AUCA the best 2

2025-07-04

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Өлкөдө 1147 адамдан COVID-19 табылып, 11 бейтап көз жумду

Кыргызстанда 24-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 147 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг учурунда билдирди.

Толугу менен...

Зиядин Жамалдинов Ош облусунун башчысы болуп дайындалды

Жамалдинов Зиядин Исламович Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Толугу менен...

Акыркы суткада 1127 адамдан COVID-19 табылып, 10 бейтап көз жумду

Кыргызстанда 23-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 127 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг учурунда билдирди.

Толугу менен...

Тажикстан талкалаган Максаттагы мектеп 1-сентябрда ачылат

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 21-июлда эки күндүк сапар менен Баткенге барды. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган Максат айылында жергиликтүү тургундар менен жолугуп, кыйраган турак-жайларды калыбына келтирүү иштери менен таанышты.

Толугу менен...

Коронавирустун жаңы штаммы кооптураак. Вакцина жардам береби?

Акыркы бир жарым жылдын ичинде коронавирус дүйнөнү каптаган учурда дарыгерлер жана адистер тарабынан алгылыктуу иштер жасалды. Алардын эң маанилүү жетишкендиктеринин бири – вакцинанын чыгарылышы. Эксперттердин айтымында, учурда дүйнө жүзү боюнча 2 миллиарддан ашуун адам эмдөөдөн өттү. Бирок вирустун мутациясы менен кырдаал татаалдашууда. Дарыгерлер вирустун түп нускасы менен күрөшүүнү үйрөнүшсө, жаңы түрү биринин артынан бири пайда болууда. Алсак, колдо болгон вакциналар "дельта" штаммына каршы күтүлгөн жыйынтык бербей жатат.

Толугу менен...

ЕККУнун өкүлдөрү ИИМге техникалык жабдыктарды тапшырышты

2021-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун "ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Толугу менен...

Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту. Эмне түрткү болду?

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдайт.

Толугу менен...

Кыргызстанда 400 миңдей жаран коронавируска каршы вакцина алды

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алган жарандардын саны 394 932ге жетти. Алардын 101 миңден ашууну эки дозаны тең сайдырышты. Учурда өлкөдө вакциналардын 1 миллион 128 миңден көбүрөөк запасы бар. Бул 22-июль, таңкы саат сегизге карата маалымат.

Толугу менен...

Казакстандын президенти жана премьер-министринин телефон сүйлөшүүлөрү тыңшалып жүргөн

Уюшкан кылмыштуулуккка жана коррупцияга каршы күрөшүү борбору (OCCRP) Pegasus тыңчылык программасы менен Казакстанда уюлдук телефондору бузулуп, мыйзамсыз тыңшоого дуушар болгондордун тизмесин чыгарды.

Толугу менен...

Токиодогу олимпиада оюндарында Кыргызстандын желегин Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат

Токиодо 23-июлда, жайкы Олимп оюндарынын расмий ачылышында Кыргызстандын желегин ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат. Кыргызстандын курама тобунун капитаны болуп балбан Атабек Азисбеков дайындалган жана Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов желекти ага тапшырган. Бирок күрөш боюнча мелдештер 1-августтан тартып башталгандыктан, кыргызстандык балбандар Жапонияга 28-июлда жол тартат.

Толугу менен...

Токиодо Олимпиада оюндарынын алгачкы мелдештери башталды

Токиодо жайкы Олимпиада оюндарынын алкагындагы алгачкы мелдештер софтбол менен башталды. Шаршембиде Австралиянын жана Жапониянын аялдар командалары Фукусима стадионунда күч сынашты.

Толугу менен...

Акыркы суткада 1102 адамдан COVID-19 табылып, 9 бейтап көз жумду

Кыргызстанда 21-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 102 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг учурунда билдирди.

Толугу менен...

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугат

Бүгүн, 21-июлда президент Садыр Жапаров Бишкектеги резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу жазды. Анда "Ишенимдүү булактарынын билдиришинче, анда өткөн аптада бир катар талаш-талкуу, сын-дооматтан улам добушка коюлбай калган "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзам долбоорго байланыштуу сөз болот. Жапаровдун басма сөз кызматы бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн жок" деп жазат.

Толугу менен...

Пневмония болгондор өткөн жылга көрө 24%га көбөйдү

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин ыкчам маалыматтары боюнча, жалпы республика боюнча пневмония оорусуна чалдыгуулардын 16 миңден ашык учуру катталды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салшытырмалуу 24,3% га көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Толугу менен...

Дүйнөдөгү эң бай адам Жефф Безос жеке ракетасы менен космоско учту

Дүйнөдөгү эң бай адам, америкалык миллиардер Жефф Безос космосту багындырды. 20-июлда ал иниси Марк Безос, 82 жаштагы америкалык алгачкы аял авиаторлордун бири Уолли Фанк жана 18 жаштагы Оливер Деймен менен космоско учуп барып келди.

Толугу менен...

Бишкекте Курман айт намазы мечиттерде окулду

Бүгүн, 20-июлда, Бишкек шаарындагы имам Сарахсий атындагы башкы мечитте миңдеген шаар тургундарынын жана конокторунун катышуусунда Курман айт намазы эпидемиологиялык абалдан улам аралыкты сактоо менен окулду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Толугу менен...

Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоонун жыйынтыгы чыкты

Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы 17-18-июлда жыйынтыктоочу жыйын өткөрүп, Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Толугу менен...

Тажикстанга качкан оогандык кыргыздар кайра артка кайтарылды

Ооганстандан Тажикстанга кире качкан 345 этникалык кыргыз мал-жандыгы менен 17-18-июль күндөрү кайра өздөрү туруктуу жашаган Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Андемин айылына кайтарылды. Бул тууралуу Тажикстандын улуттук "Ховар" маалымат агенттиги жазды.

Толугу менен...

Ооган өкмөтүнүн жана талибдердин өкүлдөрү Дохада сүйлөшүү өткөрүштү

Ооганстан өкмөтүнүн жана "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Катардын Доха шаарында тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрдү. Тараптар "маселени тынч жол менен чечүүгө үмүт ойгонгону" тууралуу баяндама жасашты.

Толугу менен...

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2