AUCA the best 2

2024-04-25

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Айжан Чыныбаева: Чет өлкөдө билим алып жаткандар Кыргызстанга кайтып келсе экен деп кыялданам

Экология маселеси Кыргызстанда гана эмес, дүйнөдө актуалдуу маселеге айланды. Бул темада өлкөдөгү экологиялык көйгөйлөрдү көтөрүп, дүйнөлүк масштабда иш-чараларды өткөрүп келе жаткан "Эко-Деми" коомдук фондунун президенти Айжан Чыныбаева менен маектештик. 

- 2021-жылы “Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү” Кыргызстанда ийгиликтүү өттү. Канча тонна таштанды чогулта алдыңыздар?

- “Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү” мурунку аптада эле өткөндүктөн, али эсептеп бүтө элекпиз. Маалымат чогултуу процедурасы Кыргызстанда да, бүткүл дүйнөдө да үч жумадан ашык убакытты талап кылат.

- Сиз 2014-жылдан бери Кыргызстан боюнча таштанды менен күрөшүп келе жатасыз. Бул ишмердүүлүк кандай башталды? Эмне үчүн бул идеяны көтөрдүңүз?

- 2014-жылдан баштап ресторан тармагында иштеп, алар менен тоого эс алуу үчүн көп каттай баштагандыктан бул маселеге көңүл бура баштадым. Биз эс алгандан кийин өзүбүз отурган жайды сөзсүз тазалап кетет элек. Бара-бара кошуна талааларды да тазалоого өттүк. Кийинчерээк тазалык акцияларын туруктуу өткөрө баштадык. Командабыз белгилүү бир аймакты жалпылап тазалоо сунушун киргизип, аны ишке ашырдык. Ысык-Көлдүн да таза эмес экендигин көрүп, “Фейсбук” аркылуу ыктыярчыларды топтоп, көлдүн жээгин таштандыдан арылта баштадык. Ыктыярчылардын арасында аялдар, пенсия курагындагы ата-апалар, балалуу энелер да бар экендиги мени чындыгында кубантып, бул багыттагы ишти андан ары улантып кетүүгө шыктандырды. 

- Мындай иш-чараларга каражатты кайдан аласыз?

- Ысык-Көлдү биринчи жолу таштандыдан тазалаганыбызда мен өз капчыгымдан бир автобуска эле 30 миң сом акчаны жумшагам, а автобустар үчөө болчу. Мага досторум, өнөктөштөрүм көп жардам беришти. Алар мага каптарды, колкаптарды алууга көмөктөшөт. 

- Пикириңиз менен бөлүшсөңүз... Өнүккөн өлкөлөрдө таштанды таштаган жаран айып пул төлөйт, биз айып пул салуу системасын киргизе алабызбы?

- Мурдагы премьер-министр Мариповго иш планыбызды тапшырган элек. Айып салуу, таштанды чыгаруу боюнча конкреттүү сунуштарыбыз бар. Жаңы депутаттар келгенде биз аларга айып пул боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды берерибизди белгилеп кетким келет . Менимче, мурунку мыйзамды түшүнүү бир аз кыйын. Таштанды таштаганыңыз үчүн 5000 сом төлөө кантип болсун, башым жетпейт. Мындай көлөмдөгү айып пулду ар бир адам эле төлөй албайт. Эл ага реакция кылбайт. Көпчүлүк муну ойдон чыгарылган, реалдуу эмес деп ойлошот. Биз бул бааны түшүргүбүз келет. Мисалы, 1000 сомго. Эгер бир адам таштанды таштаса, анда ал базага киргизилет. Кийинки жолу ага айып пул салынат. Бирок, жанында акча жок болсо, анда ал түзөтүү жумуштарына жөнөтүлөт. Мына ушул система адилеттүү болот деп ойлойм. Мындай иштер калк менен биргеликте жүргүзүлөт. Белгилей кетсем, бул мыйзамды кабыл алуу үчүн 10 миңдей кол топтогонбуз.

- Ушунча элди кантип чогултуп, андан да кыйыны аларды кантип кармап турасыз?

