AUCA the best 2

2024-04-26

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Ольга Малекина: Косметологго окуучулар кайрыла баштады - бул трагедия

Учурда Кыргызстанда косметология болуп көрбөгөндөй өнүгүп жатат. Тилекке каршы, кыска мөөнөттүү курстарды бүтүрүп алып олуттуу кесипти аркалап жаткандар да жок эмес. Кесипкөй косметолог Ольга Малекина бул тармактын күңгөй-тескейи тууралуу айтып берди. 

- Ольга, өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз. Эмне себеп болуп косметологияны тандадыңыз?

- Мен практикалык түрдө иш алып барган дарыгер дермато-косметолог, сертификатталган косметологмун, бул тармактагы саналуу адистердин биримин. Бул иш менен алек болгонума 18 жылдай болду. КММАнын дарыгерлеринин квалификациясын жогорулатуу факультетинин базасында билим алдым жана КРСУнун дермато-венерология адистигине ээ болдум. Мунун баары күтүлбөгөн жерден болуп кетти. Мен аскер дарыгерлеринин үй-бүлөсүнөн болом. Медицина багытында билим алышым алдын ала чечилген эле. Биз үчүн мындан башка багыт жок болчу. КРСУга киргенден кийин медицина менен алектенгим келбегенин түшүндүм. Тагдырдын белеги болдубу, бир күнү мага косметология боюнча окуу курсуна жолдомо белек кылышты. 2004-жылы окууну аяктаганымда косметология анча өнүгө элек болчу. Косметолог, айрыкча, инъекция сайган адам баарына сыйкырчы сыяктуу көрүнгөн мезгил болчу. Ал кезде Бишкекте инъекция техникасы менен иштеген 10 эле киши бар эле. Окууну аяктагандан кийин бул жумуштун таза, сулуулук менен байланыштуу экендигин көрүп, бул тармакта калдым. Өнүгүүнү каалаган адис дайыма өз кесиби боюнча изденет, алдыга карай умтулат. Аракеттенип жүрүп, бул тармакта көп ийгиликтерге жете алдым. Бара-бара косметология өнүгүп, чет өлкөдө окуп жана иштөөгө мүмкүнчүлүктөр пайда болду. 

- Квалификацияны жогорулатуу, семинарларга катышуу, кошумча билим алуу маанилүүбү?

- Ар бир кесипте нюанстар болот, жашоо ордунда турбайт, билим алгандан кийин, аны дайыма өнүктүрүп туруу керек. Айрыкча азыркы мезгилде бардык жумушта практикалык гана эмес, теориялык жактан да кошумча жөндөмдөр талап кылынат. Азыр карантинге байланыштуу онлайн окутуу өнүгө баштады, башкача айтканда, биз маалымат дүйнөсүнө жакын болуп калдык. Бул да көптөгөн мүмкүнчүлүктү тартуулайт. Кандай адистик болбосун, дайыма окуп туруу талап. Ошондо гана өнүгүү болот. Адис болуу – бул ийне саюуну гана билүү дегендик эмес. Ал ийнени кантип, кимге саюуну да билүү зарыл. 

- Сиздин адистигиңиз кандай?

- Учурда мен косметологдордун же онлайн билим алган үйрөнчүк косметологдордун туура эмес жасаган ишинин кесепетинен ден соолугу оорлошуп кеткен пациенттерди карайм. Карантин учурунда олуттуу сайттардагы маалыматтар абдан жеткиликтүү болуп калды. Ал жактан каалаган адам аралыктан окуп, иштеп баштады. Тилекке каршы, сайтка катталып алып эле, косметологияны терең билбей туруп, окудум деп олуттуу процедураларды жасап калышты. Бул абдан өкүнүчтүү жана анын кесепетинен көптөгөн адамдар жабыркап калышты. 

- Бүгүнкү күндө сулуулук борборлору да, кардарлар да көп. Бул жерлердеги кызмат көрсөтүүнүн сапаты тууралуу айтып берсеңиз? Ишенсе болобу?

