2025-05-11
Бишкекте 1-марттан тартып бардык мектептер жана бала бакчалар ачылат

Бишкекте 1-марттан баштап бардык мектептер жана бала бакчалар ачылат, бирок коронавирус жуктургандардын жаңы учуру ушул динамикада сакталганда гана. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин жыйынында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
Президент Садыр Жапаров премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-февралда, өлкө премьер-министри Улукбек Марипов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Коронавирус пандемиясы шартында кыргызстандыктардын чет өлкөлөргө чыгуу талаптары жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чет мамлекеттердин COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү чараларын эске алуу менен киргизген талаптары жөнүндө маалымат берди.
Кыргызстан менен Кореянын соода-экономикалык жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

2021-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Кореянын Жабыш Каптамалар Ассоциациясынын төрагасы Ли Инь Ёнг жана «Vision K» компаниясынын президенти Джо Джонг Вон менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Кореядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Бүгүндөн тарта Кыргызстандан Орусияга авиакаттамдар көбөйөт

Бүгүн, 8-февралдан тарта Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы авиакаттамдар көбөйтүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жакын арада Кыргызстанга Түркиядан 5 мобилдүү клиника келет

Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкардагы “Optima Technic” заводуна барышты.
Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.