2024-12-23
Интервью
Эльнура Алканова: Жарандар кандай болсо, журналистика да ошондой
Белгилүү иликтөөчү журналист, ЖКнын депутаттыгына талапкер Эльнура Алканова биздин редакцияга өзү жөнүндө кенен айтып берди. Белгилей кетсек, Эльнура Алканова жакында боло турчу парламенттик шайлоого Бишкек шаарынын Свердлов районунан талапкерлигин көрсөтөрүн билдирген.
- Жаш экениңизге карабай, сиз бүгүн Кыргызстанда таанымал журналистсиз. Буга кантип жетиштиңиз?
- Мен журналистикага күтүлбөгөн жерден, ыктыярчылык аркылуу келип калдым. Мен бул тармакта иштейм деп ойлогон эмесмин. 2015-жылы ыктыярчылык тажрыйбам тууралуу маек кургам. Мен көп убакыт бою Малайзиядагы балдарга англис тилин үйрөттүм. Бул студенттерди алмашуу программаларынын бири болчу. Ошондо менден интервью алышкан. Мен атактуу журналисттерди өз көзүм менен көрүп, аларга суктандым. Бул мага чоң таасир тийгизип, журналисттер чөйрөсүнүн бир бөлүгү болууну каалоо сезими пайда болду. А мен дарыгер, андан кийин эл аралык мамилелер адиси болуу үчүн окуган элем.
- Атактуу адам болуу кандай жана ал жеке жашооңузга кандай таасир этет (ийгиликтин оң жана терс жактары)?
- Терс жактары көп, анткени коомдук пикир басым жасай баштайт. Бардык нерсени көрүүчүлөр эмне дешет деген суроолор менен жасап баштайсыз. Алар менин балама берген тарбиям, күйөөмө жасаган мамилем жөнүндө эмне дешет деген ойлор дайыма жандап жүрөт. Сиз дайыма коомчулуктун көзөмөлүндө болосуз. Өзүңө көп нерселерди жасоого уруксат бере албайсың. Бирок, терең ойлонуп көрсөң, бул коом тарабынан болуп жаткан кысым экендигин түшүнөсүң. Жан дүйнөңдү тынчтандырып, чыныгы жашоо менен эркин жашоого далалат кыла баштайсың.
- Медицина боюнча билимге ээ болуп туруп, журналистикага кантип келип калдыңыз? Бул жолду тандоого эмне түрткү болду?
- Бул күтүлбөгөн жерден болду. Кыргызстанда студенттерибиз окууну бүткөндөн кийин дароо жумушка орношуу керек деген стереотип менен жашашат. Бир жыл жумуш таба албай калса эле бардык нерседен үмүт үзүп коюшат. Күмөн саноо, коркуу пайда болот. Ата-энеңдин үмүтүн актай албай каламбы деген ойлор тынчсыздандырат. Мен чет өлкөдө стажировкадан өткөндөн кийин эле журналистикага кирип келдим. Бул менин алгачкы жумушум болду. Кыйналган жокмун, тескерисинче бул иш мага ырахат тартуулады.
- Демек, азыр жасаган тандооңузга өкүнбөйсүз?
- Албетте, жок! Бирок азыр менде мурдагыдай эрктүүлүк жок, мурдагыдай журналистикада иштөөгө болгон каалоом жок, бирок 7 жыл мурунку күндөрдү эстесем, анда мен таптакыр башка адам элем.
- Эмне үчүн иштөөгө 7 жыл мурдагыдай каалооңуз жок?