- Билесизби, биздин шаарда 17-20 жылдан бери бул тармакта иштеп жүргөн косметологдорду дээрлик таба албайсыз. Мындай тажрыйбасы бар адистер менен мен жеке таанышмын. Бул дарыгерлер азыр тажрыйбалуу адистер, алар косметология медицина тармагы катары эсептелген мезгилде иштеп башташкан жана албетте, аларга жок дегенде, жөнөкөй процедуралардын стадиясында ишенсе болот: тазалоо, кам көрүү, оңдоп-түзөө процедуралары. Калган бардык процедуралар сөзсүз түрдө документ түрүндө тастыкталышы керек. Клиникага келгенде ар бир адам ал жердин медициналык жана инъекциялык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө уруксат берген лицензиясын сурашы керек. Экинчиден, дарыгердин тажрыйбасына көңүл буруу кажет. Мисалы, жаш адистерде кайдагы 15 жылдык тажрыйба?

- Борборлордо кандай дарыларды колдонорун суроо керекпи?

- Бул абдан маанилүү. Бир четинен бул абдан талаш маселе. Анткени, Кыргызстандын аймагында дарыларды каттоо чектелген. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул багытта эми гана иш алып бара баштады. Себеби, суроо-талап көп болуп кетти. Адамдын саламаттыгына зыянын келтирип, кылмыш иши козголгон учурлар да көбөйө баштагандыктан, министрлик бул тармакка расмий көңүл бурбаса болбойт эле. Ден соолукка зыян келтирди дегени – бул жөн гана кашы жылып, оозу кыйшайып калды дегени эмес. Бул – көрүүнүн начарлашы, жутуунун же дем алуунун рефлектордук бузулушу. Тилекке каршы, мындай учурлар барган сайын көбөйүүдө. 

- Ольга, айтчыңызчы, косметологиялык борборлордун кардарлары көппү? 

- Бүгүнкү күндө косметологдун кызматы чоң суроо-талапка ээ. Маалымат агымынын өнүгүшү жана маалымат талаасынын кеңейиши адамда түбөлүк жаш, түбөлүк сулуу жана жылмайып турушу керек деген сезимди пайда кылат. Ошондуктан, косметолог, стоматолог, хирургдун кызматтарына болгон суроо-талап чоңойду. Мисалы, биздин кызматтарга жаштар да кайрыла баштады. 1-2 жыл мурун эле кардарларыбыз Бальзактын курагындагы аялдар болсо, азыр косметологдун кабинетине 18-20 жаштагы кыздар келе баштады. Жадагалса, мектеп окуучулары да кайрылган учурлар бар. Көп кыздарды апалары алып келишет. Кыскасы, бул көрүнүштү трагедия деп айтсам да болот. Ошондой эле, эркектер да көп келет. Эркек канчалык ийгиликтүү болсо, косметологдун кызматынан көп пайдалана баштайт. Косметологго баруу – статуска айланды. 

- Көбүнчө кайсы процедураларды жасатышат?

- Эң популярдуу процедура - бул жаш көрүнүү аракеттери. Баары сулуу көрүнгүсү келет. "Мен жакшы көрүнүшүм керек, жашыма ылайыктуу болушум керек", - дешет.  Албетте, тазалоо, кам көрүү процедуралары, аппараттык косметология - бул процедуралардын травмасыз жасалышына суроо-талап актуалдуу. Сырткы көрүнүшүн кардиналуу өзгөртүүгө баргандар көп. Көбүнчө пластикалык ыкмаларга ыкташат. Бирок, косметологдор хирургиянын кийлигишүүсүз башка жолдорун билишет: жип менен тартуу, терини толтургучтарды колдонуу. Бычак тийгизбей эле ошондой эффектти алса болот. 

- Эринди чоңойтууга болгон суроо-талап жогору болсо керек? Кызыккандар көппү?

- Эриндин көлөмүнүн чоңоюшу, эриндин формасынын өзгөрүшү, тышкы түзүлүшүнүн өзгөрүшү - мунун баары медиа жана Инстаграм алып келген мода тенденциялары. Бул процедураны жасоо тууралуу кээде энелер кыздарына сунушташат. Мунун баары социалдык тармактардын таасирлери. Эреже катары бул белгилүү инсандардын образы. Эриндер – биздин коомдун оорусу. 

- Эринди чоңойтуу ден соолукка зыян эмеспи?

- Ооба, функционалдык бузулуу менен байланышкан кыйынчылыктар болот. Косметологдун практикасында ишемия, тромбоз, ткандардын некрозу көп кездешет. Бул  узак мөөнөттүү калыбына келтирүү жана дарылоону талап кылат. Ар бир процедуранын зыяны бар. Эстетикалык зыян келтирилген учурда аны оңдоо болот, бирок ткандар өлүп калса, кесепети олуттуу болот. Мисалы, жаактын бир бөлүгүн кесүүгө туура келет. 

