгү полегондордун 90 пайызы санкцияланган эмес. Бул таштанды ташталган жерлерде эч кандай коопсуздук чаралары каралган эмес жана калдыктар бүт көлгө сиңип жатканын айтып турат.

Өлкөдө санариптештирүү жакшы нукта жүрүүдө. Санарип технологиянын жардамы менен таштанды жүктөгөн унаалардын кайда бара жаткандыгын көрүп турууга болот. Муну менен бардык курулуш компаниялардын, тигүү цехтеринин жана башка ири ишканалардын таштандысын көзөмөлгө алууга шарт түзүлөт. Антпесе, мекеме-ишканалардын дагы жоопкерчилиги абдан төмөн. Коомду тартипке чакырууда санариптештирүүнүн ролу чоң. Бул багыттагы иштер жакын арада колго алынат деп ишенем.

Утилизация дагы чоң көйгөй. Муну чечүү оңой эле. Мисалы, желим бөтөлкөдө суусундуктун баасы менен кошо эле утилизация үчүн дагы нарк жазылышы керек. Жарандар суусундук сатып алганда, желим бөтөлкөнүн утилизациясы үчүн да биротоло акча төлөп кете берет. Мунун баары башка мамлекеттерде иштеп эле келе жатат. Биз асмандан алып же жок жерден ойлоп таап жаткан жокпуз. Таштандысы калбай калган өлкөлөрдү көрүп, суктанам. Алар тескерисинче, кайра иштетүү үчүн таштанды сурашат.

Таштандыны кайра иштетүү көптөн бери чечилбей келген, бирок чечүүгө муктаж маселе. Бишкек шаарынын мэриясында башталган иштин аягына чыкпай жатышынын себеби – мэр, вице-мэрлер жана жооптуу кызматтагылардын бат-баттан алмаша бериши биринчи себеби. Системдүүлүк жок. Чиелешкен маселени чечүү үчүн шаар тургундарына түшүнүктүү болгон генералдык план иштелип чыгышы керек. Ал ар бир жаранга жеткиликтүү жана ачык-айкын болушу кажет. Курулуп жаткан бардык курулуштар, салынып жаткан жолдор, дегеле бардык инфратүзүмдүк маселелер шаардыктардын талкуусунда болушу абзел. Азыркы шаардын генералдык планында шаарды өнүктүрүү боюнча көп кемчиликтер бар. Мисалы, айрым жерлерде бир гана унаа өтө алуучу жолго орун болсо, четиндеги бактарды кыйын же курулуштарды бузуп, эки унаага ылайыктап жол кура беришет. Бул урбанистиканын шарттарына да каршы келет. “Генералдык планда ушундай көрсөтүлгөн” дей беришет. Бул жерде жергиликтүү тургундардын кызыкчылыгы биринчи орунда болушу керек. Андан сырткары курулуш компаниялары боюнча да көп маселе бар. Айрым компаниялар каалаган жерине каалаган курулушту кура алышат. Ал эми кээ бир куруучулардын ишине тоскоолдук көп болот. Баарына бирдей система жок. Курулуш компаниялардын экологияга тийгизген зыяны да олуттуу көйгөй. Бул да көзөмөлгө алынган эмес. Бир курулуш куруу үчүн көп жылдык бак-дарактарды кыйып салышат. Ордуна башка көчөт отургузабыз, - деп кол шилтеп коюшат да, 10 дарактын жайына 2 көчөт эгилип калат. Жашылдандырууда да көп көйгөйлөр бар, бул нерселер мыйзам чегинде каралган эмес. “Кайра эле өсөт да” деген түшүнүктөн арылышыбыз керек. Анан, баары эле арча отургуза берет. Аллеяларды курууда да арча отургузган учурлар көп. Бизге көлөкөлөй турган, кычкылтек бөлүп чыгарган бак-шактуу дарактар керек. Азыркы мэр Азиз Суракматовдун демилгеси менен коомдук уюмдардын жана жарандык сектордук өкүлдөрү курамына кирген атайын комиссия түзүлдү. Ал жерде биз реалдуу көйгөйлөрдү көтөрүп, аны чечүү жолдорун сунуштайбыз. Белгилей кетсем, Азиз Суракматов чыныгы шаар куруучу экендигин көрсөтө алды. Ыраазычылык билдиргим келет.

- Ошол эле учурда тиешелүү кызматтар кыйылган дарактар карыган деген түшүндүрмөсүн берип келет...

- Биз буга чейин дагы социалдык тармактарда бул боюнча көп айтып келдик. Тирүү, жашап жаткан дарактар да көп кыйылып кетип жатат. Авариялык абалдагы дарактар дагы бар, бирок өтө аз. Бир катар адистер менен атайын көрүп да чыкканбыз. Көпчүлүк учурда жеке кызыкчылыктар үчүн эле кесип салышат. “Бир дарак үчүн айланып өтүү керек”, - дешет. Айланып өткүлө дейм. Башка өлкөлөрдүн табиятка болгон мамилесин көрүп, суктанасың. Бак өсүп турган жерге курулуш курса дагы, ага зыянын тийгизбейт. Бизде болсо кыйып салганды оңой көрүшөт. Тилекке каршы, зордук-зомбулук күч алган өлкөдө бак-дарактын жашоосу эч кандай мааниге ээ эмес. Эң негизгиси – керектөөчүлүк мамилени өзгөртүшүбүз керек.

- Аймактарда тазалык маселеси кандай?

- Тазалык, экология маселесин эми гана көтөрө баштаган кезде, аймактардын жетекчилерин кошуп, WhatsApp тиркемесинде атайын тайпаларды түзүп, баары менен байланыш курдум. Алгач көп активдүү катышпаганы менен убакыт өтүп бул маданият калыптана баштады. Азыр айылдын жашоочулары таштанды топтолуп калган жерлерди сүрөткө тартып, түз эле маалымат сайттарына жиберип үйрөнүп калышты.

Алгач тайпалар түзүлгөндө, баары бийликти күнөөлөп жаза баштады. Бул нормалдуу эле көрүнүш эле, анткени буга чейин бул көйгөйдү айтып алууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Тайпанын мүчөлөрү таштанды жаткан жерлерди сүрөткө тартып жиберип жатышты, биз мэрияга айтып 2 күндүн ичинде тазалатып турдук. Башында эч ким ишенбеди. Бара-бара баары бир пикирге келип, азыр конструктивдүү тайпага айланды. Учурда ар бири өзүнүн жасаган жакшы иштери менен бөлүшүп турат. Айлана-чөйрөбүздөгү бардык нерсе үчүн өзүбүз гана жоопкер экендигибизди түшүндүрүп, жарым жыл аракет кылдым. Буга да абдан чоң күч сарпталды.

Сиз тазалык менен иштеп баштагандан бүгүнкү күнгө чейин жалпы элдин ан-сезими өзгөргөнүн байкадыңызбы?

Быйыл Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде көп эл эс алган жок. Ал жак таза эле турат. Ал эми таза деген түштүк жээги таштандыга толуп калыптыр. Абдан кейиштүү көрүнүш. Кимдер эс алды, кантип эс алды? Артында ошончо таштандыны таштап кеткенге кантип ыйманы чыдады? Таптакыр интернет карабаган адамдарбы деп калдым. Ал эми интернет желесинде отурган адамдардын аң-сезими чын эле өзгөрдү деп айта алам. Экологиялык фонд же уюм түзөлү дедик эле, - деп кайрылгандар көбөйдү. Чет өлкөдөн келген коноктор дагы Кыргызстандагы тазалык тууралуу жакшы сөздөрдү айта баштады. Бул абдан кубандырат.

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2