2025-07-04
Мурдагы премьер Мухаммедкалый Абылгазиев эки айга камакка алынды

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Казак өкмөтү латынчадагы казак арибинин жаңы нускасын сунуштады

Казакстан өкмөтү 28-январда казак арибин латын графикасына которуу боюнча улуттук комиссиянын отурумун өткөрүп, латын алфавитинин жаңы үлгүсүн сунуштады.
Президент Садыр Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда, эл аралык уюмдардын башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Жалпы жарандык паспорттун 100 миң нускадагы биринчи партиясы февралда келүүсү күтүлүүдө

Жалпы жарандык биометрикалык паспорттун 100 миң нускадагы биринчи партиясы үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягында келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) билдирди.
Казакбаев ЖККУнун Башкы катчысы Зась менен жолукту

2021-жылдын 27-январында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун кызмат ордуна киришүүcүнө байланыштуу аземине катышуу үчүн келген Жамааттык Коопсуздук Келишим жөнүндө Уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Стансилав Зась менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Садыр Жапаров ант берип, кызматына расмий киришти

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровго Кыргыз Республикасынын президенттинин күбөлүгү, төш белги жана штандарт тапшырылды. Аны ант берүү аземинде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тапшырды.
Садыр Жапаров: Биз тарыхыбыздын жаңы этабын жаратуунун алдында турабыз

«Жаңы Кыргызстан — өткөн тарыхына сыймыктанган, бүгүнкү жашоо-турмушуна канааттанган, ал эми түп келечегине оптимизм менен караган эркин жарандардын өлкөсү болуп калууга тийиш!», — деп белгиледи Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүү аземинде.