2024-12-23
Интервью
Мелис Сатыбеков: Бүгүнкү чечимдерибиз келечектеги тагдырыбызды аныктайт
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы башчысы Мелис Сатыбеков жана анын аткарган иштери боюнча коомчулукта жылуу пикирлер айтылып жүрөт. Окурмандардан да бул боюнча көп суроолор келгендиктен KEREEZ MEDIA редакциясы аны менен маектешүүнү туура көрдү.
САТЫБЕКОВ МЕЛИС БАКЫТОВИЧ
Туулган күнү: 7-ноябрь, 1980-жыл
Билими:
2003-жылы - академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен жана жаратылыш ресурстарын өнүктүрүү университетин аяктаган.
2019-жылдан азыркы учурга чейин академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен жана жаратылыш ресурстарын өнүктүрүү университетинде аспирантурада окуйт.Квалификациясы: Тоо-кен инженери - геолог.
Билген тилдери:
Кыргыз, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Англис тили сөздүк менен
Эмгек жолу:
1997 – 2003-жылдары – Кыргыз тоо-металлургия институту, студент;
2004 – 2007-жылдары – Түндүк Кыргыз геологиялык экспедициясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикте геолог, 2-категориядагы геолог, 1-категориядагы геолог;
2007 – 2008-жылдары – Борбордук Азиядагы прикладдык геология илимдер институтунда аймактык геология инженери;
2008 – 2011-жылдары – «Коба» ЖЧКсында башкы геолог;
2011 – 2021-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде башкы адис, геология бөлүмүнүн башчысы;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги, министрдин орун басары – директор.
- Мелис мырза, саламатсызбы? Айтсаңыз геология тармагын тандап, иштеп келганыңызга эмне себеп болгон?
- Геолог кесиби мени тандады десем жаңылбайм. Менин атам геолог, Фрунзе политехникалык институтун аяктаган. СССР учурунда институт бүтүрүүчүлөрүн өз багыты боюнча бөлүштүрчү. Атам Казакстанда коргошун-цинк шахтасына (комбинатына) багытталып, эмгек жолун участкалык геологдон баштаган, талбас эмгеги бийик тажрыйбасы менен шахтанын жетекчиси кызматына чейин жеткен. Бала чагымдан атам менен чогуу тоого чыгып, шахтага түшүп, геология жөнүндө кенен түшүнүгүм бар эле.
- Өлкөдө тоо-кен тармагында компетенттүү кадрлар аз. Мыкты кадрларды өстүрүү үчүн кандай кадамдар керек?
- Ооба, бүгүнкү күндө геология тармагында кадр маселеси өтө курч. Бул маселени чечүү үчүн бүгүнкү күндө иштелип чыккан Жер казынасын пайдалануу жөнүндө Кодексинде кош билим алуу боюнча атайын статья каралган. Студенттер 3-курстан баштап теория менен практикалык иштерин чогуу алып барышат. Андан тышкары, бюджетте окуган студенттерди сөзсүз мамлекеттик ишканада 3 жылдан кем эмес эмгектенүүгө милдеттендирүү боюнча сунуш берип кетет элем (мисалы Медициналык академиянын студентин алсак, алар 6 жыл окуп, 3 жыл ординатурада бейтапканаларда эмгектенет). Ушундай кадамга азыр барбасак, 10 жылдын аралыгында чет өлкөдөн адистерди жалдоого мажбур болобуз. Тоо-кен тармагынын өзгөчөлүгүн, татаалдыгын эске алып, дүйнөлүк практиканы колдонуп, кадрларды даярдоо системасын пайдалансак.
- Кыргызстан табигый кендерге бай өлкө. Учурда өлкө ал кендерди толук пайдалана алып жатабы?
- Өлкөбүз кенге бай, бирок кендерибиз көп болгону менен, аларды иштетиш үчүн батыштын жана эски союз учурунан калган тажрыйбаны (себеби мурунку тажрыйбалар бизге келечекти алда канча ийгиликтүү кароого жардам берет) өздөштүрүү менен жакшы башкаруу менеджментин киргизүү керек, ошондо толук кандуу пайдалана баштайбыз.
- Геология тармагындагы орчундуу көйгөйлөргө токтоло кетсеңиз...
