2025-08-03
Казакстандагы Книжевский суу сактагычынын плотинасы "жырылды"

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Алматы облусундагы Книжевский суу сактагычынын плотинасы "жырылганын" билдирди.
Жалал-Абадда 9 жаштагы Сумаяны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылды

Жалал-Абадда 9 жаштагы Сумаяны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Бишкек-Дели-Бишкек багыты боюнча жаңы каттам ачылды

Бишкек-Дели-Бишкек маршруту боюнча алгачкы каттам аткарылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашты.
Баткенде Жарандык коргонуу боюнча машыгуу өткөрүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Лейлек районунун Маргун айылында облустук жана Лейлек райондук Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун атайын машыгуусу өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Бишкекте туура эмес орнотулган 34 көрнөк-жарнак алынып, 22 миң сом айып салынды

Бишкекте туура эмес орнотулган 34 көрнөк-жарнак алынып, 22 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Ысык-Көлдө кылмыштуу топтордун шайлоого аралашуусуна күрөшүү иштери жүрүүдө

Шайлоо процессине уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн кийлигишүүсүнө жана аймакта коомдук-саясий кырдалдын курчуп кетишине жол бербөө максатында Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери тарабынан алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Чек арачылар Тажикстанга аткезчилик жүктүн өтүшүн токтотуу үчүн ок чыгарган

Баткендин Лейлек районунун чек арачылары 20-ноябрда аткезчилик жүктөрдү мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү билдирди.