MegaCom боюнча иштерге чекит коюлду. Кыргызстан эл аралык арбитраждан утуп чыкты

КР министрлер кабинетинин Соттук өкүлчүлүк борбору 2021-жылдын 8-октябрында Penwell Business Limited компаниясынын Кыргыз Республикасына каршы иши боюнча акыркы арбитраждык чечим кабыл алынганын билдирди. Чечимге ылайык, доогердин 298 миллион АКШ доллары өлчөмүндө компенсация төлөп берүү талабы арбитраждын курамы тарабынан толугу менен четке кагылган. Атап айтканда, арбитраждык соттун чечими менен доогер Кыргыз Республикасына инвестиция салууда жергиликтүү өнөктөштөрдүн жардамы менен да, түздөн-түз да коррупциялык аракеттерге бир нече жолу барганына токтом чыгарган.
Эртең Бишкектен Нур-Султанга учкан каттамдар жандандырылат

Бишкектен Нур-Султан шаарына авиакаттамдар жандандырылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынан кабарлашты.
Ат спорту боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өттү

“Күлүк” ат майданында ат чабыш боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Ошто ири жол кырсыгы катталды

Кара-Сууда жол кырсыгынан жетөө каза болуп, тогуз адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
19 ноября Кыргызстан в седьмой раз отметит Всемирный день женского предпринимательства

19 ноября Кыргызстан вместе со 144 странами мира в седьмой раз отметит Всемирный день женского предпринимательства (Women's Entrepreneurship Day). В Чон-Алае, Алае и Оше для предпринимательниц пройдут праздничные мероприятия с мастер-классами и показом коллекции от Дома моды DILBAR, а в Бишкеке состоится конференция «Созидающие и смелые: 30-летний путь женщин Кыргызстана к успеху» с участием партнеров, депутатов парламента, представителей госструктур и бизнес-сектора.
Кыргызстандык өспүрүмдөр грек-рим боюнча эл аралык мелдеште жети медалга ээ болду

Кыргызстандык өспүрүмдөр Казакстанда өткөн 2005-2007-жылкы балдар арасында грек-рим боюнча эл аралык мелдеште жети медалга ээ болду. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.
Россияда курулуш объектисиндеги өрттөн төрт өзбек жараны каза болду

Москва облусунун Солнечногорск районундагы курулуш объектисинде чыккан өрттөн төрт киши каза болуп, дагы экөө жаракат алды. Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.






