AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Сауд Аравиянын ТИМ башчысы Кыргызстанга келүү ниетин билдирди

2021-жылдын 14-июнунда Сауд Аравия падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим Аль-Ради Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

08720-dce8e61f6a24.jpg

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министр Казакбаев дипломатиялык миссиянын башчысын кызматка дайындалышы менен куттуктап, ар бир тарапты кызыктырган ар кандай чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады.

Тараптар кыргыз-сауд мамилелерине эки тараптуу жана көп тараптуу форматта дагы кошумча динамика берүү жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү зарылдыгына токтолушту.

Ошол эле учурда, элчи И. Аль-Ради Сауд Аравия бийлигинин чечимине ылайык коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн кошумча чараларды көрүү максатында, быйыл Меккеге зыярат кылуу өз жарандарына гана уруксат берүү менен өтө тургандыгын айтты.

Өз кезегинде Казакбаев кыргыз тарап эпидемиологиялык кырдаалды эртерээк турукташтырууга үмүттөнүп, бул чечимге түшүнүү менен мамиле кыларын белгилеп, жогоруда айтылган маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдарга жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жеткирилет деп ишендирди.

Ошондой эле элчи Сауд Аравия падышалыгынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль Сауддун Кыргызстанга ушул жылдын июль айынын ортосунда келүү ниети жөнүндө маалымдады.

Бул иш-чаранын маанилүүлүгүн эске алып, министр Руслан Казакбаев кыргыз тараптын Сауд Аравия падышалыгынын Тышкы иштер министрлигинин башчысын кабыл алууга даяр экендигин билдирди.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2