2025-08-02
Баткендеги Арка-2 айылында милициянын аймактык пункту ачылды

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2 айылында милициянын аймактык пункту ачылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Бишкекте үй-жайсыздар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылды

Аба ырайынын суукташына байланыштуу үй-жайсыздарга минималдуу социалдык кызмат көрсөтүү үчүн Бишкек шаарында туруктуу жана убактылуу баш калкалоочу жайлар иштеп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстанда акыркы суткада 91 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 4-ноябрга карата коронавирус дагы 91 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Кыргызстанда электр кубаты бир шарт аткарылганда гана өчпөйт

Эгерде бардык облустар коюлган чектөөлөрдөн ашыра пайдаланбаса, Кыргызстанда кышында электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин башкаруучулугунун төрагасы Таалайбек Байгазиев маалымат жыйында айтты.
Панама: "Кальмар оюндары" стилиндеги кечеде 8 киши өлдү

Панамада учурда жер жүзүндөгүлөрдүн кызыгын арттырып жаткан түштүк кореялык "Кальмар оюндары" фильминин стилинде уюштурулган тематикалык көңүл ачууда сегиз киши өлдү. Бул туурасында La Razon басылмасы жергиликтүү полициянын айткандарына таянып кабарлады.
«Юг-Спецавтоматиканын» жетекчиси пара берүү учурунда кармалды

«Юг-спецавтоматика» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Талантбек Кыдырбаев УКМК кызматкерлерине пара берип жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Байланыш операторлорунун, интернет провайдерлердин карызы 40 млн сомго жетти

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.