Илон Маск Tesla компаниясындагы үлүшүн сатты

Илон Маск Tesla компаниясындагы үлүшүнүн бир бөлүгүн сатты. Бул тууралуу mir24.tv сайты билдирди.
Казакбаев Италиядагы кыргыздар менен жолукту

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италиянын Рим шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Рим, Болонья, Казерта, Неаполь, Кальяри, Сардиния, Флоренциядагы кыргыз диаспоралык бирикмелердин, ассоциациялардын жетекчилери жана активисттер менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Лейлек: Тажикстандын УКМКсы кыргызстандык жаранды кармап кеткен

УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандын күч органдары тарабынан кармалып кеткен жаран тууралуу маалымат таратты.
Марат Иманкулов Ооганстандагы кырдаал боюнча жыйынга катышты

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Индиянын Нью-Дели шаарында Ооганстандагы кырдаал боюнча үчүнчү аймактык диалог жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
Бүгүн кыргыз футболчулары Сингапурдун курамасы менен оюн өткөрөт

Бүгүн, 11-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Сингапурдун курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Бишкек мэри Беларустун Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Бишкек шаарынын мэриясында шаар мэри Айбек Жунушалиев Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.
COVID-19 боюнча статистика: 108 жаңы учур катталып, үч бейтап каза болду

Кыргызстанда 11-ноябрга карата коронавирус дагы 108 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.






