AUCA the best 2

2025-05-18

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Муфтий кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев жалпы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

211108205613_n.730x0.jpg

Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, муфтийдин куттуктоосунда мындай деп айтылат;

"Ассалааму алайкум ва рохматулоохи ва барокаатуху!

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу бир тууган мусулман агайындар, аталар, апалар, ага-ини, эже-карындаштар!

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан бардык кыргызстандыктарды улуу Курман айт майрамы менен куттуктайм.

Кирип келген куттуу Курман айт майрамы баарыбызга жакшылыкты, молчулукту, токчулукту, бакубат жашоону алып келсин.

Бул күн сооп табууга, муктаждардын үй-бүлөсүнө кубаныч тартуулоого, жашоодон жапа чеккен бир туугандарыбызга, жетим-жесирлерге, улгайып калган ата-энелерге, колунда жок инсандарга, майыптарга кол сунууга, көмөктөшүүгө эң ыңгайлуу күн.

Урматтуу мекендештер!

Тилекке каршы, дүйнөлүк пандемиядан улам бул жылы дагы ажылык иши болбой калды. Мусулман бир туугандарыбыз бул күндөрү Арафат тоосуна барып, мамлекетибиздин тынчтыгын, элибиздин амандыгын Жараткандан жалбарып Алла Тааладан тилеп, дуба кылышаар эле. Кудайым буюрса кийинки жылкы Курман айтта ажылыкка баруу, Арафат тоосуна чыгуусуна ар бир момун мусулманга насип этсин.

Азыр деле өлкөдө эпидемиологиялык курч абал сакталып турат. “Ар бир жандын саламаттыгы аманат”. Кара тумоодон Жараткан Алла Таалам эртерээк чыгарып, дарыгерлер көрсөткөн эрежелерди так сактайлы. Ооруп жаткан бир туугандарыбызга Алла Таалам шыпаасын берсин.

Урматтуу мусулман бир туугандар!

Баарыңыздарды улуу Курман айт майрамында ынтымакка, сабырдуулукка, биримдүүлүккө жана кайрымдуу болууга чакырам. Элибизге ынтымак, биримдүүлүк, туруктуулук жана өлкөбүздө өсүп-өнүгүү болсун! Курмандык чалган момун мусулмандарыбыздын тилегин, дубасын Жараткан кабыл кылып, ырыскыларын кең кылсын!".

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2