Жалал-Абад жана Ош облусунда жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргызстандын түштүк аймагында 17-ноябрда саат 17:17де очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
СССРдин эл артисти Болотбек Шамшиев эскерилди

Кечээ, 17-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кино ишмерлердин кесиптик майрамынын алкагында Кыргыз киносунун 80 жылдыгы жана СССРдин эл артисти, залкар кинорежиссёр, маркум Болот Шамшиевдин 80 жылдыгы белгиленди.
Кыргызстанга аткезчилик жолу менен ташылып келген тамеки кармалды

Кыргызстанга аткезчилик жолу менен ташылып келген тамеки кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Бишкекте талапкердин өкүлү добуш сатып алууга шек саналып кармалды

Бишкекте бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкердин өкүлү добуш сатып алуу фактысы боюнча кармалды.
Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын кайрадан ала баштады

Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын кайрадан ала баштады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.
Бишкекте арзандатылган баада көмүр сатуучу дагы бир жай ачылды

Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектиси, 306/2а дарегинде көмүр сатуучу кошумча жай ачылды, ал жерден көмүрдүн тоннасын 3 миң сомдон алууга болот. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстанда бүгүндөн тарта COVID-19га каршы ревакцинация башталат
Кыргызстандыктар COVID-19га каршы вакцинанын кошумча (үчүнчү) дозасын бүгүн, 17-ноябрдан тарта Бишкек шаарындагы бардык убактылуу эмдөө пункттарынан ала алат, ал эми калган аймактарда үчүнчү кошумча доза менен эмдөө бир жуманын ичинде жеткиликтүү болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.






