AUCA the best 2

2024-03-28

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Айтурган Темирова: Мен үчүн башкы сыйлык - элдин колдоосу

Ата мекендик белгилүү киноактрисалардын бири, чыныгы элдик артист Айтурган Темированын ысымы кыргыз киносу менен ажырагыс байланышта. Анын чыгармачылык карьерасы мындан 50 жыл мурун Болотбек Шамшиевдин «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» фильми менен башталган.

Кийинчерээк Айтурган Темирова менен көп жылдар бою тагдыр жолдору байланышкан жаш режиссёр (Болотбек Шамшиев), ал кезде мектеп окуучусу болгон жаш кыз – Айтурган Темированын өтө тез убакытта дүйнөлүк масштабдагы кино жылдызына айлануусуна өбөлгө болгон. Болотбек Шамшиев  Темировадан өздүк тереңдикти жана боорукердикти, каармандарга жараша өзгөрүү жөндөмдүүлүгүн көрө алган.1972-жылы Тбилисиде өткөн Бүткүл Союздук кинофестивалда Айтурган Темированын актёрдук чеберчилиги жогору бааланып, ага “Мыкты дебют” сыйлыгы ыйгарылган. Терең драмалык көрүнүштөн комедияга чейинки - экрандагы ар кандай образдарды чагылдыруу жөндөмү, көп жылдар бою жан аябастык менен иштегендиги жана образды жеткирүү үчүн өзүн курмандыкка чалуу мүмкүнчүлүгү Айтурган Темированы кыргыз киносундагы эң көп талап кылынган актрисалардын бири кылды. Ал “Ак кеме”, “Эрте келген турналар”, “Бөрү зындан” сыяктуу көптөгөн тасмаларга тартылып, бул фильмдер болуп көрбөгөндөй атактуулукка жетишти. Сүйүктүү актрисанын катышуусунда тартылган ар бир тасманы миллиондогон көрүүчүлөр көрүп, профессионалдык коомчулук кинофестивалдарда башкы жана атайын сыйлыктарды тапшырышкан.1987-жылы Чыңгыз Айтматов Айтурган Темированын кыргыз  киносунун өнүгүшүнө кошкон зор салымын баса белгилеп, ага Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти наамын берүүнү сунуштаган. Белгилүү жазуучу Айтурган Темированын экранда жалпысынан жыйырмадай жаркын, өзгөчө аял образдарын чагылдырган талантын “кайталангыс, көп кырдуу талант” деп сүрөттөгөн.Кыргыз “ССРнин эмгек сиңирген артисти” наамынан тышкары, Айтурган Темировага “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамы ыйгарылган. Ошондой эле, башка көптөгөн сыйлыктар жана наамдар, анын ичинде Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин Жарлыгы менен белгилүү кыргыз актрисасына II даражадагы «Достық» ордени берилген. Бул жогорку сыйлык Айтурган Темировага Болотбек Шамшиевдин «Снайперлер» тасмасында легендарлуу советтик снайпер, Советтер Союзунун Баатыры, казак аялы Алия Молдагулованын ролун мыкты ойногондугу үчүн берилген.


- 2021-жылы Кыргыз киносунун жана Болотбек Шамшиевдин 80 жылдыгы ал эми “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасынын 50 жылдыгы белгиленип жатат. Бул жылы өзүңүздүн да чыгармачылыгыңызга 50 жыл толуп отурат. Чыгармачылыгыңыз жана юбилейлик даталарга токтоло кетсеңиз. Кандай иш-чаралар өтүп жатат?


- Бул жылы Кыргыз киносунда 4 маанилүү дата: 2021-жылы Кыргыз киносунун негизделгенине жана Болотбек Шамшиевге 80 жыл, ошондой эле “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасына жана менин чыгармачылыгыма 50 жыл толуп отурат. Жыл башынан бери бир топ иш-чаралар өттү. Мисалы, январь айында Ч.Айтматов атындагы республикалык кино үйүндө кино ишмерлеринин жана маданият өкүлдөрүнүн катышуусунда маданий иш-чара өттү. Март айында Бишкек шаарында чыгармачылык кечем жана өлкөдөгү менин атымдан коюлган Айтургандар менен жолугушуу болду. Өлкөнүн булуң-бурчунан Айтурган ысымдуу кыздар келди. Аябай мыкты деңгээлде өттү. Чыгармачылыгыңды эл баалап, кастарлап турса сүйүнөт экен инсан. Андан сырткары, Бишкек шаарынын дээрлик бардык соода борборлорунда сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында да маданий программа жана күйөрмандар менен жолугушуу болду. Ошол эле жерде сүрөт көргөзмөсү да уюштурулду. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Ош шаарында да маданий программа уюштурулду. Мен Ош шаарынан мынчалык колдоо күтпөдүм эле. «Семетей» кинотеатрына эл жык-жыйма толуп, күйөрмандар менен жолугушуу 3 сааттан ашык убакытка созулду. Мындай программалар өлкө ичи менен гана чектелбей, Ташкент шаарына да атайын чакыруу менен барып келдим.

