2025-08-02
Чүй милициясы уюшкан каракчыларды кармады

Чүй облустук милициясы уюшуп каракчылык жасоого шектелген адамдарды кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Шайлоо: 19 адам талапкер болуудан баш тартты

Парламентик шайлоого бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлигин койгон 19 адам шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Ошентип, шайлоого бир мандаттуу округдан катышууну каалаган талапкелердин саны 302ни түздү.
Илон Маск Tesla компаниясындагы үлүшүн сатты

Илон Маск Tesla компаниясындагы үлүшүнүн бир бөлүгүн сатты. Бул тууралуу mir24.tv сайты билдирди.
Казакбаев Италиядагы кыргыздар менен жолукту

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италиянын Рим шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Рим, Болонья, Казерта, Неаполь, Кальяри, Сардиния, Флоренциядагы кыргыз диаспоралык бирикмелердин, ассоциациялардын жетекчилери жана активисттер менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Лейлек: Тажикстандын УКМКсы кыргызстандык жаранды кармап кеткен

УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандын күч органдары тарабынан кармалып кеткен жаран тууралуу маалымат таратты.
Марат Иманкулов Ооганстандагы кырдаал боюнча жыйынга катышты

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Индиянын Нью-Дели шаарында Ооганстандагы кырдаал боюнча үчүнчү аймактык диалог жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
Бүгүн кыргыз футболчулары Сингапурдун курамасы менен оюн өткөрөт

Бүгүн, 11-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Сингапурдун курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.