AUCA the best 2

2025-05-14

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Акшумкарлар Мьянманы 8:1 эсебинде жеңди

Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында бүгүн, 11-июнда өткөн Кыргызстан менен Мьянманын беттешинде «ак шумкарлар» атаандаштарын 8:1 эсебинде жеңди.

123ак.jpg

 

Биринчи таймда Кыргызстандын эсебиндеги биринчи голду Мирлан Мурзаевдин айып анятчасына чыгарып берген тобун башы менен киргизген Турсунали Рустамов 21-мүнөттө киргизди. Андан көп өтпөй 27-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов эсепти 2:0 кылды. Үчүнчү голду Фархат Мусабеков, ал эми төртүнчү голду Алимардон Шукуров 45-мүнөттө киргизди. Калыс ышкырыкты жаңыртар алдында бешинчи голду капитандык милдетти аткарып жаткан Мирлан Мурзаев эсепти 5:0 кылды.

Оюндун экинчи бөлүгүнүн 61-мүнөтүндө Мирлан Мурзаев, андан эки мүнөт өткөндөн кийин Абай Бөкөлеев гол киргизди. 69-мүнөттө Мьянманын Б. Хлайн аттуу оюнчусу эсепти 7:1 кылып өзгөрттү. Ал эми 79-мүнөттө Мурзаев эсепти 8:1 кылды.

Белгилей кетсек, Мьяманын 16 катар сандагы оюнчусу 24-мүнөттө эреже бузгандыгы үчүн кызыл айып кагазын алып, оюндан чыккан.

2019-жылы Бишкекте «ак шумкарлар» Мьянма менен ойноп, аларды 7:0 эсебинде жеңген. ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 99, ал эми алардын атаандаштары 139-орунда турат.

Дүйнө биринчилигине тандоо турунда Кыргызстан F тайпасында жайгашкан. Бул тайпада алдыда Япония курамасы келе жатат. Ал 7 оюн өткөрүп, биринде да жеңилген эмес. Бугүнкү оюнда жеңишке жеткен Кыргызстан экинчи орунга көтөрүлдү (10 упай). Андан кийин 7 беттеш өткөрүп, 10 упайга ээ болгон Тажикстан турат. Тайпада акыркы орундарды Мьянма (6 упай) жана Монголия (6 упай) ээлөөдө.

15-июнда Кыргызстан Япониянын курамасы менен ойнойт.

Кыргызстан курамасынын беттештери «КТРК Спорт», «Кыргыз Спорт ТВ» каналдарында жана Sportrecs платформасында көрсөтүлүүдө.

Возможно, это изображение (3 человека, люди стоят и люди занимаются спортом)

Возможно, это изображение (6 человек, люди стоят и на открытом воздухе)

Возможно, это изображение (3 человека и люди занимаются спортом)

Возможно, это изображение (1 человек, стоит, занимается спортом и на открытом воздухе)

Возможно, это изображение (12 человек и текст «мьянма VS кыргызскаяреспублик республика стартовый состав 17 боколеев александр крестинин алыкулов 21 мурзаев( (c) 7 22 мусабеков бернхардт рустамов 20 шукуров 5 дуйшобеков мищенко акматов 1 батырканов запасные: юсупов абдрахманов исраилов ахмедов маликов молдожунусов 22 KFU #RoadToQatar #RoadTo #akshumkar #бирелкебиркыял ркыял P kfu_kg»)

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2