AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Кыргызстан жана Азербайжан Дипломатиялык академияларынын ортосунда меморандумга кол коюлду

Кечээ, 2-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев расмий иш сапарынын алкагында Азербайжан Тышкы иштер министрлигине караштуу Азербайжан Дипломатиялык академиясы университетинин ректору – Азербайжан тышкы иштер министринин орун басары Хафиз Пашаев менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

1236_1.jpg

Тараптар биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, тегерек столдорду, илимий-практикалык конференцияларды, өз ара кызыкчылык жараткан ар кандай темалардагы семинарларды өткөрүүнү, КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын окутуучуларынын жана кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, бир семестрге (магистратура) студенттердин жана окутуучулардын академиялык алмашуусун, илимий жана усулдук адабияттар, басылмалар, окуу жана көрсөтмө куралдарын, маалыматтык материалдар менен алмашууну талкуулашты.

Министрге Х.Пашаевдин Азербайжан дипломаттарынын күнүмдүк китептеринин бири болгон, кыргыз тилине которулган «Бир элчинин манифести» китеби белекке берилди.

Тараптар эки өлкөнүн дипломатиялык академияларынын ортосундагы байланышты максималдуу түрдө активдештирүүнү, академиялык чөйрөлөрдүн биргелешкен иш-чараларын өткөрүүнү жана студенттердин алмашуусун түзүү жөнүндө макулдашты. Х.Пашаев КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректорун Азербайжан Дипломатиялык академиясы университетине келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын жана Азербайжан Дипломатиялык академиясы университетинин ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2