 
- Ташкентте сизге атайын сыйлык ыйгарылды. Ушул боюнча токтоло кетсеңиз... 


- Ташкентте “Жибек Жолунун бермети” XIII эл аралык кинофестивалынын алкагында дүйнөлүк кинонун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн атактуу кино ишмерлерине сыйлыктар тапшырылды. Кинофорумдун беш коногуна 20 миң доллар акчалай сыйлык тапшырылды. Сыйлык алгандардын арасында Никита Михалков - советтик жана орусиялык киноактёр, кинорежиссёр, сценарист, продюсер, Нури Билге Жейлан - Түркиядан келген кинорежиссёр, Канн кинофестивалынын бир нече жолку лауреаты, Сайрам Исаева - Тажикстандын эл артисти, театрдын режиссёру, Радж Капур - индиялык белгилүү актёр, режиссёр жана продюсер сыяктуу атактуулардын арасында мен да башкы сыйлыкка татыдым. Эл аралык деңгээлдеги мындай сыйлыктын берилиши чыгармачылыгымдын 50 жылдыгына карата өзгөчө белек болду десем болот.

 
- Чыгармачылыктагы эмгегиңиз бааланып, Президент тарабынан III даражадагы “Манас” ордени жана Франция Республикасынын адабият жана маданият боюнча сыйлыгы менен да сыйландыңыз....

- Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен III даражадагы “Манас” ордени менен сыйландым. Дүйнөлүк искусство боюнча көрүнүктүү жетишкендиктеримди сыйлоо иретинде француз өкмөтү да “Искусство жана адабияттын офицери” (Officier de l’Ordre des Arts et des Lettres) наамын ыйгарды. Эмгегиң бааланса албетте сүйүнөт экенсиң. Бирок эң башкы сыйлык - элдин, күйөрмандарыңдын колдоосу. Мен үчүн мындан өткөн сыйлык жок. (Ред: “Искусство жана адабият ордени” Франциянын төрт ведомстволор аралык сыйлыгынын бири. Орден 1957-жылдын 2-майында «көркөм же адабий чөйрөдөгү жетишкендиктери же искусство менен адабиятты Францияда жана дүйнөдө жайылтууга кошкон салымы менен айырмаланган адамдарды» сыйлоо максатында түзүлгөн. Сыйлык жөнүндө чечимди Франциянын Маданият жана байланыш министри Орден Кеңеши менен биргеликте кабыл алат).

- 20 жылдан бери Чехияда жашап жатасыз. Сыртта жүрүп да кыргыз киносуна баам салып жүрсөңүз керек? 

