2025-05-13
Түрмөк
Кыргызстан жана Азербайжан Дипломатиялык академияларынын ортосунда меморандумга кол коюлду

Кечээ, 2-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев расмий иш сапарынын алкагында Азербайжан Тышкы иштер министрлигине караштуу Азербайжан Дипломатиялык академиясы университетинин ректору – Азербайжан тышкы иштер министринин орун басары Хафиз Пашаев менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
УКМК төрагасы Ташиев ден соолугуна байланыштуу чет өлкөдө жүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев ден соолугуна байланыштуу чет өлкөдө жүрөт. Маалыматты агенттикке УКМКнын маалымат кызматынан тастыкташты.
БШКнын төрайымы болуп кайрадан Нуржан Шайлдабекова шайланды

КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) төрайымы болуп кайрадан Нуржан Шайлдабекова шайланды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.
IQOS был создан, чтобы улучшить и изменить табачную индустрию

После официального открытия IQOS в Кыргызстане, наша редакция взяла эксклюзивное интервью у Главы Philip Morris в Центральной Азии - Хуана Карлоса Эскобара. В беседе он поделился с секретами компании и рассказал об истории создания IQOS, его преимуществах по сравнению с обычными сигаретами. Также Хуан Карлос Эскобар подробно остановился на философии компании и рассказал о дальнейших задачах, которые стоят перед ним.
Салык кызматы жыл башынан тартып 259 миңден ашык электрондук патент берди

Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 2021-жылдын башынан тартып азыркы учурга чейин 609,1 млн сом суммасында 259 миң 268 электрондук патент берди. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы маалымдайт.
Баткенде медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө

Бүгүн, 2-июлда Баткен шаарында медицина кызматкерлери кесиптик майрамын салтанаттуу белгилеп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Евразия экономикалык комиссиясына Кыргызстандан 2 министр дайындалды

2021-жылы 30-июнда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен Евразия эокномикалык комиссиясына (ЕЭК) Кыргызстандан эки министр дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирет.
Бишкекте пульмонологдордон турган адистердин тобу түзүлдү

Профессор, Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев тарабынан жогорку тажрыйбалуу пульмонологдордун тобу даярдалып, атайын команда түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Бишкекте бир катар соцмекемелер карантинге жабылды

Бишкек мэриясынын башкармалыгы тарабынан социалдык мекемелерде коронавирус менен оорууга жол бербөө боюнча иштер өткөрүлүүдө, анын натыйжасында аларда оору катталган жок.
Москвада Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата конференция өттү

2021-жылдын 30-июнунда Москва улуттар үйүндө кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата Кыргызстандын Россиядагы элчиликтин колдоосу менен Москвадагы кыргыз диаспорасы уюштурган конференция болуп өттү.
Президент мыкты бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификаттарды» тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, салтанаттуу аземде билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификаттарды» тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Кошмок Коргонбаевдин үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз

Кыргызстандык белгилүү cүрөтчү, коюучу Кошмок Коргонбаев 2021-жылы 29-июнда дүйнө салды. Коргонбаев 1948-жылы 10-ноябрда туулган. Кыргызстандын кино коомчулугу Кошон Коргонбаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат. Кайрат кылыңыздар. Кошон Коргонбаевдин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. (Чыгармачылыктагы достору Кошон деп аташкан).
Чыңгыз Макешов Жогорку Кеңеште ант берди

Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Чыңгыз Макешов ант берип, депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.
Өзбекстанда мүнөт сайын 9 чарчы метр жер чөлгө айланууда

Өзбекстандын Илимдер академиясына караштуу Сейсмология институнун директору, география илимдеринин доктору Вахоб Рафиков өлкөдө чөлгө айланган жерлер көбөйүп жатканын билдирди.
Кыргызстан Future Policy Award 2021 сынагынын алтын сыйлыгына татыды

Кыргызстан Future Policy Award 2021 сынагынын алтын сыйлыгына татыды. Бул тууралуу КР Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Бишкекте 42 жаштагы окумуштуу Шерик Рыскулов коронавирустан каза болду

Кечээ, 29-июнда Бишкекте 42 жаштагы илимпоз Шерик Рыскулов коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Чек ара жаңжалында «Головной» каналында милдеттерин аткарган аскерлер Ысык-Көлдө кесиптештери менен жолукту

Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш кызматкерлери 28-29-апрелде Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал учурунда «Головной» суу бөлүштүрүү жайында өз милдетин так жана абийирдүүлүк менен аткарган КР ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчылары менен жолугушту. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Ошто курал жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Ош шаарынын аймагында ыкчам жол менен алынган маалыматтын негизинде жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө ок атуучу куралдар менен ок-дарыларды сактаган жашыруун жайды табышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
«Кыргыз темир жолунун» башкы директору болуп Азамат Сакиев дайындалды

Транспорт менен коммуникация министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп Алмаз Сакиев дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.
“Никотинсиз жана тамекисиз мектеп” сынагы жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин көмөгү, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык чөлкөмдүк бюросунун колдоосу менен уюштурулган “Никотинсиз жана тамекисиз мектеп” сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
ТАЦ АУЦА разработал Национальный план действий по противодействию ураганам и пыльно-песчаным бурям КР на 2021-2030 годы

Тянь-Шанский аналитический центр (ТАЦ) АУЦА является многолетним партнером Министерства сельского, водного хозяйства и развития регионов КР по изучению проблем в сфере деградации земель и подготовке национальных отчетов КБО ООН. Так, в 2018 г. ТАЦ АУЦА подготовил Национальный доклад по нейтральному балансу деградации земель в Кыргызской Республике. В 2019 г. ТАЦ с командой экспертов провели анализ причин деградации пастбищ в Суусамырской долине. В этом году АУЦА подготовил Национальный план действий по предупреждению и противодействию ураганным ветрам и возможным пыльно-песчаным бурям (ППБ) в Кыргызской Республике на период 2021-2030 годы.
Назначен временный президент Американского университета в Центральной Азии

Американский университет в Центральной Азии рад объявить о назначении временным президентом АУЦА доктора Джонатана Беккера. В течение многих лет он близкий друг АУЦА и член Попечительского совета университета.
Евро-2020: Бүгүн плей-офф баскычынын оюндары башталат

Футбол боюнча Европа чемпионатынын 1/8 финалына чыккан курамалардын оюндары бүгүн, 26-июнда, Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.
Министр Казакбаев Россиянын элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды

2021-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын КРдагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Замир Ракиев Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи болуп шайланды

Замир Ракиев Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы - муфтий болуп шайланды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди.
Бишкектин айрым жерлеринде газ жана ысык суу токтойт

Үстүбүздөгү жылдын 28-июнунан 9-июлуна чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жоюлдy

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматын жоюу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Оштун Түштүк кичи районундагы ички жолдор асфальтталууда

Ош шаарындагы Туран аймактык башкармалыгында эки ички көчөнү асфальттоо иштери жүрүп жатат.
Бишкек шаарында шайлоо штабынын кезектеги жыйыны өттү

Борбор калаанын муниципалитетинде 2021-жылдын 11-июлунда боло турган Бишкек шаардык кеңешине кайрадан шайлоого даярдык көрүүдө Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясына жана Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү.
Неберелерин жалгыз багып келген Кишим Нарбаева жардамга муктаж

Kereez Media "Үмүт шамы" долбоорунун алкагында жардамга муктаж, неберелерин жалгыз багып келген Кишим Нарбаева менен баарлашты. Кайдыгер эмес жарандарды көмөктөшүүгө чакырабыз.