Жапониялык туристтер космостон кайтып келишти

Эл аралык космостук станцияда 12 күн өткөргөн жапониялык эки турист Юсаку Маэзава жана Ёдзо Хирано орусиялык космонавт Александр Мисуркин менен чогуу Жерге кайтып келишти. Алар отурган капсула Казакстанга ийгиликтүү конгонун, туристтик максаттагы "Союз МС-20" кемесинин каттамы аяктаганын "Роскосмос" 20-декабрда билдирди.
Акаев сурак бергенден кийин кайра Москвага учуп кетти

"Кумтөр иши" боюнча суралып жаткан Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Москвага учуп кетти. Бул тууралуу анын санаалашы Бекболот Талгарбеков билдирди. Анын айтымында, сурак негизинен 2003-жылдагы келишим боюнча жүргөн.
Президент УКМК кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Филиппинде «Рай» тайфунунан 208 адам каза болду

Филиппиндеги «Рай» тайфунунан курман болгондордун саны 208ге жетти. Бул тууралуу Manila Bulletin гезити полициянын маалыматына таянуу менен билдирди.
Бишкектин көчөлөрүнө 60 миң көчөт отургузулат

Бишкектин көчөлөрүнө 60 миң даана көчөт отургузулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Россияда эмдөөдөн баш тарткандарга айып салуу каралууда

Роспотребнадзордо эмдөөдөн баш тарткандарга карата айып салуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу Россиянын ЖМКлары ведомствонун башчысы Анна Поповага таянып билдиришти.
“Кыргызкөмүр” ишкананын Балыкчыдагы филиалына онлайн-видеокамера орнотту

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Балыкчыдагы филиалын күнү-түнү көзөмөлдөп турган онлайн-видеокамера орнотту.






