AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Кыргызстанда 12 миңге жакын ишкана иштейт, анын 94 пайызы чакан ишканалар

Кыргызстандын аймагында 2021-жылдын январь-март айлары аралыгында 12 миңге жакын ишкана иштеди, анын ичинен 94% чакан ишканаларга туура келди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

unnamed-0901-1.jpg

Маалыматка ылайык, мында иштеп жаткан чакан ишканалардын дээрлик 60 пайызы өз ишмердүүлүгүн Бишкек шаарында жүргүзүшкөн.

2021-жылдын 1-апрелине карата Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтары боюнча, 423 миңге жакын жеке ишкер ишмердигин жүргүзүштү, бул өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу эки пайызга көп.

2021-жылдын январь-мартында чакан жана орто ишканаларда 78 миңден ашык адам иштеген, бул өткөн жылдын I кварталана салыштырмалуу 3% көп.

2021-жылдын январь-мартында чакан жана орто ишкердик субъекттер тарабынан өндүрүлгөн кошумча дүң наркынын көлөмү 38,2 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3 пайызга жогорулады. Мында ИДПнын көлөмүндөгү анын үлүшү өзгөргөн жок.

2021-жылдын январь-мартында чакан жана орто ишкердик субъекттеринин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 13,2 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 18 пайызга көп. Ошол эле учурда, өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндөгү алардын салыштырма салмагы 18% түздү.

Чакан жана орто ишкердик субъекттер тарабынан аткарылган подряддык иштердин көлөмү 2020-жылдын январь-мартына салыштырганда 40% көбөйдү.

Чакан жана орто ишкердик субъекттеринин дүң жана чекене сооданын, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун көлөмү 2021-жылдын январь-мартында 79,4 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9%га өстү. Мында анын республика боюнча жалпы көлөмүндө чакан жана орто ишкердиктин соода жүгүртүүсүнүн үлүшүнө 89%дан ашыгы туура келди, анын ичинен негизги үлүш (дээрлик 48%) жеке ишкерлерге туура келди.

Айыл чарбасында, дыйкан (фермердик) чарбаларын кошкондо, ишмердик жүргүзгөн чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан 2021-жылдын январь-мартында продукциялар 15,2 млрд. сомго же республика боюнча анын жалпы көлөмүнүн жарымынан көп өндүрүлгөн.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2