- Биринчиден, бул суроону тоо-кен тармагы бүгүнкү күндө кайсы жакка баратат жана келечекте эмне болот деген өңүттө карасак туура болот го... Анткени тоо-кен тармагын өнүктүрүү боюнча концепция жана программасы жок, ошол себептен биринчилерден жакынкы 15-20 жылга тоо-кен тармагын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик концепциясын иштеп чыгып, бекитүү керек.Концепцияны иштеп чыгыш үчүн геология, тоо-кен тармакта иш жүргүзүп атышкан Илимдер академиясынын ардагерлери менен билимдүү адистердин катышуусунда башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын да эске алуу менен жазылышы керек. Концепциянын ичинде азыркы учурдагы жана айтылып кеткен көйгөйлөр каралып, анын аткарылышы боюнча иш-чаралар түзүлүп, мамлекеттик жетекчилер тарабынан көзөмөлгө алынып аткарылып башталмак. Эң орчундуусу - бул кадр жана минералдык чийки зат базасын толуктоо. Кадрларды жаңы мыйзамдын негизинде азыр өзүбүз даярдап баштабасак, бир канча убакыттан кийин чет өлкөдөн адистерди жалдап иштетип калабыз. Андан кийинки эле маселе – бул мамлекеттик минералдык-чийки зат базасын толуктоо. Анткени, азыр биз 1950-1990 жылдары биздин ардагер-геологдоробуз чалгындаган алтын кендерибиздин үзүрүн көрүп келе жатабыз. Ал кендер алдыңкы 10-15 жыл аралыгында иштелип бүтөт, анан тоо-кен тармагында алтын өндүрүү токтоп калышы ыктымал. Ошол себептен алдыдагы 10-15 жылда биз изилдөө жана чалгындоо иштерин күчөтүшүбүз керек. Минералдык-чийки зат базасын толуктоо илгери мамлекеттик геология тармагында иш алып баруучу экспедициялар тарабынан жасалчу, ошондо мамлекет кайсы кен канча запастары менен бекитилген жана кайсы аянтчаларга чалгындоо же изилдөө иштерин жүргүзсө боло турганын белгилеп даярдап турчу. Изилдөө жана чалгындоо иштери көп каражат талап кылганына байланыштуу ал иш-чараны башынан инвесторлор менен биргеликте чогуу жүргүзүшүбүз оң болот деп эсептейм. Бул көйгөйгө бүгүн болбосо эртеңки күнү баары бир такалабыз, ошол себептен азыркы учурдан ушул кадамдарга барышыбыз керек.Азыркы учурда инвесторлор тарабынан гана мамлекеттик минералдык-чийки зат базасын толуктоо боюнча иштер алып барылууда. Алар өз каражаттарын жумшап, чалгындоо иштерин жүргүзүп, корлорун аныктап, казып алуу иштерине мамлекеттин үлүштүк катышуусу жок болуп жатат.Жергиликтүү тургундар тарабынан көп көтөрүлчү маселе мамлекеттин үлүштүк катышуусу жок болгондон жаралып жатат.
- Өлкө табигый кендерди өзү иштете алабы? Ал үчүн эмнелер талап кылынат?
- Кендерди мамлекетибиз өзү иштетсе болот, ошол эле учурда ар бир кенди ишке киргизгенге ири суммадагы каражат талап кылынат (бери дегенде 200 миллион АКШ долларын түзөт). Биздин кендерди иштеткен инвесторлор банктарга техникалык-экономикалык негиздемесин түзүп, насыя алышып, ишин башташат. Ошол эле мамлекеттик тоо-кен ишканалары техникалык-экономикалык негиздемени даярдап банктардан насыя алып иштетсе болот. Менин жеке оюм – кендерди иштеткенде ыкчам башкарууга (оперативное управление) өткөрүп берүү керек. Анткени, кен 100% мамлекеттик ишканада болот, ыкчам башкарууну жүргүзгөн компанияга алып барган кызматы үчүн кирешеден пайыз төлөм катары келишимде караса болот.
- Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигин 6 ай гана жетектедиңиз. Бул кыска аралыкта олуттуу өзгөрүүлөргө баруу албетте кыйын. Айтсаңыз 6 ай аралыгында кандай жетишкендиктер болду?
- 6 ай аралыгында командабыз менен көп жетишкендиктер болду деп эсептейм. Алардын ичинен негизгилерине токтоло кетсем:
1) Пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссиянын 4 отуруму болуп, анда пайдалуу кендердин запастарын эсептөө жана кендерди иштетүү долбоорлору менен геологиялык чалгындоонун жыйынтыктары боюнча 73 отчет каралды.
2) Көрсөтүлгөн мөөнөттө жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо боюнча комиссиянын 24 отуруму өткөрүлүп, анда бир катар маселелер каралды.
а) төмөнкү уруксаттар берилди:
- тоо-кен иштерин жүргүзүү укугу үчүн - 82;
- жардыруу иштерин жүргүзүү укугу үчүн - 36.
б) Төмөнкүлөр боюнча эксперттик корутундулар чыгарылды:
- геология боюнча - 106;
- жер казынасын коргоо боюнча - 42;
- өнөр жай коопсуздугу боюнча - 289.
3) Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу жана ассоциацияланган металлдарды камтыган рудаларды жана концентраттарды кайра иштетүү мүмкүндүгү/мүмкүн эместиги жөнүндө берилген техникалык корутундулар - 93.
4) Ошондой эле, 29 аукцион өткөрүлдү. Жер казынасынын объектилеринин жалпы баштапкы баасы - 146 492 АКШ долларына бааланган болсо, кийин 673 729 АКШ долларына сатылган.Кабыл алынган ченемдик укуктук актылар:
2021-жылдын 26-июнунда №81 “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамы” кабыл алынды. Ага ылайык, техногендик түзүлүштөр мамлекеттин менчиги болуп саналат. Аны иштетүүгө, ошондой эле 100% мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык банктарда рекультивация фондунун каражаттарын топтоо ченемдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен уруксат берилет.
