AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

АЙЖАН ЧЫНЫБАЕВА: Бала кезден ыктыярчы болуп өстүм

Бишкек шаарынын вице-мэри, көптөгөн социалдык-экономикалык, экологиялык, эл аралык долбоорлордун демилгечиси жана жетекчиси Айжан Чыныбаева кайрымдуулук жана ыктыярчылык иштери боюнча төмөнкүлөрдү айтат. 

Сүрөт: Sputnik Кыргызстан

- Табиятыңыздан кайрымдуу инсан болсоңуз керек...

- Мен бала кезден эле ыктыярчы болуп өстүм. Ал учурда “Тимурчулар” кыймылы бар эле. Улуу ата мекендик согуштун ардагерлерин таап, аларга үй тиричилигинде жардам берчүбүз. Бир ардагер чоң энеге жардам берип жүрдүм. Идиш-аяк жууп, үй жыйнап жатып, канчалык пайдалуу жана сооп иш кылып жатканым үчүн өзүм менен өзүм сыймыктанчумун. Союз мезгилинде баалуулуктар да өзгөчө болчу.

Андан соң, АКШда аялдар үчүн кризистик борбордо 3 ай ыктыярчы болуп иштедим. Мага ал жактагы борборлордун иши, аялдарды колдоо боюнча мамлекеттик программасы өзгөчө жаңылык болду. АКШдан келгенден кийин Борбордук Азиядагы Америка университетине тапшырдым. Анда дагы ыктыярчылык сезимдер ойгонуп, базарларды кыдырып каражат топтоп, балдар үйүнө алып барып жүрдүк. Окуу жайды бүткөндөн кийин борбор калаадагы отелдердин биринде иштеп калдым. Ал жерде Ротари клубдун иши менен тааныштым. Бул эл аралык уюмдун өкүлдөрү менин жүрөгүмө жакын ишмердүүлүк менен алектенерин көрүп, 2007-жылы алардын катарына кошулдум. Бул аралыкта абдан көп иштер жасалды. Военно-Антоновкада эки ири чеберчилик борбору, социалдык жатакана, дааратканалар курулду.

Тажрыйба топтоп, мен аталган клубдун президенти болдум. Ар бир жетекчи алдына өзгөчө тапшырмаларды коюп, план мерчемдейт. Мен ошондо жан дилим менен жакшы көргөн “Уй белек кыл” долбоорун ишке ашыргам. Жалпы 120 уйду социалдык кызматтар жана жергиликтүү айыл өкмөттөр аркылуу колу жука үй-бүлөлөргө таратып бергенбиз. Ага кошумча, сүт тарта турган машина дагы белек кылганбыз. Бул долбоор бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат. Коомго кызмат кылуу – менин тагдырым деп билем.

Ошондой эле, балдар үйүндөгү ата-энеси миграциядагы балдар менен да көп иштеп келебиз. Аталган мекемелердин жетекчилери мага таарынбай эле коюшсун, бирок ал жердеги шарт начар эле абалда калууда. Зордук-зомбулук да жок эмес. Айрым балдар үйүндө мисалы, 30 балага 40 адис иштейт. Жумуш экономикалык жактан да туура эмес түзүлгөн. Аз айлык алган адистер балдарды жакшы карабайт да. Ушундай шартта өскөн балдар бакма болуп чоңоюп калышат. Кудум баары ага милдеттүүдөй болуп калышат. Ошондуктан, өлкөдө балдар үйүнүн болбогону жакшы.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2