- Көптөгөн көңүл калуучу окуялардан улам. Анткени, мен журналисттик иликтөөлөрүмдөн кийин атактуу болдум. Текшерүүлөр башталып, кылмыш иштери козголуш үчүн мен резонанс жаратууга аракет кылдым. Мисалы, 2017-2018-жылдары жүргүзгөн журналисттик иликтөө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен байланышкан. Бул орган "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын, коттедждик шаарчаны он эсе арзан саткан. Кылмыш иши козголуп, аукционго жооптуу болгон чиновниктер кармалды. ММБФнын (ФУГИ) төрагасы камакка алынды. Бирок бул аракет коомчулуктун көңүлү буга бурулуп турган учурдагы бийликтин убактылуу гана чарасы болуп калды. Резонанс басаңдашы менен бул кишилер бошотулду. Сот аларды актады, мыйзамсыз эч нерсе тапкан жок. Болгону мамлекеттик орган баалоо жүргүзүү үчүн жалдаган жеке эксперти камалды. А журналистиканын максаты эмне? Максаты - бийликтин жогорку эшелонунда коррупция менен күрөшүү. Ушундай учурлардын кесепетинен журналистикадан көңүлүм чөктү.
- Кыргыз журналистикасы тууралуу оюңуз кандай?
- Азыр биздин өлкөдө башаламандык болуп жатат, журналистикада да. Жалпысынан муну бардык тармактарда байкоого болот. Бирок мен бийликти күнөөлөөгө шашпайм, анткени бул жерде бардык тараптар, оюнчулар, анын ичинде жарандар да күнөөлүү. Алар бизди кайда жетелесе, ошол жакка бара беребиз. Биз, жарандар, экономикалык чечимдерди сунуштай ала тургандарга добуш бербейбиз. Жок, баарыбыз ыплас саясий иштер менен алекпиз.
- Журналистика тармагында өзгөрткүңүз келген же бул тармакка алып келгиңиз келген, сиздин оюңузча бул тармакка жетишпеген нерсе эмне?
- Менин оюмча, журналистиканы жарандар гана өзгөртө алат. Бир адам баарын жалгыз өзү өзгөртө албайт. Жарандар кандай болсо, журналистика дагы ошондой. Азыркы күндө маалымат ачкачылыгы байкалууда. Журналисттер адамдар окугусу келген, жеңил маалыматтарды жазышат. Бардык басылмалар ушундай принцип менен иштеп калды, тилекке каршы.
- ЖОЖдордо журналистиканы окутуу боюнча сизге сунуштар түштү беле?
- Илимий даража же илимий эмгегим жок болсо да, Борбор Азиядагы Америка университети сабак берүүнү сунуштаган. Бул абдан жагымдуу сунуш болду, мен ал жерде 3 семестр иштедим.
- Студенттерге сабак берген сизге жактыбы?
- Ооба. Студенттер менен иштеген өтө кызыктуу эле.
- Бул сиздин тармагыңыз деп ойлойсузбу?
- Толугу менен эмес, бирок мен билгенимди студенттер менен бөлүшүп жатып, өзүмдүн билим базамды дагы толукташым керек экенин сездим.
- Кайсы атактуу журналисттер сиз үчүн үлгү, авторитет болуп эсептелет (чет элдик жана жергиликтүү)?
- Андай эч ким жок. Менимче, ар бир адамдан үлгү алуу керек.
- Демек, сиз чет элдик же жергиликтүү маалымат каражаттары менен иштегиңиз келбейт, туурабы?
- Жок, менин андай конкреттүү пландарым жок.
- Азыр кайсыл жерде иштейсиз, эмне менен алектенесиз?
- Азыр мен медиа-консультант болуп иштейм. Мен бир жылдан ашык убакыттан бери журналистика менен алектенбейм. Бул, балким, жеке жашоомо көбүрөөк байланыштуу. Мен турмушка чыгып жатканда жолдошум менен келишимдерибиз бар болчу, кийин бул чөйрөдө иштөө физикалык жактан кыйын болду.
- Алдыда боло турган Жогорку Кеңештин шайлоосуна Бишкек шаарынын Свердлов районунан талапкерлигиңизди көрсөттүңүз, эмнени өзгөртүүгө бел байладыңыз?
- Бул жөнөкөй чечим болгон жок. Албетте, чоң жоопкерчиликти сезип турам. Бул - Кыргызстандагы социалдык жана экономикалык, бизнестеги көйгөйлөрдү чечүү, салык системасын жакшыртуу, түрдүү социалдык топтордун тең укуктуулугун орнотууда өз салымымды кошуу үчүн жасалган кадам.
