2024-12-27
Түрмөк
Райондук акимчиликтер көмүр сатуучу жайларды текшерүүнү улантууда
Бишкек мэриясы көмүр сатуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, райондук акимчиликтер көмүр сатуучу жайларды текшерүүнү улантууда.
Белгиленгендей, бул иштер күз-кыш мезгилинде катуу отундун чекене соодасындагы баанын өсүшүнө жол бербөө максатында сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
"Бул жолу Биринчи май жана Свердлов райондорунун базалары текшерилди: Щербакова көчөсү 121, Кызыл-Кийская көчөсү 170, Махатма Ганди 201 (Азиз базары), Ак-Босого конушундагы Месарош көчөсү, ошондой эле айланма жол. Ошондой эле көмүрдүн кору жетиштүү экени аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, иш-чаралар КРнын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» токтомун аткаруу максатында туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.