2024-12-26
Бишкекте туура эмес орнотулган 34 көрнөк-жарнак алынып, 22 миң сом айып салынды
Бишкекте туура эмес орнотулган 34 көрнөк-жарнак алынып, 22 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Ысык-Көлдө кылмыштуу топтордун шайлоого аралашуусуна күрөшүү иштери жүрүүдө
Шайлоо процессине уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн кийлигишүүсүнө жана аймакта коомдук-саясий кырдалдын курчуп кетишине жол бербөө максатында Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери тарабынан алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Чек арачылар Тажикстанга аткезчилик жүктүн өтүшүн токтотуу үчүн ок чыгарган
Баткендин Лейлек районунун чек арачылары 20-ноябрда аткезчилик жүктөрдү мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү билдирди.
Акыркы суткада 51 адамдан COVID-19 табылып, төрт бейтап каза болду
Кыргызстанда 22-ноябрга карата коронавирус дагы 51 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Татарстан менен Кыргызстандын президенттери жолугушту
Президент Садыр Жапаров кечээ, 19-ноябрда Бишкекке иш сапары менен келген Татарстандвн президенти Рустам Минниханов менен жолугушту.
Түндүк Америкада Ай тутулду
Бейшембиден жумага караган түнү Түндүк Америкада Ай тутулду. Айды каптаган караңгылык кочкул кызыл түскө боёлуп тургандыктан, аны жергиликтүү калк «Кандуу Ай» атап жатышат. Бул тууралуу cnnturk.com сайты жазды.
Ош шаарында эркин күрөш боюнча Эл аралык турнир башталды
Кечээ, 19-ноябрда Ош шаарында эркин күрөш боюнча IX Эл аралык турнир башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.