2025-01-11
Түрмөк
Кыргызстанда 400 миңдей жаран коронавируска каршы вакцина алды
Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алган жарандардын саны 394 932ге жетти. Алардын 101 миңден ашууну эки дозаны тең сайдырышты. Учурда өлкөдө вакциналардын 1 миллион 128 миңден көбүрөөк запасы бар. Бул 22-июль, таңкы саат сегизге карата маалымат.
Эмделгендердин эсеби Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасында күнү-түнү жаңыртылууда.
Кыргызстандыктар негизинен Кытайдын Sinopharm компаниясынын вакцинасын алып жатышат. Азыраак өлчөмдө Орусиянын Sputnik-V препараты да бар. 22-июлдан тарта коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы да бериле баштайт.
Вакцина 18 жаштан өткөн жарандарга эки дозада акысыз сайылат. Аралыгы 21 күн болууга тийиш.
Кыргызстанда 2020-жылдын мартынан бери расмий эсепте 153 миңдей адамга коронавирус жугуп, 2200дөн көп бейтап көз жумду.