- Эринди чоңойтуу үчүн колдонулуучу дарылардын түрлөрү көппү? Кыргызстанда көбүнчө кайсы дарылар колдонулат? Алар канчалык деңгээлде сапаттуу?

- Кыргызстанда дүйнөдө жарыяланган бардык дарылар колдонулат, албетте буга ишениш кыйын. Дээрлик бардык дарыларды тапса болот. Европада каттоодон өткөн, Кыргызстандын каттоосун талап кылбаган сапаттуу дарылар бар. Импорттолгон дарынын сапатына жооп берген атайын компаниялар иштейт. Мындан тышкары, бул тармак Кореяда абдан өнүккөн. Биринчиден, булар бизге бир типтеги, бирдей суроо-талап менен эндемикалык жактан жакын өлкө. Бирок ички рыноктогу кореялык дары-дармектер менен экспорттолгон кореялык дары-дармектердин айырмасы бар. Мисалы, бизде эринди 1,5-2 миң сомго да жасатып алса болот. Бул албетте, абдан таң калыштуу. Процедураны жасаткан организм күчтүү болсо, күчтүү дарыларды көтөрө алат. Ал эми өнөкөт оорулары бар организм бул дарыларды өтө оор кабыл алат. 

- Эринди чоңойтуу үчүн көбүнчө кайсы дарыларды колдонууну суранышат?

- Аябай жарнамаланган Кореянын жасаган дарыларына суроо-талап көп. Тилекке каршы, бул дарыларды колдонууга Европа Биримдигинде тыюу салынган. Мисалы, Орусияда бул дармектерди колдонгон дарыгерлерге айып пул салынат. Бизде болсо эркин колдонулат. Анткени, биздин косметология эми гана өнүгүп келе жатат жана баары дарыгердин кесипкөйлүгүнөн көз каранды. - Косметологиядагы дүйнөлүк тенденциялар тууралуу айтып берсеңиз?- Дүйнөлүк практикада косметологиялык кызматтарды көбүнчө улгайган адамдар колдонушат. Алар өздөрүнүн социалдык статусун, коомдогу жана бизнес чөйрөсүндөгү аброюн сактап калуу үчүн косметологиянын кереметтерин пайдаланышат. Мисалы, Пугачёваны алалы. Көптөгөн процедуралардын эсебинен күйөөсүнөн дээрлик жаш көрүнөт. 

- Пугачёванын пластикасы башка атактуу адамдардыкына салыштырмалуу абдан сапаттуу экенин белгилегим келет. Эмне себептен?

- Өзүңүз түшүнүп турасыз да, баары каражатка байланыштуу. Пугачёваны тейлеген клиникаларда профессионалдуу адистер менен дарыгерлер гана эмес, замандын талабына жооп берген жабдыктар да бар. Булар дүйнөдөгү эң кымбат клиникалар. Алардын колунан бардык жумуш келет.  

- Пугачёванын пластикасынын баасы болжол менен канча турат, билесизби?

- Акыркы жолу жасаткан липосакция үчүн 70 миң доллар берди деп айтылып жүрөт. Салыштыруу үчүн айта турган болсок, бизде жакшы дарыгер липосакцияны 1500 миң долларга чейинки баада жасап бере алат. 

- Ар кандай процедураларды өз алдынча жасагандарга,  мисалы химиялык пилингди үйдө жасагандарга кандай карайсыз? Өзүбүзгө зыян келтирип алышыбыз мүмкүнбү?

- Албетте, муну адистин көзөмөлүндө жасаганыңыз оң.

- Айтыңызчы, биздин клиникалар жасаган ишине кепилдик береби?

- Адамдын организми - бул дайыма иштеп турган татаал система. Андыктан кепилдик берүү мүмкүн эмес. Бейтап клиникага келгенде эң эле биринчи аны менен келишим түзүлөт. Келишимде клиника дары-дармекке, анын сапатына жана адистин кесипкөйлүгү көрсөтүлөт. Клиника сиздин ден соолугуңуз үчүн жоопкерчилик алат. Күтүүсүз нерселер болуп кетсе, оорукана сизди таштап койбошу керек. Пациенттер да өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарышы керек. 

- Өзүңүздүн тажрыйбаңыз тууралуу айтып берсеңиз, косметологдордун буга чейин кетирген каталарын оңдоо үчүн сизге кайрылгандардын саны көппү?

