2024-12-23
Интервью
Бөдөш Мамырова: V чакырылыш бир топ күчтүү болгон
Жогорку Кеңештин VII чакырылышы шайланды. Алгачкы отурумда эле тандалып келген депутаттар бир топ копол маселелерди көтөрүп, айрымдары элдин сынына кабылды. Белгилүү саясатчы, коомдук ишмер жана Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Бөдөш Мамырова буга чейинки чакырылыштардын бедели, курамы жана деңгээли тууралуу айтып берди.
- Бөдөш Аманбаевна, саламатсызбы! Биз сизди мурдагы чакырылыштагы активдүү айым депутаттардын арасынан тааныган элек. Азыр да аял саясатчылардын арасында абройго ээ, өзүңүздүн саясий салмагыңыз бар саясатчылардын катарындасыз десек болот. Айтсаңыз, ошол 2010-2015-жылдардагы V чакырылышта депутат болуп иштедиңиз. Ошол 5 жылдык депутаттык мөөнөтүңүз тууралуу айтсаңыз, кандай тажрыйба топтодуңуз, кандай катачылыктар кетти, кандай жетишкендиктер болду жана V чакырылышка кандай баа берет элеңиз?
- Саламатсыңарбы! Мен негизи саясатка 2010-жылы келген жокмун, андан бир топ мурун аралашкам. Кыргызстандагы демократиялык жолго бет алабыз деген учурда саясий ой-толгоолордун, саясий жүрүштөрдүн жана окуялардын арасында жүрдүм. 2003-жылы шайлоого биринчи жолу катыштым. Анда «Ар-намыс» партиясынын абдан активдүү мүчөсү элем. Шаардык Кеңешке шайлоого катышып, бул партиянын тегерегиндеги бир топ кысымдарга байланыштуу өтпөй калганмын. Андан кийин 2005-жылкы шайлоого да катыштым. Анда дагы жол болгон жок. Өзүңөр билесиңер, 2005-жылдагы шайлоо абдан орчундуу бурулуш менен аяктады. Кийин 2008-жылы Жогорку Кеңеш Бакиев тарабынан таратылып, кайра мөөнөтүнөн мурда шайлоо болгондо ага да «Ар-намыс» партиясынын катарында катышканбыз. 2010-жылы кайра эле «Ар-намыс» партиясынан шайлоого катышып, ошондо мен Жогорку Кеңештен орун алдым. Жогорку Кеңешке барганга чейин Убактылуу өкмөттүн курамында миграция министрлигине бардым. Бул жакка да жөн жай эле келип калган жокмун. Ошондогу саясий окуялардын, Кыргызстандагы бийлик алмаштыруулардын абдан активдүү катышуучусу болгонум үчүн бул кызмат мага берилди. Азыркы учурда артка кылчайып карасам, кээде өкүнүп кетем. Себеби, бийликти мыйзамсыз жол менен алмаштыруунун катышуучусу катары келип калгандыгым болду. Бирок ал деле жөн болгон жок. Элдин, көпчүлүктүн талабы болду десем жаңылышпаймын.
- Убактылуу өкмөттүн курамындагы ишмердүүлүк боюнча...
- Убактылуу өкмөттүн курамында министрликке кандидатурамды көрсөтүп, ошол жерде иштеп калдым. Абдан кызыктуу министрлик экен. Бир топ жакшы жумуштарды баштап, тилекке каршы баштаган иштеримди аягына чыкпай шайлоого кетип калдым. Мекенден алыста жүргөн мигранттардын электрондук дарегин түзүү боюнча жумуш башталган эле, демилгечи өзүм болчумун.
- V чакырылыш жана депутаттык ишмердүүлүк жөнүндө кеп салсаңыз?
- Депутат болуп, фракциянын ишеними менен төраганын орун басары болуп иштедим. Өзүңөр билгендей, ошол жылы шайланып келген парламент - Кыргызстандын тарыхындагы биринчи жолку толук кандуу партиялык система менен, башкача айтканда парламенттик башкаруу системасы киргизилгендеги биринчи парламент болуп эсептелет. Ушул жагынан алып караганда парламенттин иштөө стили, табияты, көз караштары да мурдагы чакырылыштарга окшобогон болчу жана ошондой болушу керек эле. Жаңы Конституция кабыл алып, ошонун негизинде мурдагыдай баарын президент башкарып, жоопкерчиликке келгенде аткаруу бийлигине түртүп койгондон алыс бололу, бийлик бир колго топтолбосун, эгемендик алгандан бери бир да жолу бийлик мыйзамдуу жол менен алмашкан жок деп ушундай жолго түшкөнбүз. Парламенттик башкаруунун киришине ушул нерселер түрткү болду жана 2010-жылы болгон орчундуу маселелерден кийин адамдардын да көз карашы өзгөрдү. V чакырылыш оош-кыйыштуу болсо да, бир топ күчтүү парламент болгонун баса белгилегим келет. Себеби 5 фракция иштеди. Анын ичинде ачык-айкын оппозициялык маанайдагы партиялар келди, ортолукту карманган жана ошол эле мезгилде Убактылуу Өкмөттүн же болбосо президенттин, өкмөттүн жүргүзгөн саясатын колдогон, ошого ыктаган да фракциялар болду.
