2024-11-01
Түрмөк
Бишкектеги шайлоо тилкелеринде орун алган мыйзам бузуулар
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов маалымат жыйын учурунда шайлоо тилкелериндеги мыйзам бузуулар туурасында айтып берди.
Бишкекке Sinopharm вакцинасынын 1 млн ашуун дозасы келди
Кыргызстанга бүгүн, 11-июлда коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын кезектеги партиясы алынып келди. Вакцинаны өткөрүп берүү иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
Шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча акыркы маалыматтар
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо маалында добуш сатып алуу боюнча 11, шайлоочуларды ташуу боюнча 3, үгүт иштеринин бузулушу боюнча 3 факты катталды. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин тергөө кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Султан Макилов билдирди.
Боомдо балдарды ташып келе жаткан автобустар жол кырсыгына кабылды
Бишкек - Торугарт унаа жолунун 128-чакырымында (Боом капчыгайы) балдарды ташып келе жаткан автобустардын катышуусунда жол кырсыгы катталды.
Чек ара кызматы: Тажик аскерлери күтүүсүз жерден кол салышкан
Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкеси туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.
Бишкекте коомдук транспортто тазалоо жана санитардык рейддер жүргүзүлүүдө
Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспортто коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштү күчөтүлгөн тартипте улантууда.
Чек ара кызматы: Тажик чек арачылары бир кыргыз аскерин кармап кетишкен
2021-жылдын 8-июлунда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу учурунда КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын бир аскер кызматкери тажик чек арачылары тарабынан кармалып, Тажикстандын аймагына жеткирилген. Бул тууралуу КР УКМкнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирет.
Токиодоги олимпиадалык мелдештер көрүүчүлөрсүз өтөт
23-июлда Япониянын баш калаасы Токио шаарында баштала турган олимпиадалык мелдештер көрүүчүлөрсүз өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Олимпиада иштери боюнча министри Тамаё Марукава билдирди.
Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан кыргызстандык аскер курман болду
Тажик чек арачыларынын Кыргызстандын чек ара кезметине куралдуу кол салуусунан КР УКМКнын Чек ара кызматынын жоокери – 1994-жылы туулган сержант Хуснидин Хожиев курман болду.
Кыргыз-тажик чек арасында аскерлер ортосунда ок атышуу орун алды
2021-жылдын 8-июлунда саат 17:00 чамасында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара мекемелеринин аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу орун алган. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирет.
Шайлоо штабы: Бишкектеги бардык шайлоо тилкелери даяр
Бишкек шаарынын мэриясында 2021-жылдын 11-июлунда боло турган Бишкек шаардык кеңешине кайрадан шайлоого даярдык көрүүдө Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясына жана Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Ташиев: Сооронбай Жээнбековго карата бир дагы кылмыш иши жок
Азыркы учурда Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбековго карата бир дагы кылмыш иши жок. Бул тууралуу брифингде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Ташиев: Орхан Инандыны кыргыздын жараны менен салыштырбагыла
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев соңку күндөрдө орун алган окуялар боюнча суроолорго жооп берди. Ага Орхан Инандынын уурдалышы боюнча бир нече суроолор берилди.
Жапаров коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбооруна кол койду
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Аламүдүн районунда талаа күйүп жатат
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Заречный айылында талаа күйүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Кыргызстанда абанын жылуулугу +41 градуска чейин ысышы мүмкүн
2021-жылдын 7-июлунан 8-июлуна чейин Кыргызстанда ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстандын аймагында “Нелегал-2021” рейди өтүүдө
Кыргызстандын аймагында “Нелегал-2021” рейди өтүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
«Аалым Чубак ажы Жалилов» атындагы мечиттин ачылышы болот
2021-жылдын 16-июлунда Жалал-Абад шаарында КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университитети дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган «Өчпөс өмүр» аттуу илимий конференция уюштурууда. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Бакашова: Кытайдан келе турган вакциналар убактылуу эмдөө пункттарына таратылат
Ушул жума аягында Кыргызстанга Кытайдан келе турган коронавируска каршы вакциналар убактылуу эмдөө пункттарына таратылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Бишкекте өткөн брифингде билдирди.
Өзбекстандын премьери латын арибине өтүү ишин тездетүүнү тапшырды
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бардык министрликтерге, мекемелерге, уюмдарга, ошондой эле Каракалпакстандын Министрлер кеңеши менен облустук акимчиликтерге латын арибинин негизинде түзүлгөн өзбек алфавитин киргизүү иштерин тездетүүнү тапшырды.
Баткен облусуна "Ден соолук кербени" барды
"Ден соолук кербени" жети мобилдүү клиникалары Баткен облусунун Лейлек районунан өз ишин баштады.
Жыл башынан бери 1,3 миңден ашуун аткезчилик фактылары аныкталды
Мамлекеттик бажы кызматы аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмдөрүнүн 2021-жылдын 1-жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.
Баштапкы капиталы 16 млн долларлык Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду иштей баштайт
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Өзбекстан Twitter, TikTok жана "ВКонтакте" соцтармактарынын ишин чектеди
Өзбекстандын Маалыматташтыруу жана телекоммуникация чөйрөсүн көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясы социалдык тармактардын ишин чектеп, муну алардын жеке маалыматтарды иштеп чыгууда мыйзам бузууларга жол бергендиги менен негиздеди.
«Түндүкэлектр» дебитордук карызы бар 6,1 миң абонентти аралыктан өчүрөт
2021-жылы 6-июлдан тартып «Түндүкэлектр» ААК дебитордук карызы бар 6,1 миң абонентти аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Түркмөнстанда калктын саны кескин азайганы кабарланууда
Түркмөнстанда туруктуу жашаган жарандардын саны 1980-жылдардагы деңгээлге чейин төмөндөп, 2,7 миллионго түштү. Бул тууралуу centralasian кызматы маалымдайт.
#Greenchallenge: Бишкекте бир бакты сугар акциясы башталды
Бишкекте бир бакты сугар акциясы башталды.
ИИМде жергиликтүү шайлоолорго байланыштуу кеңешме өттү
Үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда ички иштер министри Улан Ниязбеков 2021-жылдын 11-июлунда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайра шайлоого байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кызматкерлердин саламаттыгын сактоо багытындагы ишмердүүлүктү күчөтүү боюнча ИИОнун бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Дополнительный вступительный экзамен в АУЦА
Успейте зарегистрироваться на дополнительный вступительный экзамен до 11 июля, 17:00 включительно.
Чүй облусунун сотунун судьясы Оңолбеков кызматтан алынды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу Оңолбеков Дамирбек Мадылбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, Чүй облустук сотунун судьясы ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.