2025-07-05
УКМК: Коррупцияга шектелип депутат Кубанычбек Жумалиев кармалды

Коррупцияга шектелип депутат Кубанычбек Жумалиев кармалды, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
Улукбек Марипов Беларусь өкмөт башчысы Роман Головченко менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына жумушчу сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Ош облусуна заманбап аэропорт курууга Туркиядан сунуш түштү

Ош облусунда жаңы эл аралык аэропорт куруу- стратегиялык жана экономикалык чоң мааниге ээ.
Кыргыз-герман кызматташтыгын илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Кечээ, 3-февралда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын Тышкы иштер министрлигинин «Экономика жана туруктуу өнүгүү» департаментинин директору Михаель Клор-Берхтольд менен онлайн форматта жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
УКМК: Жогорку соттун төрайымына карата дагы бир кылмыш иши козголду

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.
Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-февралда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (КРУБ) төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Жалал-Абад облустук милициясынын жетекчилиги эл менен жолукту

Жалал-Абад облустук милициясынын жетекчилиги Жалал-Абад шаарынын жана Ноокен районунун эли менен жолукту. Бул туурауу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет.