AUCA the best 2

2025-10-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

ИИМ: Үй-бүлөдөгү зомбулук коомго дагы коркунуч жаратат

Бишкекте «Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларды камсыз кылууда аял кызматкерлердин катышуусунун өзгөчөлүктөрү» аталышындагы 5 күндүк семинар-тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

259418182_400836645056637_4232071889624843954_n.730x400.jpg

Маалыматка ылайык, иш-чара Коопсуздук, коомдук тартип жана мыйзамдуулук секторундагы кыргыз аялдарынын Ассоциациясы Аял милиционерлер ассоциациясы менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен 2021-жылдын 15-20-ноябрь аралыгында өттү.

"Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө бар жана жыл сайын көбөйүп жаткан олуттуу көйгөй. Көйгөйдүн ушул өңүттө коюлушу үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуудагы азыркы кырдаалга байланыштуу, мында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чөйрөсүндө иштеген ыйгарым укуктуу кызматкерлер чоң чыр-чатакка айланып кетиши мүмкүн болгон кырдаалдарды жоюуга жөндөмдүү жакшы коммуникаторлор катары иштешет", - деп айтылат маалыматта.

Бул окууга КР Ички иштер министрлигинин, Акыйкатчы аппаратынын, Башкы прокуратуранын, Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Коргоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлигинин жана УКМКга караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери катышты.

Семинардын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары менен жергиликтүү бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери каралып, талкууланды.

Иш-чаранын катышуучулары үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун түрлөрүн талкуулоого активдүү катышып, пикирлери менен бөлүшүштү. Семинар-тренингдин жыйынтыгы боюнча катышуучулар тарабынан мыйзамдык базаны өркүндөтүү, алдын алуу бөлүмдөрүнүн жана субъекттеринин өз ара аракеттенүүсү боюнча ишти жакшыртуу боюнча сунуштар иштелип чыкты. Жыйындын жыйынтыгын чыгарып, эксперттер иш-чаралардын мерчемин белгилешти, аны ишке ашыруу үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга жардам берет.

ИИМден белгилегендей, зордук-зомбулукка каршы күрөшүү - өкмөттүн артыкчылыктуу милдеттеринин бири. Үй-бүлөдөгү зомбулук коомдо дагы зомбулукту жаратат.

Семинардын соңунда ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы – элчи Алексей Рогов жана Коопсуздук, коомдук тартип жана мыйзамдуулук секторундагы кыргыз аялдарынын Ассоциациясынын төрагасы – Каана Айдаркул семинардын катышуучуларына сертификаттарды тапшырышты.

259829599_400836641723304_1958847330448814378_n.730x400.jpg

259433643_400836811723287_524572938784161191_n.730x400.jpg

259992690_400836615056640_2717281036030176558_n.730x400.jpg

 

 

 

Интервью

 

Жаңылыктар

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2