AUCA the best 2

2024-05-08

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Sports Awards-2021: Спорт тармагындагы жылдын мыктыларын аныктоо үчүн добуш берүү старт алды

Sports Awards салтанатынын алкагында “Мыкты спортчу” (“Баатыр”) сыйлыгынын номинациялары бекитилип, номинанттар добуш берүүгө коюлду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

WhatsApp_Image_2021-11-18_at_14.37.19.jpeg

Сыйлык спорт жана дене-тарбия тармагында кесипкөйлүк ишмердүүлүгүндө зор ийгиликтерге жетишкен жана спорттун өнүгүшү менен жайылышына маанилүү салым кошкон спортчуларга тапшырылып келет. Иш-чара быйыл 7-ирет өткөрүлөт.

Быйыл саамалык Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери боюнча министрлигини алдындагы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги жана Улуттук олимпиадалык комитети менен өнөктөштүктө уюштурулууда.

Мыкты спортчу:

Азизхан Мусабек уулу (Кыргыз күрөш боюнча Чүй, Бишкек федерациясынын президентинин кубогуна арналган эл аралык мелдеште 1-орун, Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн эл аралык мелдеште 1-орун)
Ынтымак Мурадил уулу (Салбуурун оюндары боюнча Түркияда өткөн эл аралык мелдеште 3-орун)
Нурсултан Майрамбек уулу (Ордо боюнча Талас облусунун курамында КРнын чемпиону)

Мыкты машыктыруучу:
Турат Тойчубеков (Кыргыз күрөш боюнча КРнын улуттук курама командасынын ага машыктыруучусу)
Нурлан Молдакунов (Салбуурун боюнча КРнын улуттук курама командасынын ага машыктыруучусу)
Жаныбек Айталиев (Ордо боюнча КРнын улуттук курама командасынын ага машыктыруучусу)

Олимпиадалык спорт боюнча

Мыкты спортчу:
Владимир Золоев (Дзюдо боюнча Азия чемпиону)
Акжол Махмудов (Грек-рим күрөшү боюнча Олимпиаданын күмүш байгесинин ээси)
Алибек Осмонов (Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда 3-орун)

Мыкты спортчу айым:
Мээрим Жуманазарова (Күрөш боюнча Токио Олимпиадасынын коло медаль ээси, Азия жана дүйнө чемпиону)
Айпери Медет кызы (Азия жана Дүйнө чемпиондугунда 3-орун, 23 жашка чейинки жаштар арасында Дүйнө чемпиону)
Айсулуу Тыныбекова (Күрөш боюнча Токио Олимпиадасында 2-орун, Азия жана Дүйнө чемпиону)

Мыкты машыктыруучу:
Нурбек Изабеков (Кыз-келиндер күрөшү боюнча КРнын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу)
Руслан Маджинов (Эркин күрөш боюнча КРнын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу)
Азат Эркимбаев (Грек-рим күрөшү боюнча КРнын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу)

Олимпиадалык эмес спорт боюнча

Мыкты спортчу:
Азат Аманбеков (Самбо боюнча Дүйнө Кубогунда 1-орун)
Икбол Фозилжонов (Кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда 2-орун)
Бейбарс Анарбаев (Белбоо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1-орун)

Мыкты спортчу айым:
Айжан Анарбекова (Белбоо күрөшү боюнча КМШ оюндарында 2-орун)
Айсалкын Жаныбекова (Кармаш мушташ боюнча Дүйнө чемпиондугунда 3-орун)
Самара Абдумалик кызы (Самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда 3-орун)

Мыкты машыктыруучу:
Александр Воинов (Кикбоксинг боюнча КРнын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу)
Азамат Казакбаев (Самбо боюнча КРнын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу)
Нурбек Кожобеков (Белбоо күрөш боюнча КРнын улуттук курама командасынын ага машыктыруучусу)

Майыптыгы бар спортчулар арасында

Мыкты спортчу:
Арстанбек Базаркулов (Пара жеңил атлетика боюнча Дүйнө кубогунда 1-орун)
Дастан Камчыбеков (Пара сууда сүзүү боюнча Дүйнө сериясында 2 жана 3-орун)
Нурбек Тойчубаев (Пара триатлон Дүйнө кубогунда 1-орун)

