2025-07-05
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы авиарейстердин саны өсөт

8-февралдан тарта Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы авиарейстердин саны өсөт. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Кадамжайда иштебеген сурьма шахтадан өрт чыгып, 243 кой-эчки өлгөн

Кадамжайда иштетилбеген шахтадан өрт чыгып, кесепетинен 243 кой-эчки өлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Улукбек Марипов баштаган өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Премьер-министр Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамы Жогорку Кеңеште ант беришти. Ант берүү аземине президент Садыр Жапаров катышты.
Улукбек Марипов премьер-министр болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгү менен Марипов Улукбек Асамидинович Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп дайындалды.
Парламент өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жана программасын колдоду

Бүгүн, 3-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын премьер-министрлик кызмат ордуна сунушталган Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы каралып, жыйынтыгында тиешелүү токтомдор кабыл алынды.
Байден Трамптын мигранттарга байланышкан жарлыктарын жокко чыгарды

АКШ президенти Жо Байден өлкөнүн миграциялык саясат сферасына байланышкан 3 жарлык кабыл алды. Буйруктардын бири: «АКШ менен Мексиканын чек арасында балдарынан бөлүнүп калган мыйзамсыз мигранттарды үй-бүлөсү менен табыштыруу жөнүндө».
Ош шаарынын Салиева көчөсү толугу менен оңдолот

Күн мурун, 2-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тийиштүү жетекчилер менен билгеликте Манас-Ата (ХБК) кичи районунда Салиева көчөсүн жана көп кабаттуу үйлөрдүн айланысын санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча комплекстүү иш-чаралардын жүрүшү менен таанышты.