- Азыр бир жылда 50-60 тасма тартылып калганы жөнүндө кабарым бар. Бул албетте кубандырат. Союз мезгилинде бир жылда 2 даректүү, 2 көркөм тасма тартылчу. Бул тасмалардын сапаты абдан жогору эле. Ал кезде “Кыргыз кереметине” чындыгында дүйнө суктанчу. “Кыргызфильм” дүйнөгө дүңгүрөп турган мезгилде ошого жараша база болгон эмес, тилекке каршы. Камера, плёнкалар Москвадан алынып турган. Тасма тартылып бүткөндөн кийин кайра Москвага жиберилип, ошол жактан монтаждалып келчү. Бизде болгону администрация эле иштеди. Ал эми казактар же өзбектер өздөрүнүн искусствосуна абдан олуттуу көңүл буруп, аны өнүктүрүүгө жакшы салым кошушкан. Аларда мыкты камералар, абдан чоң тасма  тартчу павильондору бар эле. А бизде мындай мүмкүнчүлүк жок болду. Аларда баары бар, бирок режиссёрлору болбоду. Мыкты тасма жаратуу үчүн Төлөмүш Океевди, Болотбек Шамшиевди чакырып кетишчү. Биздин режиссёрлор казак жана өзбектердеги түзүлгөн шарттарды айтып тамшанышчу. Биз бир жылда 2 фильм тартсак дагы, дүйнөгө дүң боло турган фильмдерди жаратып турганбыз. Мына ушундан улам “Кыргыз керемети” пайда болгон. Азыр болсо, кыска метраждуу тасмаларды кошуп алганда бир жылда абдан көп тасма тартылып калды. Бирок, сапаты кайда? Кино департаменти жөн гана кагазда санын көрсөтүп койгону болбосо, аны искусство деп айтууга такыр болбойт. Бул жөн гана коммерция. Ал эми “Кыргыз кереметинин” жаратуучулары кассага иштеген эмес, алар чыныгы искусство үчүн иштешкен. Тасмалардан түшкөн каражат мамлекеттин эсебине которулуп, киночуларга сый акы эле төлөнүп берилип турган. Мыкты тасма тарткандардын даражасы көтөрүлүп, орден же медаль берилген. Азыр болсо кино тарткан командада кесипкөй адистер дээрлик жокко эсе. Киночулар таарынбай эле койсун, кыска мөөнөттүү курстарды бүтүп алып эле кино тарткан болбойт. Азыркы замандын техникасы менен не деген эмгектерди жаратса болот. Тилекке каршы, кесипкөй киночулардын аягы суюлуп баратат. Искусствого олуттуу мамиле керек.

- Мурда тасма тартылаар алдында көп убакыт даярдык  жүргөн. Жадагалса, ар бир эпизодду колго сүрөткө тартып чыгышкан экен...

- Биздин учурда алгач адабий сценарий, андан соң кино сценарий жазылчу. Болотбек Шамшиев сценарий жазганда ар бир кыймылды ойлончу. Ар бир эпизодду мен аткарып көрүп, убакытын да эсептеп чыкчу. Ошентип, тасманын хронометражын чыгарчу. Азыркы режиссёрлор жөнөкөй дептерге жазылган сценарийди көтөрүп келген учурлар болду. Мен муну башында тамаша катары кабыл алчумун. Тасма тартылып жаткан учурда көп эпизоддор өзгөрүп кетет. Бул кино эмес да, бул искусствого жатпайт. “Сизди тартып калалы, бир жуманын ичинде бүтүрүп коёбуз” деп көп айтышат, мындай болбойт. Тартылып коюп, үйгө жеткенче афишасы чыгып калат. Мүмкүн мезгилдин талабыдыр, мүмкүн азыр ушунчалык күчтүү режиссёрлор чыгып кеткенби деп коём... Болотбек Шамшиевдин тасмаларын алып карасак, актёрлордун ар бир кыймылы бул - Болоттун кыймылы. Муну тастыктаган сүрөттөр да бар. Шамшиев алгач өзү ойноп, көрсөтүп берчү. Аны менен 25 жыл бирге жашап, дем алганынан бери билем. Бирге канча сценарий жаздык, канча эпизоддорду ойнодук, канча эмгек жараттык. Ар бир актёрдун кыймылында, сөзүндө, көз карашында Болотбекти көрүүгө болот. “Ак кемедеги” Нургазы, Момун, Ороскулдун образы – бул Болоттун образдары. Эпизодду тартаардын алдында өзү ийне-жибине чейин көрсөтүп берчү. Шамшиев таланттуу режиссёр гана эмес, таланттуу актёр да болчу. Ал эгер кинодо роль жаратса, ар бир эпизоду үчүн сыйлык алмак. Мисалы, “Манасчы” даректүү тасмасын алалы. Саякбай Каралаев өзү тасмадагыдай отуруп, ошондой кыймыл-аракет менен Манас айткан эмес. Каралаевдин образын ийне-жибине чейин Болотбек Шамшиев иштеп чыккан. Манас айтып жатканда шилекейи чачырап кеткен кыймылдар да режиссёрдун көз карашы. Ар бир мимикасын иштеп чыккан. Муну көпчүлүк билбейт. Ошол эле Сүймөнкул Чокморов. Чокморовду элге тааныткан да Болотбек Шамшиев болгон. Экөө жолукканга чейин Сүймөнкул Чокморовду көп режиссёрлор чакырып, бирок жактырбай жүрүшкөн экен. Ал мезгилде Шамшиев “Караш караш окуясынын” сценарийин жазып жүргөн. Режиссёр катары Бактыгулдун образын элестетип, көңүлүнө түйүп жүрсө керек. Театрлардан актёрлорду караштырып, бирок жүрөгүндө жашап жаткан Бактыгулду таппай жүргөн. Анан эле “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанында өтүп баратып, аялдамада турган Чокморовду көрүп калат. Бактыгулдун образы дароо көз алдына тартылып, Сүймөнкулга ушул ролду сунуштайт. Бирок, ал буга чейин канча кастингге барганын, бир да ролго алынбаганын айтат. Ага да болбой Шамшиев Чокморовду үйгө алып келип, 3 ай актёрдук чеберчиликтин сырларын үйрөтөт. “Караш караш окуясы” тасмасы экранга чыккандан кийин Сүймөнкул Чокморов “Мыкты эркектин ролу” сыйлыгына татыган. Кишинин талантын ачып берүү ар бир эле режиссёрдун колунан келе бербейт. Бул талант Болотбек Шамшиевде абдан жакшы өрчүгөн эле. “Адамда ийилчээктик болсо эле андан түрдүү образды сууруп чыкса болот”, - деп айтып калаар эле. Ар бир актёрду ар тараптан ачып бере турган таланттуу, залкар инсан эле.

