AUCA the best 2

2024-12-23

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

АЙЖАН ЧЫНЫБАЕВА: Кыргыз ишкер айымдарын дүйнөлүк аренага алып чыгуу аракетиндебиз

Бишкек шаарынын вице-мэри, көптөгөн социалдык-экономикалык, экологиялык, эл аралык долбоорлордун демилгечиси жана жетекчиси Айжан Чыныбаева менен аялдардын ишкерлиги темасында маек курдук.

- Ишкер аялдарга да колдон келишинче жардам берип, аларга колдоо көрсөтүп келесиз. Пандемия бардык тармактарга, анын ичинде ишкерликке да катуу сокку урду. Мындай кырдаалда кандай жардам көрсөттүңүздөр?

- Пандемия учунда ишкер айымдарга колдоо көрсөтүү үчүн “Курак” аялдар форуму” коомдук бирикмеси Инстаграм социалдык тармагында бекер онлайн тренингдерди өткөрдү. Ал жерде психологдордун жардамы, тажрыйбалуу ишкерлердин кеп-кеңеши айтылды. Бул учурда эркектерге караганда аялдарга көбүрөөк кыйын болду. Үй зомбулугу күч алды. Ошондой эле, медайымдар жана аял дарыгерлерге да оңой болгон жок. Аларга да бейтаптар, үй-бүлө мүчөлөрү жана жетекчилиги тарабынан кандайдыр бир басым болуп, стресске кабылышты. Баарыбызга белгилүү, медайымдардын 90 пайызы кыз-келиндер. Биздин байланыш түйүндөрүбүздү билген аялдарга психологиялык жактан көбүнчө жардам берип жаттык. Пандемиянын эпкини абдан күч алганда, биз аймактарга бөлүнүп алып азык-түлүк, дары-дармек ташып жүрдүк. Жалпылап айтканда, аялдарга биздин бирикме моралдык жактан да, материалдык жактан да жардам көрсөттү.

Ал эми “Курак” аялдар форуму” коомдук бирикмеси 2011-жылы түптөлгөн. Ошол кезде Борбордук Азиядагы аялдардын форуму болуп, Отунбаева Роза Исаковна сөз сүйлөп, Кыргызстандын ишкер айымдарды тууралуу абдан жакшы кеп айткан. Биз 200дөй ишкер айымдар чогулуп, атайын бир платформа түзүүгө бел байлап, “Курак” аялдар форуму” коомдук бирикмесин түптөдүк. Бирикме 9 жылдан бери иш алып барууда. Бул аралыкта көптөгөн иш-чараларды уюштурду. Айыл чарбадагы, ишкерликтеги, жеңил өнөр жайындагы аялдарды колдоо боюнча көп долбоорлор ишке ашырылды.

Аймактарды кыдырып, тренингдерди өтүп каржылык сабаттуулук боюнча көп билим бердик. “Устат жана шакирт” долбоору да бар. Мында тажрыйбалуу ишкерлер 3-4 ишкерликти жаңыдан баштагандарга устат катары жол көрсөтөт. Менин дагы 3-4 шакиртим бар. Биз тарбиялаган шакирттер өз ишинде өзгөчөлүгүн көрсөтүп, коңшу мамлекеттерде ошондой эле, Орусияда дагы Кыргызстандын ишкер айымдарын жакшы жагынан таанытып келишет. Өзүм индиялык, орусиялык ири уюмдардын мүчөсүмүн, Евразиялык аялдар саммитин Кыргызстанга алып келдим, Шанхай кызматташтык уюму жана башка көптөгөн эл аралык уюмдар менен кызматташабыз. Бул кыргыз ишкер айымдарын дүйнөлүк аренага алып чыгуу аракети.

- Көп жылдардан бери өнүгүү, позитивдүү маанайдагы жана ишкерлик боюнча тренингдерди өткөрүп келесиз. Азыркы учурда натыйжасыз тренингдер абдан көп болуп кетти, сиздерде кандай?

- Биз өткөргөн тренингдерде жөн гана катышып коюп кетип калуу деген жок. Кайтарым байланыш сөзсүз болот. Катышуучулар кадимкидей экзамен тапшырат, бул үчүн атайын адистер дайындалат. Алар тренингден алган билимине жараша грант алышат. Ошондуктан, биз өткөргөн тренингдердин натыйжасы жакшы.

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2