2025-05-13
Түрмөк
Баткенди калыбына келтирүүгө республикалык бюджеттен 700 млн сом бөлүнөт

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Баткен облусун калыбына келтирүүгө бюджеттен 700 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу парламенттин жыйынында экономика жана финансы министринин орун басары Айдин Шаршеев билдирди.
УКМК: “Карвендин" негиздөөчүсү Генрих Балян алдамчылыкка шектелип кармалды

Алдамчылык фактысы боюнча "Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын ээси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
Кыргызстандан инвестициялардын чыгып кетүү агымы 16 пайызга көбөйдү

2021-жылдын январь-мартында 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 16,0 пайызга көбөйдү жана 479,1 млн. АКШ долларын түздү. Муну менен бирге, чыгып кетүү агымы келип түшүү агымынын деңгээлинен 367,0 млн. долларга ашты.
Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд 933,6 млн долларды түздү

2021-жылы 30-апрелге карата Кыргызстандын мамлекеттик карыздын көлөмү (тышкы+ички) 4 млрд 933,6 млн АКШ долларын (418 млрд 322,79 млн сом) түздү.
Бишкекте ысык суу 17-июндан тарта бериле баштайт

Бишкекте ысык суу 17-июндан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстанда ыктыярчылар үчүн электрондук портал ишке киргизилди

СOVID-19 пандемиясынын алкагында ыктыярчылар үчүн электрондук портал ишке киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Айсулуу Тыныбекова UWW дүйнөлүк рейтингинин сап башына чыкты

Айсулуу Тыныбекова UWW дүйнөлүк рейтингинин сап башына чыкты. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында жарыяланды.
УКМК Абхазиядан автоунааларды мыйзамсыз ташыган схеманы аныктады

Абхазиядан мыйзамсыз жол менен автоунааларды ташып келүү схемасы аныкталды, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
Кыргызстанда 12 миңге жакын ишкана иштейт, анын 94 пайызы чакан ишканалар

Кыргызстандын аймагында 2021-жылдын январь-март айлары аралыгында 12 миңге жакын ишкана иштеди, анын ичинен 94% чакан ишканаларга туура келди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет.
Калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү акциясы

Юстиция министрлиги “Тилектештик автобусу” акциясы аркылуу калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча ишти жандандырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Сауд Аравиянын ТИМ башчысы Кыргызстанга келүү ниетин билдирди

2021-жылдын 14-июнунда Сауд Аравия падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим Аль-Ради Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Түркияда Ч.Айтматов, ал эми Кыргызстанда Ю.Эмре атындагы маданий борбор ачылат

Түркияда Чынгыз Айтматов атындагы маданий борбор ачылат. Бул тууралуу "Биринчи радионун” түз эфиринде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев билдирди.
Улан Алымканов "Алай" футбол клубуна жетекчи болуп дайындалды

Акматбек Сүйүмбаев атындагы Ош шаардык стадионунун жана "Алай" футболдук клубу муниципалдык ишканасынын жаңы директору болуп Улан Алымканов дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Кадамжайда 9,3 млн сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды

Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан жеке менчикке өтүп кеткен 9 млн 349 миң 450 сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
Төрөбай Зулпукаровдун диплому жасалма экени аныкталды

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин аяктаганы жөнүндөгү диплому жасалма болуп чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин УКМКга берген жообунда айтылат.
Акшумкарлар Мьянманы 8:1 эсебинде жеңди

Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында бүгүн, 11-июнда өткөн Кыргызстан менен Мьянманын беттешинде «ак шумкарлар» атаандаштарын 8:1 эсебинде жеңди.
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы бекеттер убактылуу жабылат

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
ИДП көлөмү 215 млрд сомду түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,6%га аз

Кыргызстанда 2021-жылы январь-май айларында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 215 млрд сомду түзүп, 2020-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 1,6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттеги маалымат жыйынында статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.
Кыргыз-афган мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды

Кечээ, 10-июнда КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Афганистан элчиси Бисмеллах Вазирини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстанда 5 айда инфляциянын деңгээли 4,8%ды түздү

2021-жылы январь-майда (2020-жылдын декабрь айынан бери салыштырганда) керектөө баалары жана тарифтер (инфляция) жалпы республика боюнча 4,8%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттеги маалымат жыйынында статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.
Мыйзамсыз баюу. УКМК Түштүк-Батыш бажысынын башчысын кармады

КР Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Марипов: Мамлекеттик ипотекалык компания «ортомчулук» кылуудан четтеши керек

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Менин үйүм 2021-2026» жаңы турак-жай программасын талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
«Кумтөр» иши. Нарымбаев менен экс-депутат Баатырбеков камакка алынды

«Кумтөр» иши боюнча мурдагы жогорку кызмат адамдарын кармоо улантылууда, - деп маалымдайт УКМКнын басма сөз кызматы.
Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форуму өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-июнда Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземине катышты.
Өзбекстанда депутат өлкөдөн бардык ЛГБТ өкүлдөрүн депортация кылууну сунуштады

Өзбекстан парламентинин депутаты, «Миллий тикланиш» («Улуттук кайра жаралуу») партиясынын лидери Алишер Кадыров ЛГБТ өкүлдөрүн жарандыктан ажыратып, өлкөдөн депортация кылууну сунуштады. Бул тууралуу Eurasianet басылмасы жазды.
Мунай затын сатуу тартибин бузгандыгы үчүн 5 май куюучу жайга айып салынды

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы контролдук иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 5 май куюучу жайга мунай заттарын сатуу тартибин бузгандыгы үчүн жалпы суммасы 175 миң сомго айып салды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
УКМК "Кыргыз темир жолунун" мурдагы директору Василий Дашковду кайрадан кармады

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын экс-директору Василий Дашков кайрадан кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Киевде айыл чарба тармагы боюнча кыргыз-украин бизнес форуму өттү

Кечээ, 8-июнда Украинанын Киев шаарында айыл чарба тармагы боюнча кыргыз-украин бизнес форуму өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстан ЕККУнун жаштар жана коопсуздук боюнча жыйынына теңтөрагалык кылды

Кыргызстан Европада коопсуздук келишим уюмунун (ЕККУ) жаштар жана коопсуздук боюнча Достор тобунун үчилтик форматындагы экинчи жыйынына теңтөрагалык кылды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.