-Сиздин оюңузча, эл өкүлү кандай болушу керек?
- Эл өкүлү болуп тандалган адам, балким, өзү сунуштай турган бир катар мыйзам долбоорлорун, башкача айтканда, так мыйзам долбоорлорун эмес, кызыкчылыктардын диапазонун белгилеп алышы керек. Кандай маселелерди көтөрөрүн билиши керек. Мисалы, социалдык блок менен алектенсе, балдардын, өспүрүмдөрдүн, аялдардын маселелери менен жакындан тааныш болушу зарыл. Балким эркектердин да меселелери болушу мүмкүн. Бизде эркектер дагы декреттик өргүүгө чыга турган мыйзам бар. Бирок, чынында, бул өтө сейрек кездешет, ошондуктан ал жерде механизмдерди өзгөртүү керек. Анткени эркектер да эс алышы керек, алар да депрессияга кабылышы мүмкүн. Же, карылардын же болбосо мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрү менен алектениши мүмкүн. Белгилүү бир багытты тандап, ошол тармак менен алектенүү керек. Анткени 5 жылдын ичинде бардык тармактарды, бардык катмарды камтып, алардын маселелерин бир чакырылышта чечүү мүмкүн эмес. Парламентке 4 жолу шайланган депутаттар да бардык маселелерди чече алышкан жок.
- Саясий сабаттуулукту жана саясий маданиятты кантип көтөрүү керек?
- Жалпы жарандардын маданиятын көтөрмөйүн, саясий маданияттын деңгээлин көтөрүү мүмкүн эмес. Сабатсыз депутаттар коомчулук тарабынан өтө катуу сынга алынат. Ошондой эле, мамлекеттик кызматкерлер дагы сынга кабылат. Эл аларды асмандан түшкөндөй же башка жактан келгендей көрүшөт. Бирок, алар биздин арабызда, биз менен чогуу чоңойгон адамдар. Алар биздин күзгүдөгү элесибиз, жүзүбүз. Ал адамдарга эл өзү добуш берди, өзү шайлады. Депутаттар асмандан түшүп калган жок, ошол сынга алып жаткан эл өзү Жогорку Кеңешке алып келген.
- Элнура, сиз апасыз. Жеке жашооңузду жумуш менен кантип айкалыштырып жатасыз?
- Күйөөм мага көп жардам берет. Ал менден бир баскыч өйдө, тажрыйбалуу адам. Мен эмне кылсам да, дайыма ар тараптан колдоп, колунан келген жардамын берет. Үй-бүлө менен жумушту эки жакка бөлбөйм. Баарына жетишүүгө болот. Балам менен ноутбук дайыма жанымда жүрөт. Баламды карап жатып да бир нерселерди жаза калам.
- Балаңызга кандай тарбия бересиз?
- Балам алгачкы кадамдарын таштап, колуна кирген нерсени сындырып, нааразычылыгын билдире баштаганда олуттуу тарбиялай баштадым. Али сүйлөй элек, 2 жашка толду. Менимче, баланы ушул куракта тарбиялай баштоо керек. Мисалы, кийимдерди туура бүктөөнү, иреттөөнү үйрөтөм. Балам кайсы кийими кайсы текчеде турганын жакшы билет. Элементардык көндүмдөрдү ушул куракта үйрөтүү туура деп эсептейм, анткени бир аз чоңойгондо кыйын болуп калат.
- Кантип эс аласыз? Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
- Эң жакшы эс алуу уйку болсо керек (күлүп). Чынын айтсам, иштегенге да, эс алганга да жетишкен адамдарга ичим күйөт. Мисалы, жайында ар дем алыш күндөрү Ысык-Көлгө, ал эми дүйшөмбү күнү жумушка чыгып, жумуш процессине тез аралашып кетишет. Мен анчалык мобилдүү эмесмин. Бир сезондо Ысык-Көлгө көп болсо 2 жолу барам. Кээде такыр барбай калам. Чынын айтсам, алыскы жолдордон корком. Мен жол кырсыгына кабылгам, ошондуктан узак жолго чыгууну жактыра бербейм.
