2025-07-05
Кытай Кыргызстанга COVID-19га каршы акысыз вакцина берет

Кытай биринчилерден болуп Кыргызстанга COVID-19га каршы кытай вакцинасын бекер берет. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь кечээ, 5-февралда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Коронавируска даярдык боюнча 18 кылмыш иши тергелип жатат

Коронавируска даярдык боюнча 18 кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Кытай Элдик Республикасынын Кыргызстандагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь КР Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолукту. Бул тууралуу КЭРдин КРдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Өлкөдө 7-февралда эртең менен, күндүз жана 8-10-февралда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Зулушев: Прокуратура каралоочу орган болуп калбашы керек

Прокуратура каралоочу орган болуп калбашыбыз керек, - деп билдирди бүгүн башкы прокурор Курманкул Зулушев коллегиялык жыйында.
Улукбек Марипов Өзбекстандын премьери Абдулла Арипов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыдоо бөлүмүнөн билдиришти.
Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычы боюнча түшүндүрмө

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Мариповдун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы жыйынында Төрткүл суу сактагычы тууралуу билдирүүсүнө тийиштүү өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.