AUCA the best 2

2025-12-25

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

АЙБЕК ЖАНГАЗИЕВ бизнес-тренинг өтө баштады

Ийгиликтүү жеке ишкер, бизнес башкаруучу, Smart Invest жана Bellagio Group'тун өнөктөшү, маркетинг боюнча адис Айбек Жангазиевдин дебюттук бизнес-тренинги ийгиликтүү өттү. Ишкердин насаатын укканы 100гө жакын киши келди. 

Дебюттук бизнес-тренинг "Өз бизнесиңди өнүктүр!" деген аталышта болду. Айбек Жангазиев алгач жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп, ишкерликтин күнгөй-тескейи тууралуу кеп кылды. 

"Бизнесте бир калыпта иштөө деген түшүнүк жок. Сен же көтөрүлөсүң, же төмөндөйсүң. Эсиңиздерде болсун, бизнесте так эрежелер жок. Жалпы бир система болушу мүмкүн, бирок бул ишкерлик күтүлбөгөн сюрприздерге бай болот. Ошондуктан, бизнес адамдын көрөгөчтүгүн талап кылат", - дейт Жангазиев. 

Андан соң, ишкерликтеги эскирген жана жаңы багыттар жөнүндө айтып берди. Бизнес-тренингдин катышуучулары менен бир катар татаал суроолорго жооп издешти. Келгендер да активдүү катышып, баары жакшы идеяларды алганын билдиришти. 

Эскерте кетсек, Айбек Жангазиев Кыргызстандагы ийгиликтүү ишкерлердин бири. Ал кийим-кече сатуу, хорека тармактарында аттын кашкасындай таанымал. 

 

Интервью

 

Жаңылыктар

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2