- Суроо үчүн кечирим сурайм, кырсык качан болгон жана анын кесепети кандай болгон? Сиз узак убакыт бою коркуу менен күрөштүм деп жатасыз...
- Мен кылмыш жоопкерчилигине тартылган мезгил болгон. Азыр экс-премьер-министрдин буйругу менен мага кылмыш иши козголду. Бирок кийин мен жаш экенимди жана эч кандай коркунуч сезбегенимди түшүндүм. Кырсык түштүк магистралда болгон, машина талкаланып калган. Мен таксиде бара жаткан болчумун. Таксини атайын чакырган эмесмин, көчөдөн эле кармап алгам. Анда мени аңдып жүрүшкөн мезгил болчу. Буга байланыштуу өзүм унаа айдабай жүргөм. Маршруттук каттам менен көп жүрдүм. Такси чакырбоого аракет кылчумун, анткени алар мага атайын машина жөнөтүп коюшат деп ойлочумун. Кырсык болгон күнү көчөдөн бир машинаны кармадым. Унаа жогорку ылдамдыкта бара жаткан. Айдоочу ылдамдыкты атайын жогорулаткандай сезилди. Ал жол эрежесин сактабагандыгы үчүн кырсык болгон. Ошондон бери унааны өтө кылдаттык менен башкарып калды, бирок коркуу сезиминен кутула албадым...
- Китеп окуганды жакшы көрөсүзбү? Кайсы авторлорду окуйсуз?
- Мен Жейн Остинди жакшы көрөм. Эң жакшы көргөн китебим - Айн Рэнддин “Атлант расплавил плечи” чыгармасы. Бардык үч бөлүгүн жакшы көрүп окуйм.
- Сиздин сүйүктүү музыкалык аткаруучуңуз ким?
- Ритмди сүйөм, бийлегенди, ырларды жакшы көрөм, бирок тандап, сүйүп уккан музыкалык аткаруучуларым жок. Күн сайын музыка угам. Анткени, музыкалык мектепти фортепиано классында бүтүргөм.
- Окууну кайдан бүтүргөнсүз?
- Мен музыкалык жана орто мектептерди Ош шаарында бүтүргөм. Өзүм Ош облусунун тургунумун. Кийин Бишкекке көчүп кеттим. Карьерам заманбап музыкага байланыштуу болот деп ойлогом, бирок ата-энем мени медициналык академияга тапшырууга көндүрүшкөн. Мен макул болгом.
- Сиздин жакшы көргөн тасмаларыңыз?
- Сүйүктүү тасмалар көп. Бала кезимден эле фантастиканы жакшы көрөм. Азырга чейин сүйөм. Көптөгөн жакшы көргөн тасмаларымды кайра көрүп чыгам, ошондой эле сүйүктүү китептеримди да кайра-кайра окуй берем. Ата мекендик чыгармалардан "Жамиля" повестин белгилегим келет, бул мен үчүн мыкты үлгү. Мектепте окуп жүргөндө Жамиляны терс каарман деп ойлочумун, азыр аны жакшы түшүнөм. Мен жашоомдо, саясатта ага окшошмун.
- Сиз спорт менен алектенесизби?
- Жок, мен учурда спорт менен алектенбейм. Бир нече хоббиси бар жана алардын баарына жетишкен адамдарды көргөндө таң калам. Мен андай кыла албайм.
- Акыркы суроо, сиз Кыргызстанда жашоону пландап жатасызбы, же чет өлкөгө кетүү оюңузда барбы?
- Эч качан "эч качан" деп айтпа дешет, бирок жашоодо ар кандай кырдаалдар болот. Мен Кыргызстандын жарандыгынан баш тарткым келбейт. Дайыма “Кыргыз Республикасы” деген жазуусу бар көк паспортум болот. Бул анык! Ошондой эле, өлкөдөн чыгып кеткен адамдарды да айыптабайм.