AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Беш жыл жабык турган Улуттук тарых музейи ачылды

Бүгүн, 19-ноябрда, Бишкектеги Улуттук тарых музейи оңдоп-түзөө иштеринен кийин салтанаттуу ачылды. Ал эми эртең, 20-ноябрдан тарта музей бардык каалоочулар үчүн өз эшигин ачат.

a63251e6-db13-4366-8726-a0c8a58f128e.730x0.jpeg

Улуттук тарых музейинин директорунун милдетин аткаруучусу Гүлбара Абдыкалыкова мурун музейде маданий мурастарды сактоого шарт түзүлбөй келгенин айтат.

“Музейдин ички тартиптери бар, алсак, ар бир музей буюмдары өзгөчөлүгүнө жараша бир температурада сакталышы керек эле. Ушул багытта мүчүлүштүктөр болуп келген. Эми музей жаңылангандан кийин тарыхый мурастарды сактоого ылайык шарттар түзүлдү. Ар бир буюмга жараша абанын температурасы өзгөртүлүп турат”, - дейт ал.

Абдыкалыкова музейде 100 миңге жакын тарыхый мурастар бар экенин кошумчалап кетти.

"Ошондой эле бизге жаңы жабдыктар келип, мультимедиа менен коштолот. Жаңы медиастанциялар орнотулуп, туруктуу көргөзмөгө кое албаган буюмдар ал жерден көрсөтүлөт”, - деп айтат директордун м.а.

Музей Кыргызстандын аймагындагы таш доорунан баштап бүгүнкү күнгө чейинки тарыхты көрсөтүп берет.

Эскерте кетсек, Тарых музейи 2016-жылдын 25-майында оңдоп-түзөө иштерине жабылган. Оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан имараттын сыртын жасалгалоого 15 млн доллар каржыланган.

Кийинчерээк социалдык тармактарда экспозициянын сметасы жарыяланып, анда жыгач аттар үчүн 14 миң евродон жана гардероб үчүн эмерекке 142 миң евро төлөнгөнү айтылган. Буга байланыштуу 2018-жылдын майында Жогорку Кеңештин депутаттары музейде көчмө жыйын өткөргөн.

Бул чуулгандуу окуядан улам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети иликтөө жүргүзүп, Башкы прокуратура музейдин имаратын оңдоодо жана жабдууларды сатып алууда бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

 

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2