AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Чек ара кызматы: Тажик аскерлери күтүүсүз жерден кол салышкан

Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкеси туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

1480282_1_1541992971_730x0_730x0.730x0.jpg1480282_1_1541992971_730x0_730x0.730x0.jpg

Маалыматка ылайык, чек арадагы ок атышуудан каза болгон кыргызстандык сержант Х. Хожиевдин сөөгү Кыргызстанга окуя болгон жердин бийик тоолуу болгонунан улам «Жүк-200» менен Тажикстандын аймагы аркылуу бүгүн, 9-июлда алынып келинет.

КР УКМКнын Чек ара кызматы аскер кызматкери Кыргызстандын аймагында болгон атышуу учурунда курман болгондугун баса белгилейт.

Белгилей кетсек, тажик аскер кызматкерлери УКМК Чек ара кызматынын бир чек арачысын кармап, Тажикстандын аймагына жеткирилген. Аны мекенине кайтаруу маселеси эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө талкууланууда.

Мамлекеттик чек арадагы күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялоо максатында Башкы штабдын башчысы – КР УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары, полковник Курсанбек Бекташов Баткен облусуна учуп кетти.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 8-июлунда саат 17:00 чамасында КР УКМК Чек ара кызматынын атчан чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районунун Наумина ашуусуна жакын жерде кызматын өтөп жаткан, аталган багыттан Чашмагильдан ашуусуна карай кетип бара жатышканда Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн кол салууга кабылышкан. Натыйжада кыргызстандык аскер курман болду.

Алдын ала маалыматка караганда, Тажикстан тараптан да каза болгондор жана жараат алгандар бар.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2