Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) 2021-жылдагы тизмесине Кыргызстандан 17 калыс кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.
2025-07-04
Ишкер Умар Мухаммедов Кытайдын карызын төлөөгө 10 миллион сом берди

Кыргызстандык тышкы карызды төлөө үчүн Финансы министрлиги тарабынан ачылган атайын эсепке 10 млн сом которду. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Өкмөттө бажы инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков бажы инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Кыргызстанда 85,5 миң баланын ата-энеси миграцияда

2020-жылы үймө-үй кыдыруунун жыйынтыгы боюнча ата-энеси миграцияда жүргөн 85 миң 459 бала аныкталган. Бул тууралуу парламенттин жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова билдирди.
Бүгүн АКШнын 46-президенти Joe Biden ант берет

Бүгүн, 20-январда АКШнын президенти болуп шайланган Жо Байдендин инаугурациясы өтөт. Ал 3-ноябрда өткөн шайлоодо жеңишке жеткен.
Россия Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн гумжардамын жиберди

2021-жылдын 15-январында Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамзаттын бакубатчылыгы чөйрөсүнө көзөмөл боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) тарабынан COVID-19 коронавирус инфекциясын лабораториялык диагностикалоого 20 миң изилдөө жүргүзүү реагентти алынганын билдирет.
Финпол: Өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын ыйгарып алуу фактысы аныкталды

Өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын ыйгарып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан (Финпол) билдиришти.