AUCA the best 2

2024-04-19

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Жылдыз Уракунова: 30 жыл ичинде Кыргызстан кылымга тете окуяларды баштан өткөрдү

Белгилүү журналист, ЖМКда жетекчилик кызматтарда иштеген, “Ала-Тоо 24” каналынын түптөөчүлөрүнүн бири Жылдыз Уракунова медиа тармагындагы көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүштү. Өлкөдөгү күнү-түнү эфирге чыккан “Ала-Тоо 24” маалымат каналынын түптөлүшүндө Жылдыз Жумабекованын салымы эбегейсиз. Ал бул долбоордун башында туруп, ийгиликтүү ишке ашыра алган. Ошондуктан, каарманыбыздын журналистикадагы жолу – бул тармактагы жаш адистер үчүн эң керектүү сабак.

 

- Жылдыз Имангазиевна, сиз өлкөбүзгө таанымал журналистсиз, айтсаңыз, канча убактан бери бул чөйрөдөсүз? 

- ЖМКда иштегениме 20 жылга чукулдап калды.

- Эмне үчүн журналистиканы тандагансыз?

- Таптакыр күтүлбөгөн жерден. Мен юрист болом деп жаткам. Бир күнү апам телевизордон дикторлорго кастинг жарыяланып жатканын көрүп калганын айтып, ошол жакка барышымды суранды. Чынын айтсам, башында телевидение тармагына баргым келген жок, бирок апамдын сөзүн жерге таштабайын деп гана макул болдум. Кастингге барып, ошол жерде иштеп калдым. Байыркы заманда жашаган белгилүү инсандын сөзү бар эмеспи: «Келдим, көрдүм, жеңдим» (күлүп). Алгач, жаңылыктардын алып баруучусу болуп иштеп, кийин кабарчы болдум. Башкача айтканда, дароо эле журналистикага киришип кеттим десем болот.

- Жасаган тандооңузга, басып өткөн жолуңузга өкүнбөйсүзбү?

- Жок. Кийинчерээк чыгармачылыкты чындап сүйүп калдым. Кесиптештердин, мага кымбат адамдардын арасынан досторду, пикирлештерди таптым. Кесипте эле эмес, жалпы жашоого байланыштуу көп нерсени үйрөндүм. Бул мен үчүн чоң мектеп болду, мен андан өткөнүмө чексиз кубанычтамын.

- Душмандарыңыз жөнүндө кандай пикир билдиресиз? Балким, көрө албагандар бардыр?..

- Балким, кимдир бирөө мени өзүнүн душманы деп эсептейт, мен билбейм, бирок менде андай нерсе жок. Мен эч кимди душманым деп эсептеген эмесмин, эсептебейм. Албетте, жумуштагы ийгиликтериңди ар ким ар кандай талдашы мүмкүн. Кара ниет, ичи тар адамдар көрө албашы мүмкүн. Бузгусу келгендир. Бирок, мен мындайларды эч качан олуттуу кабыл алган эмесмин. Кесипкөй болууга умтулбай, майда интрига менен алектенген адам үчүн журналистикада ийгилик жок. Журналистикада гана эмес, башка кесиптерде да изденүү, алдыга умтулуу жок болсо ийгиликке жете албайсың. Америкалык жазуучу, антрополог Карлос Кастанеда айткандай: “Адамдын башкы душманы – өзү, анын коркуусу жана келесоолугу”. Ошондуктан, бардык жумуштун негативдүү эмес, позитивдүү жагына гана басым жасоо зарыл. Ошондо гана бийиктиктерди багындыра аласың. 

- Ийгиликтин жакшы рецепти экен. Журналисттик ишмердүүлүгүңүздө кандай эсте калган учурларыңыз болду?

- Андай учурлар көп эле болду. 2010-жылы 7-апрелде болгон окуяны кечке аянтта жүрүп, эмне болуп жатканын бүт тасмага тартып жаттык. Бул абдан экстремалдуу кырдаал болчу. Атышуу, өлгөн, жарадар болгон инсандар... Бул мен үчүн оор тажрыйба болду. Түн бир оокумга чейин тамак-ашты унутуп деле калдык. 2013-жылы Сарууда болгон нааразычылык акциясы да эсимде жакшы сакталыптыр (эгер менин эсимде калганы туура болсо). Ал окуяны чагылдыруу үчүн редакциядан эч ким баргысы келген эмес. Мен өз ыктыярым менен барып, болуп жаткан окуяларды тартып келгем. 

- Биздин коомго журналистика эмне үчүн керек?

- Анткени  журналистика “жарандык коомдун” негизи. Ансыз “ачык коомду” куруу мүмкүн эмес. 

- Ата мекендик журналистикага кандай баа бересиз?

- Ар түрдүү. Профили төмөн басылмалар көп, бирок бул демократиялык коомдо нормалдуу процесс. Мыкты болууга жана тынымсыз өнүгүүгө түрткү берүүчү атаандаштык күрөш сөзсүз болушу керек. Жалпысынан мен ата мекендик журналистиканы абдан жогору баалайм. Биринчиден, профессионалдар бар, экинчиден, эгемендүүлүк жылдарында ата мекендик журналистика журналисттик ишмердүүлүктүн мыкты үлгүлөрүн көрсөтө алды. Тилекке каршы, диктатордук режимдердин курмандыктары да болду, бирок алардын берилгендигинин, тайманбастыгынын аркасында өлкөбүз дүйнөлүк коомчулуктун алдында Борбор Азиянын “демократия аралчасы” статусун багындырды. Ал эми таланттуу журналисттерибиз көп, алардын эрдигине суктанамын.

