2025-05-12
Түрмөк
Кыргызстан алдыңкы бештикте. U23 дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы
Кыргызстандын курама командасы күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер (U23) арасында дүйнө чемпионатында жалпы медалдык эсепте бешинчи орунду камсыздады. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди.
Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш) боюнча U23 дүйнө чемпионаты Сербиянын Белград шаарында жыйынтыкталды. Мелдешке катышкан 31 өлкөнүн ичинен Кыргызстан медалдар жарышынан алдыңкы бештикке кирди.
- Россия — 6 алтын, 9 күмүш, 7 коло;
- Украина — 4 алтын, 2 күмүш, 3 коло;
- Азербайжан — 3 алтын, 3 коло;
- Иран — 2 алтын, 6 күмүш, 7 коло;
- Кыргызстан — 2 алтын, 1 күмүш;
Коңшу өлкөлөрдөн Казакстан жети мамлекет менен 25-орунду бөлүшүп турат. Ал эми Өзбекстан, Тажикстан, Япония, Кытай жана Түштүк Корея катышкан эмес.
Эскерте кетсек, аталган турнирде Айпери Медет кызы (76 килограмм) жана Эрназар Акматалиев (70 килограмм) алтын, Бекболот Мырзаназар уулу (57 килограмм) күмүш байге уткан.
Кыргызстандан грек-рим күрөшүнөн сегиз балбан, кыз-келиндер күрөшүнөн эки жана эркин күрөштөн алты атлет барышкан.
Булак: Спутник