- Болотбек Шамшиев акыркы 30 жылда тасма тартпай калды. Кино тартып жүргөн учурда деле бир топ кыйынчылыктар болгонун кулагыбыз чалып калат...

- Болот талапты абдан жогору койгон режиссёр эле. Кино – бул анын стихиясы болчу. Акыркы 30 жылда тасма тартпай кантип жашап жүргөнүнө таң калган жайым да бар, чындыгында. Бул учурда да бош отурбай китеп жазып, бир канча эмгектери жарык көрдү. Шамшиев кино тартып баштаганда, команда топтоо жараянына абдан олуттуу көңүл бураар эле. Жадагалса, айдоочуларга чейин кылдат тандап алып жүргөн. “Шамшиевдин тасмасына тартылгандан кийин бир чоң окуу жайды бүтүп чыккандай болосуң”, - деп актёрлор бекеринен айтышпайт да. Баштаган ишин аягына чыгарган режиссёр эле. Уктабай да койчу. Түнү менен монтажда отура берчү. Ар бир деталга көңүл буруп, керек болсо гримди да өзү койчу. Кийимдердин топчусуна чейин карап чыкчу. Ал эми эптемей жумушка көнүп алган адистер албетте муну жактырчу эмес. Ошондуктан, Шамшиевдин кинодогу ишмердүүлүгү тууралуу да жакшы сөз айткан киши аз болду окшойт.- Болотбек Шамшиевдин акыркы чыккан китептерин окуп көрсөк, Шамшиев таланттуу режиссёр же актёр гана эмес, таланттуу жазуучу да экенине күбө болобуз...- Ооба. Чыңгыз Айтматов менен сценарийдин үстүнөн иштеп жүргөндө, Айтматов аны адабиятка көп жолу чакырды. Шамшиев болсо убакыт тардыгын, мезгили келгенде сөзсүз түрдө жазмакерликке баш багаарын айтып калчу. Убакыт жетип, адабиятка да салым кошуп кеткенине абдан кубанам. “Эсимде” китебин Шамшиевдин шедеври деп эсептейм. Көп тааныштарым окуп чыгып, уландысын сурап жүрүшөт. 

- Сиз казактардын “Мергенчи” тасмасына тартылгансыз, боордоштор менен байланыш барбы?

- Албетте бар. Казакстанда жыл сайын 9-майга карата “Мергенчи” тасмасы бардык телеканалдардан көрсөтүлөт. Ошондуктан, боордоштор ар кандай иш-чараларга байма-бай чакырып турушат. 3 жыл мурда Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев II даражадагы “Достук” ордени менен сыйлады. Андан башка көптөгөн сыйды көрүп жүрөм. Абдан ыраазымын.

- Кыялыңыздагы образ?

- Болотбек Шамшиев “Манасты” трилогия кылып тартам деген максатта жашады. Мен анда жашмын. Айчүрөктүн образын жаратам деп абдан толкунданып жүрдүм. Убакыт өтүп, Каныкейдин ролун эңсеп баштадым. Менин кыялымдагы образдар ушулар эле. Бул мүдөө ишке ашпай, кыялдар орундалбай калды. Бирок үмүт өчпөйт экен, эми “Манас” тартылса мүмкүн, Чыйырдынын образын жаратып каламбы деп күлүп калам. Ошентсе да, жараткан образдарым, ролдорум менен сыймыктанам. Белгилүү режиссёрлордун кинолорунда тартылдым, көрүмдүү тасмалар болду. Кыргыз киносунун өнүгүшүндө салымым бар, ошондуктан кылган эмгегим үчүн өзүмө-өзүм абдан ыраазымын.