- Сиз КТРКнын “Ала-Тоо” маалымат программасынын продюсери болуп иштеп турган кезиңизде күнү-түнү көрсөткөн “Ала-Тоо 24” жаңылыктар каналын түптөгөнүңүздү билебиз. КТРКнын санариптик курамына кирген бул канал азырынча Кыргызстандагы күнү-түнү иштеген жалгыз канал эсептелет. Мындан улам эбегейсиз жумуш аткарылганын түшүнүүгө болот. Ошол мезгилди эстей өтсөңүз? 

- Каналды ачуу демилгеси КТРКнын ошол кездеги башкы директору Илим Карыпбековго таандык. Ал ошол убакта бул долбоорду ишке ашыра алабызбы деп мени менен кеңешти. Мен ага толук ишенич менен муну ишке ашырууга мүмкүндүгүн айттым. Бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусуна башында эч ким ишенген жок. Контентти толтуруу, күнү-түнү эфир берүү үчүн биздин өлкөдө мынчалык көп жаңылыктарды кайдан алабыз деген суроо бар эле. Башкы директор эрктүүлүгүн көрсөтүп, жоопкерчиликти мойнуна алып, мага жана «Ала-Тоо» маалымат программасынын жамаатына ишенип, бул ишке негиз салды. Мен башында бул канал иштей албайт го деген ойдо болдум. Анткени жалаң жаңылыктар берилген канал өлкөдөгү бардык окуяларга, ал эле эмес дүйнөлүк кабарлардан да берип турушу керек. Бул үчүн абдан чоң ресурс жана чоң, кесипкөй команда керек болчу. Бир жагынан, күнү-түнү жаңылыктарды айтып турган каналды ачуу – мезгилдин талабы эле. Мен күнү-түнү иштеген европалык “Евроньюс” маалымат телеканалынын мазмунун, контентин, түзүмүн изилдеп чыгып, муну ишке ашырууга мүмкүн экендигине көзүм жетти. Азыр бул идеяны ийгиликтүү ишке ашыра алганыбызга сыймыктанам. Бул мен үчүн абдан чоң тажрыйба болуп калды. Ал эми мага ишеним көрсөткөн Карыпбеков Илим Майрамбековичке ыраазымын. Ал лидерлик сапаты бар, жөндөмдүү, бардык тарапты уга билген, колдоо көрсөтө алган жетекчи эле. Бул чыныгы лидер үчүн өтө зарыл, бирок чанда кездешүүчү жөндөмдөр. Ошентип, 2016-жылы “Ала-Тоо 24” каналы эфирге чыга баштады. 

- Журналистикадан бир аз саясатка өтсөк. Жакында Жогорку Кеңешке шайлоо болот. Ушуга байланыштуу сизден сурайын дегеним, ушул жылдар аралыгында биздин саясат аброюн кетирди деп ойлойсузбу?

- Убакыт электей, ал баарын өз ордуна коёт. Биз жаш мамлекетпиз. Ал эми бизде болуп жаткан окуяларды мен өрчүп жаткан илдет катары кабылдайм. 30 жылдын ичинде биз кылымга тете окуяларды баштан өткөрдүк. Мунун баары биздин тарыхыбыз, эгемен Кыргызстандын тарыхы.

– Саясаттагы кумириңиз ким?

- Менин кумирим жок, бирок мен бир адамды өзгөчө урматтайм, бул - Махатма Ганди. Мүмкүн, ал XX- кылымдын саясий тарыхындагы кемчиликсиз инсандын эң жаркын образы болгондур... Бирок Гандини жаманатты кылган ар кандай авторлордун эмгектери жарыяланып жатат. Бирок бул наадандардын жөн гана курулай аракеттери деп ойлойм. 

- Дайыма жумуш менен алек болгон ишкер айымдын элесин калтырасыз. Кызык, кантип эс аласыз, бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?

- Комплиментиңиз үчүн ыракмат! Чынында, мен эс алуу боюнча такыр башымды оорутпайм. Мүмкүнчүлүк болсо, үй-бүлөм менен жаратылышка барам, жайында Ысык-Көлгө барам, бүттү, өзгөчө эч нерсе жок. Башкалар сыяктуу эле. Чыгынып бир жакка барып эс алууга убакыттын жоктугу тоскоол болот. Ошондуктан, китеп окуп, кино көрүп эс алганды жакшы көрөм. Жолдошум экөөбүз мыкты библио - жана синефилбиз. Үйүбүздө чоң китепкана бар. Сейрек кездешүүчү китептерди чогултабыз, окуйбуз, талкуулайбыз, кино көрөбүз. Кыскасы, жагымдуу нерсени пайдалуу нерсе менен айкалыштырабыз. Бул эң сонун эс алуу.

- Кандай китептерди окуйсуз?

- Жакында эле “Согуш жана тынчтык”, “Кылмыш жана жаза”, “Карыя менен деңиз” китептерин кайра окудум. Ал эми мурда окулбагандардан: Орхан Памуктун “Бейкүнөөлүк музейи”, бир тууган Стругацкийлердин “Кудай болуу кыйын” жана башка көптөгөн авторлордун китептерин окудум. 

- Кинолордончу?

- Мен ар түрдүү тасмаларды көрөм, алгачкы авангарддык кинодон баштап заманбап тасмаларга чейин. Эң акыркы көргөн кином биздин замандын даниялык даңктуу режиссеру Николас Виндинг Рефндин “Драйв” тасмасы болду.

- Жылдыз Имангазиевна, абдан жагымдуу жана кызыктуу маегиңиз үчүн ыраазычылык билдирип, ишиңизге ийгилик каалайм!

- Ыракмат! Сиздерге

Интервью

 

Жаңылыктар

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2