2025-07-04
Айжан Чыныбаева: Эл-жер үчүн өмүрүн бергендер түбөлүккө жүрөгүбүздө сакталат!

Бүгүн, Дайыр Асанов атындагы сейил багында Ленинград блокадасы курчоодон бошотулганынын 77 жылдыгына карата эскерүү жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Бишкектеги Ош базарынын аймагы иретке келтирилет

Ленин акимиатынын жыйындар залында башчынын биринчи орун басары Алтынбек Маматовдун төралыгы алдында Ош базарынын жана райондун аймагында көмүскө жайларды аныктоо жана аларды токтотуу, коомдук тартипти сактоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстандыктардын Түркиянын ооруканаларында дарылануу маселеси талкууланды

2021-жылдын 25-январында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Азиз Ахмет Сурел менен жолугушту.
Новиков: Ойлонууга убакыт жок, жакында жазгы-талаа иштери башталат

Жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө даярдык көрүү жыл сайын бирдей шаблон боюнча өткөрүлбөшү керек. Дүйнө жүзү боюнча айыл чарба тармагы иштөөнүн жаңы шарттарына, инновацияларды ишке киргизүүгө, жогорку кирешелүү өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга өтүүдө. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков жазгы талаа иштерине даярдык көрүү маселесин талкуулоо боюнча кеңешмеде билдирди.
Кытайдын университеттик спорт федерациясы магистрдик стипендияларды сунуштайт

Кытайдын университеттик спорт федерациясы (FUSC) Кытайда 2021-2022-окуу жылына магистрдик стипендия алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Бул тууралуу КР Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Мухаммедкалый Абылгазиев кармалды

Мыйзамсыз баюу фактысына байланыштуу экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирет.
Латвия Кыргызстанга 2021-2022-окуу жылына карата стипендия бөлдү

Латвия менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуу боюнча эки тараптуу келишимге ылайык, Латвия тарабынан 2021-2022-окуу жылына карата стипендия бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.