УКМК: КРда бийликти күч менен басып алуу пландалган

Өлкөдө бийликти күч менен басып алууну пландаштырган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.
Конуштардагы жер тилкелер мыйзамдаштырылат

Бишкекте конуштардагы жер тилкелерине документ берүү үчүн мобилдик топ түзүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Мобилдик топ жеринде иш алып бармакчы.
Президенттин төрагалыгында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында бүгүн, 26-ноябрда, Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат.
Орусияда көмүр шахта жарылып, 52 адам каза тапты

Орусиянын Кемерово облусундагы «Листвяжная» шахтасындагы жарылуудан 46 шахтёр, 6 куткаруучу каза тапты. Бул маалыматты Кемерово тоо-куткаруу отрядынын командири Юрий Ше да тастыктаганын «РИА Новости» билдирди.
Мамлекеттик гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуевдин эстелиги орнотулду

Бүгүн, 25- ноябрда Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КРнын эл мугалими, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири, белгилүү акын жана жазуучу Шабданбек Кулуевдин эстелиги “Ала-Арча” көрүстөнүндө орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Дене тарбия, спорт агенттиги департамент болуп түзүлөт

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы департамент болуп түзүлөт. Бул министр Азамат Жаманкулов менен спорттун түрлөрү боюнча федерация өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылды.
Коронавирустан 2 бейтап каза болуп, дагы 70 адамдан аныкталды
Кыргызстанда 25-ноябрга карата коронавирус дагы 70 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.