Жыл жаңырыгы:
Эрназар Акматалиев (Эркин күрөш боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпиону)
Нурсултан Куштарбек уулу (Грэпплинг боюнча жаштар арасында Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону
Нурманбет Раймалы уулу (Белбоо күрөшү боюнча КМШ оюндарынын чемпиону)

Мыкты улакчы:
Аскат Аскаров (Чүйдүн курамында Кыргызстандын чемпиону, Чемпиондуктун “Мыкты улакчысы” наамынын ээси, “Ала-Тоонун” курамында КРнын президентинин кубогунун коло медалчысы).
Нуржан Мелисбек уулу (Таластын курамында Кыргызстандын чемпиондугунун коло медалчысы, “Ынтымактын” курамында Нооруз мелдешинин жеңүүчүсү жана “Мыкты улакчысы”, КРнын президентинин кубогунун ээси).
Кубаныч Султан уулу (Чүйдүн курамында Кыргызстандын чемпиону жана “Мыкты жекеме-жекечиси” наамынын ээси, “Сары-Өзөндүн” курамында Нооруз мелдешинин коло медалчысы, КРнын президентинин кубогунун күмүш медалчысы).

ММА боюнча мыкты мушкер

Алтынбек Мамашов (2 беттеш – 2 жеңиш, АСА уюмунда ТОП-10го кирди)
Бусурманкул Абдибаит уулу (2 беттеш – 2 жеңиш, EFC уюмунун курун утту)
Алимардан Абдыкааров (3 беттеш – 3 жеңиш, OFC уюмунун Гран-Присинде жеңүүчү аталды)

Sports Awards-2021 ишчарасынын алкагында мыктылар эки жол менен аныкталат: жалпы элдик добуш берүүнүн жана эксперттик комиссиянын баалоосунун негизинде. Жалпы элдик добуш берүү 2021-жылдын 28-ноябрына чейин уланат.

Уюштуруу комитетинин чечими менен жогоруда добуш берүүгө коюлган номинациялардан сырткары төмөнкүлөр боюнча да мыктылар өзүнчө аныкталат:

- Иш-чаранын негиздөөчүсүнүн атайын сыйлыгы;
- Мыкты меценат;
- Мыкты федерация.

Ошондой эле Улуттук олимпиада комитети Мурат Саралиновдун атындагы сыйлыктын ээлерин да өз алдынча аныктайт. Сыйлыктын алкагында олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча бирден спортчу мырза жана спортчу айым тандалып, 1000 доллар өлчөмүндө акчалай сыйлык берилет.

Белгилей кетсек, жалпы элдик добуш берүүдө талапкерлерди тандоо topsport.kg сайтында жана анын Facebook (Topsport.kg) менен Instagram`дагы (topsport_official) расмий баракчаларында өткөрүлөт. Аталган социалдык түйүндөрдө добуштарды сүрөткө колдогон спортчунун аты-жөнүн комментарийге калтыруу жолу берсеңиздер болот. Аягында сайттагы добуштар менен Фэйсбук менен Инстаграмдагы комментарийлер кошулуп, жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылат.

Интернет-сурамжылоодо 30 упай ойнотулуп, 1-орун үчүн 15, 2-орунга 10 жана 3-орунга 5 упай каралган. Мындан тышкары, ар бир номинация боюнча өзүнчө 5 кишиден турган эксперттик комиссия чогулуп, алардын ар бири талапкерлерди 1ден 3-орунга чейин жайгаштырат. Мында 1-орунга 7, 2-орунга 5 жана 3-орунга 3 упай берилет. Ошентип 5 эксперт талапкерлерди баалап бүткөн соң, интернет-сурамжылоо менен эксперттик комиссиянын упайлары кошулуп, жеңүүчү аныкталат.

Сыйлык тапшыруу кечеси 2021-жылдын 1-декабрында Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы Филармонияда өтмөкчү.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2