- Ыктыярчылыктын өзү туруксуз. Бүгүн кимдир бирөө активдүү болсо, эртең ооруп калат, анын эртеси миссиясын бүттү деп ойлойт. Ар бир коллективде болгондой эле команда дайыма алмашып турат.

- Белгилүү бир аймакты тазалоодон тышкары, сиздердин бирикме дагы эмне жумуш кылат?

-Учурда бир долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Ишканаларга, уюмдарга жана мамлекеттик органдарга белгилүү бир аймакты бөлүп алып тазалоону сунуштап жатабыз. Жалпысынан 100 аймак болушу керек. Алар ай сайын ошол аймакты тазалап туруулары керек болот. 

- Экологиялык активдүүлүк жолдошуңузга жана балдарыңызга кандай таасир этет?

- Мен бул ишти баштаганда жолдошум колдогон эмес. Ал бул жөнсүз идея экенин айткан. Бирок, көп өтпөй көп сандагы ыктыярчыларды көргөндө аябай таң калды. Ал эми балдар болсо, дайыма ишембиликти күтүп, жадакалса жер бөлүп берүүнү суранышат. Менин таштандыларды тазалоо идеям ден соолугу чектелген адамдарды да четте калтырган жок. Ысык-Көлдүн жээгин тазалоого коляскада отургандар, көрүүсү начар адамдар да келишти. Мен мындан абдан таасирленип, көзүмө жаш тегеренип, бул жумушту улантууга дилгирлендим. 

- Сиз мындан бир нече ай мурун экс-мэр менен мындан ары иштеше албай турганыңызды жана Бишкек шаарынын вице-мэри кызматынан кетүү боюнча арызыңыз тууралуу билдирүү бергенсиз. Сиздин кетишиңиздин негизги себеби ушул беле?

- Бактыбек Кудайбергенов жөн гана башка муундун өкүлү экен. Экөөбүздүн ой жүгүртүүбүз  туура келбей калды окшойт. Мен жаңы форматтын менеджеримин. Эл аралык бизнес структураларында иштегем. Мисалы, “Хаят” мейманканасында 5 жылдан ашык иштедим. Эсимде, стартап топтордун бири Швейцария менен Америкадан жөнөтүлгөн. Мени сатуу боюнча менеджер кылып тандашканына азырга чейин кубанам жана тажрыйба топтогонума ыраазымын. Албетте, жумушта стресстик жагдайлар болот, бирок сын конструктивдүү болушу керек. Негизи мен үчүн Түлөбаев Балбак Зарлыкович менен иштешүү абдан ыңгайлуу болду. Анткени ал дагы жаңы формациянын адамы. Анын башкаруу стили - ишенүү. Ал: «Мен жыйынтык күтөм, ага кантип жетишериң мени кызыктырбайт», - дечү. Ал эми СССРде туулуп-өскөн Кудайбергенов Бактыбек Жапарович бургулоого көнүп калган. Мен дагы лидерди түшүнүп, анын менден эмнени каалап жатканын билгим келет. Албетте, көп кесиптештерим бир аз күтүп, чыдайлы дешти, бирок мен өтө албай турган принциптер бар...

- Аял кишиге жетекчилик кызматта иштөө кыйынбы?

- Биз эзелтен абийирдүү калк келебиз. Негизи кыргыздын эркектери, айрыкча шаарда, аял жетекчини туура эле кабыл алышат. Менде бул боюнча маселе болгон жок. Тескерисинче, айрым учурларда мен үчүн жеңил дагы болду. Аял болгондон кийин кээде алсыз боло аласың. Бирок, ошол учурда маселе башкада болчу. Ата-энелер мектептерди ачууну суранып жатышты, бирок коронавирус боюнча башкы штаб инфекция жуккандардын саны абдан көбөйүп жаткандыктан, мектептер ачылбашы керектигин билдирип жаткан...

- Кандай долбоорлор ийгиликтүү болду?

