AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

ИИМде жергиликтүү шайлоолорго байланыштуу кеңешме өттү

Үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда ички иштер министри Улан Ниязбеков 2021-жылдын 11-июлунда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайра шайлоого байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кызматкерлердин саламаттыгын сактоо багытындагы ишмердүүлүктү күчөтүү боюнча ИИОнун бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

g59031732021293901_n.jpg

Маалыматка ылайык, кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

"Улан Ниязбеков алдыда өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоонун бардык жагдайларына токтолду. Шайлоого даярдануу учурунда мыйзамдуулукту сактоону, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоону, коомдук тартипти сактоону, шайлоо тилкелеринде шаймандары менен кайтарууга алууну, шайлоо тилкелеринде шайлоо бюллетендерин жеткирүү коопсуздугун бекем сактоону да тапшырды. Ал ошондой эле шайлоодо добуш сатып алууну, административдик ресурсту колдонууну жана шайлоо мыйзамдарын бузууну алдын алып жана ага бөгөт коюу максатында иш-чараларды колго алууну жана эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүүнү дагы тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министр сегиз тапшырма берди. Алар:

  • Жарандарга сервистик кызмат кылуунун сапатын жогорулатуу, милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердиги биринчи жетекчилер тарабынан көзөмөлгө алынып, жарандарга мамиле кылуунун сапатына көңүл бурулсун;
  • Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чараларына күчөтүлгөн негизде көңүл бурулуп, жол кырсыктарынын алдын алуу багытында пропаганда иштери күчөтүлсүн;
  • Кыргызстандын аймагына келип жаткан туристтерге сылык мамиле жасап, себепсиз токтотуудан, туристтик аймактарда алдын алуу боюнча кайгуул кызматтары натыйжалуу иштерди алып барсын;
  • Жергиликтүү бийлик органдары, медицина, өзгөчө кырдаал кызматтары менен бирге эл арасында эпидемиологиялык абалдын курчушуна түрткү болгон жагдайларга, адамдардын саламаттыгына көңүл кош мамилеге бөгөт коюу боюнча эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен түшүндүрүү иштери алып барылсын;
  • Коомдук тартипти сактап, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иштеринин солгундап кетишине жол бербөө максатында кызматкерлердин беткап тагынып жүрүшүнө, санитардык нормаларды так сактоолоруна ар бир жетекчи тарабынан катуу көзөмөлгө алынсын;
  • Кызматкерлер арасында туура түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эмдөөдөн өткөрүү иштери уюштурулсун.
  • Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда жана шайлоого чейинки үгүт иштеринде укук бузууларга бөгөт коюу, аныкталган мыйзам бузууларга катуу чаралары көрүлсүн;
  • Андан тышкары, кызматкерлердин саясатка жана шайлоого аралашуусуна жол берилбесин.

Учурда шайлоону таза жана жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча ИИМ менен БШКнын кызматкерлери координациялык топто ишмердүүлүгүн башташты.

Онлайн кеңешменин жыйынтыгы менен милициянын жогоруда аталган багыттарына байланыштуу кошумча пландар иштелип чыгып, аны аткаруу боюнча иш пландар белгиленди.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2