- Өзүнүн репутациясын ойлогон клиника мыкты адистер менен иштейт. Мен косметологдорду окутуп жүргөнүм үчүн биздеги адистердин көпчүлүгү менин шакирттерим жана мен алардын кесипкөйлүгүнө жооп бере алам. Тилекке каршы, ар кандай процедуралардан жабыркагандар көп жана мага кайрылгандар да аз эмес. Алардын көпчүлүгү клиникалардан эмес, косметологияны өз алдынча үйрөнгөндөрдөн жабыр тартышат. Буга чейин уролог же гинеколог болуп иштеген дарыгерлер да косметологияга оңой кире калышууда. Алар косметология менен өздөрүнүн адистигинин ортосунда айырма аз деп ойлошот. Ал эми окууну жаңы эле бүткөндөр процедураларды болбогон акчага жасап башташат. Албетте, алар чөнтөктү толтурууну биринчи орунга коёт. Биздин элдин да экономикалык абалы жакшы болбогондуктан, арзан кызматтарга тез азгырылышат. Анын кесепетинен 2-3 эсе көп төлөп калышын ойлошпойт. Клиникаларда кандайдыр бир кыйынчылыктар пайда болсо, консультант катары мени чакырышат. Көбүнчө пациент колдонулган дарынын курамында эмне бар экенин билбейт. Маселенин баары ушундан улам келип чыгат. 

- Оорлошуулар көбүнчө кандай мүнөздө болот?

- Туура эмес берилген дары-дармектен жана эринди чоңойтуу процедураларынан улам көп учур катталат. Тажрыйбасыз адистер пациентке анатомиялык жактан туура келбеген дарыларды да берип коюшат. Бул оңой вариант – фермент сайылат. Дарынын изи калбайт, организмден сыртка чыгып кетет. Пациент акча коротуп, жыйынтык ала албаганына көңүлү чөгөт. Экинчи барбайт. Ал эми экинчиси – ботулин токсинин саюунун оорлошуу даражасына жараша болгон учурлар. Бул жерде маселе дарыгерлердин тажрыйбасыздыгы жана кардарлардын тез жыйынтык ала калайын дегенинде болот. Пациенттер көп учурда күткүсү келбейт, дароо эффект көргүсү келет. 

- Ольга, сиз өзүңүз үчүн кайсы процедураларды милдеттүү деп эсептейсиз?

- Косметикалык массаж курсу, 6-8 айда жумасына бир жолудан 5-7 процедура алуу жетиштүү. Биринчиден, бул жагымдуу процедура. Экинчиден, жакшы массажисттин арсеналында инъекция ыкмаларын алмаштыруучу массаж түрлөрү бар. Башкача айтканда, массаж кызматтарынын спектри азыр да өтө ар түрдүү, анткени ал зыян келтирбейт, реабилитацияны талап кылбайт. Бул абдан сонун. Өзүм үчүн ушундай ыкмаларды тандайм. Мен аба транспортунун кызматынан көп пайдаланганым үчүн, мезотерапияны өзүмө колдоно албайм. Себеби, дайыма адамдар менен жолугуп турам, буга байланыштуу көгөрүп жүрүү мага туура келбейт, бирок инъекциясыз процедуралар бар. Классикалык мезо - мен өзүм үчүн тандай турган эң биринчи процедура жана полилактикалык кислота же коллаген стимуляторлору менен бекемдөө. Бул өнүгүп келе жаткан тармактардын бири. Биздин  рынок бул дарылар менен жакшы тааныш эмес. Мында да ийне сайылат, бирок мында техника оңой, бир аз башкача. Денеде көгөргөн жер калбайт, реабилитацияга да убакыттын кереги жок.

- Аялдарга да, эркектерге да өздөрүн ишенимдүү жана гармонияда сезиши үчүн кандай кеңеш бере аласыз?

- Мен пациенттеримдин жана кесиптештеримдин дайыма позитивдүү маанайда болушун каалайт элем. Кандай гана кырдаал болбосун, жакшы жактарын гана көрүп, депрессияга түшпөй жана оор учурларда көңүлүңүздү түшүрбөңүз деп айтат элем. Бул өтө маанилүү. Анан, албетте, өнүгүү керек. Ар кандай куракта үйрөнө турган нерсе бар, умтула турган нерсе бар жана бул адамды стимулдаштыруучу жана колдогон негизги нерсе.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2