- Биринчи долбоордо биз мектеп окуучуларынын сабакка болгон сүйүүсүн ойготууну көздөгөнбүз. Мисалы, дене тарбиясын алалы. Окуучулардын спорт менен машыгуусун кызыктуу кылуу үчүн биз белгилүү профессионал спортчуларды, тактап айтканда, олимпиадалык спортчуларды тартууну кааладык. Эң негизгиси балдарды спортко кызыктыруу болду. Ушундай эле методика искусство мектебинде колдонулат. Белгилүү сүрөтчүлөр менен мастер-класстарды, өркүндөтүүчү сабактарды өткөрүү. Дагы бир долбоор QR коддору менен байланышкан. Шаардагы бардык тарыхый имараттарда белгилүү маалыматтар болушу керек. Мисалы, бала басып баратып бир имараттын жанына келди, анын кандай имарат экенин билбесе, телефонунан QR кодду белгилеп, имарат жөнүндө толук маалыматты көрө алат. Мындай жол менен бүт шаарды санариптештирүүгө аракет кылабыз. Мэрияда иштеп жүргөндө китепканаларды реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууга аракет кылдым. Китепканаларды жаштардын, чоңдордун жана балдардын бири-бири менен сүйлөшө ала турган заманбап жайга айландырууну каалагам. Адамдар баарлашуудан ырахат ала турган интерактивдүү мейкиндикти түзүүгө чоң каалоом бар. Негизи бул долбоорду шаардын кичинекей бюджети менен да ишке ашырууга болот.

- Сиз экологиялык кеңеш уюштурган болчусуз?

- Ооба, туура. Эксперттик кеңеш жумушчу топ болуп саналат. Мен төраганын орун басарымын. Ошол кездеги премьер-министр Артем Новиков менен бир нече кеңешме өткөрдүк. Айтмакчы, Кыргызстандын экологиясын жакшыртуу планын чогуу иштеп чыкканбыз. 

- Сиздин маектериңизден билгенибиздей мектептердеги дааратканалардын абалын жакшыртууну каалайсыз? Эмнеге?

- Дааратканаларды толугу менен алмаштыруу керек. Совет доорунда 2 даараткана 500 окуучуга ылайыкталган болсо, азыр бир мектепте 2-3 миң бала окуйт. Балдардын саны көп болгондуктан, дааратканаларды алмаштырып, жаңыдан куруу зарыл. Ал эми  көчөлөргө да заманбап, жылуу дааратканаларды куруу замандын талабы. 

- Сиз мындан бир нече жыл мурун Кыргыз Республикасындагы Норвегия Королдугунун консулу болгонсуз...

- Мен Ротари клубунун президенти болуп иштеп турганда, Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн жанына кошумча цехтердин имараттарын куруу боюнча долбоордун үстүнөн иштегенбиз. Бул проект норвегиялыктардын катышуусунда ишке ашкан. Кийин дагы бир долбоор норвегиялыктар менен ийгиликтүү ишке ашты. Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн социалдык жатакана курулду. Ошондон кийин Норвегиянын элчиси мага консул болууну сунуштады. Ал үчүн мен ишеничтүү киши болчумун.

- Социалдык тармактарда айымдар сиздей болгусу келерин көп жазышат. Алар үчүн сиз идеалдуу аял, эне, жарсыз. Кандай сапаттарга ээмин деп ойлойсуз?

- Мени жактырган жана жактырбаган адамдардын белгилүү бир тобу бар. Мен аларга ыраазычылыгымды билдирем. Элдин жактыруусуна ээ болуу, үлгү болуу - чоң жоопкерчилик. Бул боюнча атайын курс даярдап жатам, жакынкы арада чыгат, баары мени көрө алышы үчүн аны видеого жаздырам.

- Сиз «Курак» аялдар форумун жетектедиңиз. Бул багытта эмнеге жетиштиңиз?

- Мен үч жылга жакын “Курактын” жетекчиси болдум. Форум түзүлгөндөн бери эң узак убакыт иштеген жетекчи болгонумду белгилегим келет. Бизге ШКУ форумун өткөрүү боюнча жогорку миссия жүктөлгөнүнө сыймыктанам. - Биздин өлкөнү жакынкы жылдарда кандай көрөсүз?- Азыр чет өлкөдөн билим алып жаткан мыкты уулдар Кыргызстанга кайтып келсе деп кыялданам. Табиятыбызда таштанды болбой турган күндү кыялданам. Уникалдуу өлкө болсок деп кыялданам.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2