- Парламенттик башкарууда президенттин таасири кандай болду?
- V чакырылышта ар түрдүү фракциялар менен иштедик. Чындыгында талкуу болгон жерде, талаш болгон жерде иш жакшы жүрөт экен, бири-бириңди толуктап турат экенсиң. Ал эми парламенттик башкаруу болуп, президенттин мыйзамдуу түрдө жоопкерчилиги азайганы менен ал көмүскөдө дагы эле бийлигин жүргүзүп турду. Биз ошол психологиядан бат арылып кете албай койдук. Өкмөттү парламент курады, баары бир президенттин администрациясы парламенттен дагы өтүп, парламент кураган өкмөттү башкарып, көзөмөлдөп турду. Алардын көзөмөлү жок көп нерсе өтпөйт эле, анткени президенттин парламентте өзүнүн түзгөн фракциясы бар болчу, өзүнүн партиясы менен келген. Ошол жагынан да, мыйзамдуу тикелей болбосо дагы кыйыр түрдө, көшөгөнүн артында башкарып турган.
- V чакырылыштын бедели, курамы жана деңгээли кандай болду?
- 2010-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин биз кош бийликке ээ болуп калдык десем болот. Өкмөттү парламент курайт, президент көзөмөл кылат. Ошол жагынан өкмөт да бир топ чайналды. Азыр айтып жатышпайбы, улам эле премьер-министрлер садага чабылып турду да. Бир жагынан жаңы өкмөттү курагандан кийин, парламентке парламенттик башкарууну түшүнгөн, парламенттин ийне жибине чейин билген, деңгээли жеткен депутаттар келди дегенден алысмын, ар кандай адамдар келди. Башкаруучу коалиция деп коалиция түзүлдү. Коалиция өкмөттү курады. Булар өкмөттү толук бойдон, министрлерди койгон жагынан бир тамакты бөлүп алгандай эле бөлүп алышты. Ошол жагынан өкмөт эки ара ойдо турду, бир жагынан башкаруучу коалицияга ыктап турат, көз каранды. Анткени алар түздү да. Экинчи жагынан президентке. Ар бир коалиция өзүнүн адамдарын киргизип жатты. Ошол эле мезгилде күчтүү парламенттик оппозициялык фракциялар иштеди. Күчтүү көз карашы бар оппозициялык маанайда ошол өкмөттүн кемчилигин, парламенттин да кетирип жаткан калпыстыгын, ошол эле мезгилде көшөгөнүн артында туруп алып президенттин администрациясынын жылжытып жүргүзүп жаткан иштерин да сындап бетке айтып турган, көп болбосо дагы саналуу сандагы күчтүү депутаттар турду. Бирин-бири толуктап отурушту. Мен күчтүү парламент болду дегеним бул салыштырмалуу. Бизде “Легендарлуу парламент” болгон. “Однополый” парламент деген ат менен калган, “чөнтөк” парламент деген ат менен калган чакырылыш болгон. Бул жылы деле көрдүңөр, “чимкирик” парламент деген атка конду. Ошолордун ичинен, “Легендарлуу парламентти” эске албаганда, биздин чакырылыш өз деңгээлинде күчтүү парламент болду.
- Кумтөрдү иликтеген депутаттык комиссия боюнча оюңуз?
- Кумтөр көп убакыттан бери көйгөй болуп келе жаткан абдан чоң маселе. Анын ичинде эмне болуп жатканын, биздин байлыгыбыз кайда кетип жатканын эч ким билбейт эле, ичине эч ким кире албайт эле. Биздин чакырылыш бул маселени көтөрүп, ийне-жибине чейин алып чыктык. Биздин аракетибизден кийин өкмөт ойгонуп, “Кумтөрдүн” айтпай аткарып келе жаткан ишин ачыкка чыгарып койду. Бул “тигилерге” жакпай калды да, андан кийин биздин өкмөт менен, ошол эле мезгилде президент менен, президенттин администрациясы менен сүйлөшкөндөн кийин алар депутаттык комиссияга ишенбей, алар дагы кайра комиссия түзүп, дагы изилдеген. Учугу эмдигиче чубалып келе жатат. Андан тышкары, Ош окуясы боюнча абдан чоң изилдөө болду, аны да депутаттык комиссия абдан так алып чыккан. Ага карабай сырттан башкаруу киргиздик, алар мыйзамдарды кабыл алды.
- ЖЭБди реконструкциялоо иштери бир топ чатактар менен коштолду...
