2024-12-24
УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев «Белизгейт» окуясы боюнча кармалды
УКМКнын мурдагы төрагасы, 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон Абдил Сегизбаев 2016-жылы болгон «Белизгейт» окуясы боюнча кармалды. Бул боюнча Аскер проркуратурасынын маалымат кызматы билдирүү таратты.
Манасчы Дөөлөт Сыдыков Манас айылы этнокомплексин жетектейт
Манасчы Дөөлөт Сыдыков Бишкектин четиндеги Манас айылына жетекчи болот. Бул тууралуу «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Кудрет Тайчабаров билдирди.
Садыр Жапаровдун алгачкы чет өлкөлүк визити Россияга болот
Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун алгачкы чет өлкөлүк визити Россияга болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда вице-премьер-министр Равшан Сабиров маалымдады.
Япония Cоциалдык өнүгүү министрлигине грант берет
Япония Өкмөтүнүн «Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу» аталышындагы гранттык программасынын алкагында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин эки мекемеси 145 миң 191 доллар колдоо алат. Бул тууралуу министрлик кабарлады.
Өзбекстанда жарылуу болгон ЖЭБдин цехинин башчысы асынып алды
23-январда Жаңы-Ангрен жылуулук электр борборунун цехинин жетекчисинин сөөгү өз үйүндө асылган абалда табылды. Бул тууралуу Gazeta.uz басылмасы кабарлады. Маалыматты Өзбекстандын Башкы прокуратурасы да тастыктады.
Бүгүнтөн тарта өлкөгө авиатранспорт аркылуу келген КР жарандарынын ПЧР-анализи болуусу милдеттүү
2021-жылдын 23-январынан тарта өлкөгө авиатранспорт аркылуу келген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн акыркы 72 саат ичиндеги ПЧР-анализи терс чыккан маалымдамалары болушу милдеттүү.
Кыргызстанда жаңы кыргыз-корей ботаникалык бакчасы ачылат
Кыргыз-корей кызматташтыгынын алкагында Кыргызстанда ботаникалык бакча ачылат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.