AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Чүй милициясы уюшкан каракчыларды кармады

Чүй облустук милициясы уюшуп каракчылык жасоого шектелген адамдарды кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

255863720_447899386676885_3187321976252084683_n.jpg

Ушул жылдын 5-ноябрында Аламүдүн РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Лебединовка айылында каракчылык болгону тууралуу телефон чалуу түшкөн.

Окуяны жеринде иликтөөгө алган милиция кызматкерлерине үй ээсинин уулу таңкы саат 4:20лар чамасында дааратканага чыгып баратып, экинчи кабаттын тепкичинен белгисиз адамдардын көлөкөсүн байкап, атасын ойготмокко кайра үйгө кирип баратканда, жанагы караандар ага карата ок чыгарышканын айтып берген. Үйгө кароо жүргүзгөн учурда кылмышка шектүүлөр ашкананын терезесинен киргени тастыкталган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен катталып, тергөө-иликтөө иштери башталган.

Чүй ОИИББи менен Аламүдүн РИИБнин криминалдык милиция кызматы «Коопсуз шаар», «Таза шаар» долбоорлорунун видеокөзөмөл камераларын кароо аркылуу шектүүлөр айдап жүргөн автоунааны аныкташкан.

Мунун негизинде айтылган кылмышка шектүү катары 1972-жылы туулган М.Э., 1974-жылы туулган Р.И., 1999-жылы туулган А.Ф., 1997-жылы туулган Ш.В. кармалды.

Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен колго түшкөң М.Э.нин автоунаасын текшерүү учурунда кара куурай жыттуу зат, үйүн тинтүү учурунда атайын колкап, беткап, диний китептер, флеш-карта, сим-карталар табылган.

Дагы бир шектүү И.Р.нын үйүнөн 4,5 калибрлүү «Юнкер-2» пневматикалык автоматы, кичи калибрлүү мылтык, газ тапанча, «Револьвер» тапанчасы, бир нече бычак, беткап, колкап, диний китептер, баракчалар, флеш-карталар, ноутбук, 2 даана жасалма чач, чакан газ баллон алынган.

Тергөө учурунда шектүүлөрдүн мындан башка төрт каракчылык, үч уурулук жасаганы далилденген. Айта кетсек, ушул жылдын 26-августунда таң эрте Т.Б. аттуу жарандын үйүнө киришип, колу-бутун скотч менен таңышып, «Хонда СРВ» унаасын айдап кетишкен. Ал эми эки каракчылык, үч уурулукту Бишкек шаарынан, бир каракчылыкты Жалал-Абад облусунан жасашкан.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

256371621_447899260010231_2825626459268278144_n.jpg

 

255793545_447899263343564_4967747977812938185_n.jpg

 

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2