2025-08-02
9-ноябрда Орусиянын ишкерлери Бишкекке келет

9-ноябрда Орусиянын ишкерлери үч күндүк иш сапар менен Бишкекке келет. Бул тууралуу Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн U23 Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы килемге чыгат

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы бүгүн, 3-ноябрда Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күчүн сынай баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.
Ошто «Коопсуз шаар – 2» долбоорунун алкагында 35 кесилишке камера орнотулат

Ош шаарына «Коопсуз шаар – 2» долбоорунун алкагында 35 кесилишке камералар орнотулат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма с кызматы билдирет.
ЕККУ Кыргызстанга уулуу заттардан арылууга жардам көрсөттү

Бүгүн, 2-ноябрда Чүй облусунун Новопавловка айылындагы мөөнөтү өтүп кеткен 140 тонна меланж ракеталык күйүүчү заты Кыргызстандын аймагынан чыгарылды. Бул тууралуу Евразия Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсесинин «Фейсбук» баракчасына жарыяланды.
Садыр Жапаров Кувейттин премьер-министри шейх Сабах Халид аль-Хамад ас-Сабах менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин Саммитинин талааларында Кувейттин премьер-министри шейх Сабах Халид аль-Хамад ас-Сабах менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Александр Крестинин «Дордой» футболдук клубунан кетти

Александр Крестинин Бишкектин «Дордой» футбол клубунун машыктыруучусу кызматынан кетти. Бул тууралуу клубдун расмий сайтына жарыяланды.
ИИМ: Акыркы тогуз айда 2500дөн ашуун бодо мал уурдалган

9 айда ички иштер органдарынын өндүрүшүндө мал уурулук боюнча 1137 материал катталган. Аталган мезгилдин ичинде 2500дөн ашык бодо мал уурдалган.