- Театрга чакырыштыбы?

- Чакырышты. Билесизби, театрдагы киши туруктуу ошол жерде иштеши керек. Командировка, гастроль көп болот. Ошондуктан, шартыма туура келбеди. Анүстүнө, азыр мен чоң энемин, таенемин, апамын, жубаймын. Европадан Кыргызстанга жай мезгилинде гана келем. Бул убакты балдарым, неберелерим менен өткөргүм келет. 30 жылдан ашык чыгармачылыкта болдум, көп образ жараттым. Эми өзүмдүн жеке ролумду аткарууну чечтим.

- Бирок, баары бир чыгармачылыкты таштабапсыз...?

- Ооба, Европада да жөн жүргөн жокмун. Эл аралык фестивалдарда калыстык кылып жүрөм. Ыр жаздырып, альбом чыгардым. Жолдошум экөөбүз спорт менен алектенип, дүйнө кыдырып саякаттап жүрөбүз.- Жолдошуңуз жөнүндө айта кетсеңиз?- Жолдошум менен 20 жылдан бери жашап жатабыз. Кыргызстанда таанышканбыз, ал Борбордук Азияда көп иштегендиктен тилди да, каада-салтыбызды да жакшы билет. Абдан активдүү жашоо образын карманат. Илимдин доктору, альпинист, велосипедчи. Кыргыз элине болгон сый-урматы бийик инсан.


- Калың эл сиздерди жана Болотбек Шамшиевди бир гана чыгармачыл инсандар катары эмес, мыкты уул-кыздардын ата-энеси катары тааныйт. Мисалы уулуңуз Чыңгыз Шамшиев өлкөдөгү көрүнүктүү, жаш окумуштуулардын сап башында. Кызыңыз Сүйүтай Шамшиева да терең билимдүү айым. Айтсаңыз билимдүү, ийгиликтүү перзенттерди тарбиялоонун сыры эмнеде?


- Ырыкмат! Бизге акылдуу, билимдүү балдарды бергени үчүн Жаратканга шүгүр кылам. Бала тарбиялоодогу маанилүү нерсе - аларга көңүл буруу, биргеликте көбүрөөк убакыт өткөрүү жана алардын ою менен эсептешүү. Балдарыбызды оюн эркин айтууга үйрөтүп, өзүбүз да аларга сылык мамиле кылууга жана аларга өрнөк болууга аракет кылышыбыз керек. Себеби бала укканын эмес көргөнүн кылат. Көргөн нерселери аларга көбүрөөк таасир берет. Ата-эне өзү тыкан, сарамжал болуп, баскан турганы менен аларга үлгү болсо, балдар да ошондой болот. Өзүбүздү оңдобой туруп, алардан бир нерсе талап кылган туура эмес деп эсептейм. Болот убакыты тар болсо да, жумуштан кеч келсе да ар дайым балдардын окуусуна көңүл бурат эле, алар менен отуруп бирге сабак кылат эле, билген нерсеси болсо мактап, шык берип, билбегенин акырын, жатыгы менен түшүндүрөт эле. Баланын ийгилиги эч качан бир тараптуу болбойт. Биздин балдарыбыздын бүгүнкү даражага жетишине Болоттун да салымы көп. 

- Киночуларга кандай каалооңуз бар?

- Мен табиятымдан оптимисттик көз караштагы адаммын. Ошондуктан, кыргыз киносунда келечекте коммерциялык максатта эмес, искусство үчүн иштеген Төлөмүш Океев, Болотбек Шамшиев, Мелис Убукеев сыяктуу таланттуу, залкар инсандар өсүп чыгат деп ишенем. Азырынча, кыргыз киносунда тыныгуу болуп жаткансыйт...

Интервью

 

Жаңылыктар

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү ачылды – фоторепортаж

“Maxim Demidov” зер жасалгалар үйү Бишкекте - ORO EXPO

ORO EXPO: Ювелирный дом Maxim Demidov в Бишкеке

ORO EXPO: Зер жасалгаларды өз баасында алыңыз - кирүү акысыз

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2