2021-жылдын 5-августунда №92 “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамы” кабыл алынды. Анда конкурстук жана аукцион аянтчаларында 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар чарбакер субъекттер жана ишканалар үчүн жер казынасын пайдалануу укугун алуу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү каралган.
2021-жылдын 17-августунда Мелиорация фондунун ресурстарын 100% мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык банктарда топтоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №139 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №517 “Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому кабыл алынды.
2021-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө” №148 токтому кабыл алынды. Анда 100% мамлекеттик үлүшү бар чарбакер субъекттерге жана ишканаларга жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби каралган.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-сентябрында №185 “Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдөрдү, алымдарды жана алымдардын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтому кабыл алынган. Долбоордун максаты - лицензияны кармоо үчүн жыйымдарды мыйзамдык жөнгө салууну өркүндөтүү, ошондой эле аларды салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине жана “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү болуп саналат.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-апрелинде №108-р жеткиликтүү мыкты технологияларды колдонуу менен “Кыргызалтын” ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте Солтон-Сары кенинин Алтын-Төр тилкесин иштетүү учурунда пайда болгон калдык сактоочу жайды экинчи ирет иштетүүгө уруксат берүү жөнүндө токтому кабыл алынган.
2021-жылдын 30-апрелинде №491 “Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жарлыгы чыккан. Аталган жарлык ушул жарлыкта каралган чараларды ишке ашырууда ведомстволор аралык кызматташтыкты ишке ашыруу жана камсыз кылуу максатында кабыл алынган.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021 -жылдын 23-августундагы №148 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому кабыл алынды.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 8-июнундагы №122 буйругу менен пайдалуу кендердин мамлекеттин балансында мамлекеттик апробацияны жана листингди ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июлунда “Макмал Голд Компани” жоопкерчилиги чектелген коомуна №1 калдык сактоочу жайын жана Макмал кенин иштетүү учурунда пайда болгон тоо-кен таштандыларын экинчи ирет кайра иштетүү чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө №86-р буйругу чыккан.
Иштелип чыккан мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлору:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №5 "Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодексинин долбоорунун күчүнө киришин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү/жараксыз кылууну камсыз кылган "Кыргыз Республикасындагы жер казынасын пайдалануу маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты.
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-ноябрындагы № 368-р буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйруктун долбоору иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругунун долбоорунун максаты жана милдети – 100% мамлекеттик үлүшү бар чарбакер субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүүгө мораторийди алып салуу.
Пайдалуу кендерди рационалдуу, комплекстүү пайдаланууга жана жер казынасын коргоого бирдиктүү талаптарды белгилөө максатында Кыргыз Республикасында пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүдө жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө токтомдун долбоору иштелип чыккан.
"Кыргыз Республикасынын геология жана жер казынасын пайдаланууда мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебиндеги каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыкты жана бекитүүгө жөнөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын минералдык-сырье базасын толуктоо жана геологиялык чалгындоону стимулдаштыруу боюнча тийиштүү чараларды көрүү максатында "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыккан. Жарлыктын долбоорунда Кыргыз Республикасында мамлекеттик заказ боюнча иштерди аткарууда салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карызы тууралуу маалыматты берүү талабын алып салуу каралган.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-ноябрындагы №368-р буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйруктун долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунушталган. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругунун долбоору техногендик түзүлүштөрдү өнүктүрүүгө байланышкан иштерди жүргүзүүгө уруксат берүү максатында даярдалган.
- Спорт менен машыгасызбы? Дегеле бош убактыңызда эмнелер менен алектенесиз?
- Бош убакта китеп окуйм. Азыркы убакта Жапар Кенчиевдин “Улуу тоонун уулу” китебин кайра окуп атам. Биздин ардагер геологдор мураска калтырган иштери жөнүндө бир китеп жазып баштаган элем, ошо менен алекмин. Диссертация жактоо мөөнөтү келип калды, буюрса жакынкы күндөрү коргоого аракет көрүп жатам. Үй-бүлөм менен сапаттуу убакыт өткөрүүгө далалат кылам. Спорт менен машыгам, чуркайм, жүрүшкө чыгам.
- Үй-бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз?
- Жубайым дагы геолог. Биздин үй-бүлөнү геологдордун үй-бүлөсү десек болот. Учурда үч балабыз бар.
- Келечекке болгон пландарыңыз?
- “Келечек азыркы аракетибизден көз каранды”,- деп Махатма Гандинин айтканы бар. Бүгүнкү жасаган ишибиз биздин келечегибиз үчүн өтө маанилүү, убакыттын ар бир мүнөтүн туура пайдалануу керек. Бүгүн жасай турган ишти кийинкиге калтырбай, жашоодо жалкоо болбошубуз керек. Анткени, бүгүнкү чечимдерибиз келечектеги тагдырыбызга чоң таасир берет.Келечекке койгон планым – ар бир ойду-ишти терең ойлонуп, акылды алыска таштап, кылдаттык менен чечим кабыл алып, алдыга кадам таштоо. Ар бир адам өзгөрүүнү, жаңылоону өзүнөн башташ керек.