- ЖЭБди реконструкциялоо боюнча мыйзамды ратификациялап жатканда канча кырчылдаштык. Бул туура эмес келишим болуп калганын ошондо эле айтканбыз. Биз келишимди кылдат карап да чыккан эмеспиз, даяр түзүлгөн келишимдин негизинде Кытайдан каражат алынган. Келишимде реконструкциялоо иштеринен кийин “эч кандай доо коё албайбыз” деп көрсөтүлгөн эле. Ага ылайык, туура эмес жасалып жаткан жумуштарга да биз сын тага албайт элек. Бул маселени жабык эшик артында талкуулап, абдан кыл чайнашканбыз. Көрсө, реконструкция бүткөндөн кийин суу кайнап, буу чыкканда химиялык тазалоочу казан жаңыланбай калган экен. Ошонун ичинен түтүн менен кошо чыккан оор металлдар түтүккө жармашып калып калчу экен. Азыр болсо оор металлдар абага көтөрүлүп жатат. Ошол үчүн шаарды ыш каптап жатат.
- Мөңгү мыйзамы боюнча да айтып берсеңиз?
- “Кумтөрдүн” кызыкчылыгындагы “Давыдов” – дүйнөдө аз санда кездешүүчү мөңгү. Бул мөңгүгө кызыккан, изилдеген далай окумуштуулар болгон. Ошол мөңгү жөнүндөгү мыйзамды да талашып-тартышып жатып биз кабыл албай койгонбуз. Ал жердеги трагедияны мен өз көзүм менен көргөм. Мындан кийин да изилдей турган болсоңор, жердин астына киргиле. Мөңгүгө чоң коркунуч туулуп турат. Кийин мөңгүнү кесип, башка жакка жылдыралы, үстүнөн мурункудай каза берели дешкен. Биз буга да каршы турганбыз. Күчтүү, эрктүү депутаттар көп эле. Тилекке каршы, кийинки чакырылыш Алмазбек Атамбаев кызматтан кетип жатканда мөңгү жөнүндөгү мыйзамды кабыл алып берди. Мына ушундай бир топ факторлорду мисал кылып, V чакырылыштын курамы салыштырмалуу күчтүү болду. Мыйзам чыгаруу жагынан да, маанилүү маселелерди караган жагынан да, өкмөттүн курамын бекиткен жагынан орчундуу ою бар, деңгээли бийик чакырылыш болду.
- VI чакырылышка шайлоо кандай болду?
- Өзүңөр көрдүңөр, 2015-жылдагы шайлоо абдан жакшы электен өттү, абдан жакшы синтезделди. V чакырылыштагыдай бийликтин көкөйүнө тийген, көзүнө сайып чындыкты айтып турган депутаттарды атайын буюртма менен парламенттин курамына киргизбей койду. Шайлоого бир жыл калганда, 2014-жылдан кийин эле: “Эже, биз чогуу барабыз, партияны күчтөндүрүп жатабыз”, - дегендер, шайлоого жакын калганда ал оюнан баш тартып, мен үчүн партиясы өтпөй калышын каалабай турганын бетиме эле айтышты. Мен аны туура эле түшүндүм. Анткени, 2014-жылы биз жумушубузду баштаганда эле “группировка” башталган. Кимдер барышы, кимдер кире тургандыгы белгилүү болуп калган. VI чакырылыш ушундай системаны алып келди. Алардын баарын эле жаман дегенден алысмын. Байкасам, биздин чакырылыштагы унчукпас депутаттар бир топ жетилиптир. Бийликтин тарабын алса да, микрофонго чыгып өзүнүн оюн айтып, бир топ алдыга жылуу бар экен. Жогорку Кеңеште эмне деген мыйзамдар кабыл алынат, абдан чоң иш жүрөт. Анын ишинен өлкөдөгү абал коз каранды. Ошондуктан, парламент - бул өзүн пиар кылып, ары-бери чуркагандардыкы эмес, ал жер башы иштегендердики.
- Азыр шайлоолордо жаштарга басым жасалып жатат. Жаш эл өкүлдөрү боюнча сиздин оюңуз?
- Мен жаштарга деле көңүлүм толбой турат. Көрдүм, жаштар барышты, күн тийген жерге барып отура калып, ар кандай интрига менен алектенип, өзүнүн эле тар чөйрөдөгү кызыкчылыгы үчүн алек болуп жүрүштү. Ушул чакырылыштан бычакка сап боло турган, өзүнүн үстүнөн иштеген, жандуу сүйлөгөн, өтүмдүү жаштарды көрө албадым. Ошондуктан, жаштарга али эртерээкпи деп ойлоп кетем. Анткени, ал жерде тажрыйбаны талап кылган өтө орчундуу маселелер каралат. Маанилүү көйгөйлөр чечилет. Талаш-тартыштар көп болот. Ал эми жаштар эрте барып алып, жалкоо болуп калабы деп кооптоном. Алардын курал болуп калышын каалабайм.